Талас мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору Дүйшөн Шаматов
ТалМУнун окутуучуларына семинар өттү

Белгилүү педагог, эл аралык деңгээлдеги эксперт, Phd доктор, Назарбаев университетинин профессору, Талас мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору Дүйшөн Шаматов ТалМУнун окутуучуларына семинар өттү. Анда окутуунун жаңы усулдары, билимди өздөштүрүү жана баалоо, изилдөө ыкмалары боюнча маалыматтар дисскуссиялык формада берилип, диллемалык маселелерди кеңешип туура чечүү, бири-биринин пикирин сыйлоо, командалык духта иш алып баруу принциптеринин маанилүүлүгү белгиленди. Семинар абдан кызыктуу өтүп, катышуучулар жаңы билимдерди өздөштүрүшүп, Дүйшөн агайга ыраазычылыктарын билдиришти. Андан кийин ТалМУнун К.Кеңешбеков атындагы тарыхый-этнографиялык музейи менен таанышып, окуу жайга ийгиликтерди каалады.

Прокрутить вверх