ТалМУда бизнес-инкубатор ачылды

Бүгүн 31 мамлекеттик жогорку окуу жайында бизнес-инкубаторлор ачылды. Салтанаттуу ачылышта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаров, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиев куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, жогорку окуу жайларында бизнес-инкубаторлордун ачылышы студенттердин чыгармачыл жөндөмдөрүн өнүктүрүп, креативдүү экономиканын өсүшүнө өбөлгө болорун баса белгилешти. Андан кийин бардык окуу жайларда бир убакта кызыл ленталар салтанаттуу маанайда кесилди. ТалМУнун бизнес-инкубаторунда окутуучулар каалоолорун айтышып, саамалык иретинде студенттердин 5 стартап иштерине күбө болушту. Окуу жайдын жетекчилиги студенттердин инновациялык идеяларын иш жүзүнө ашырууга чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн, дагы көптөгөн идеялар чыгарына ишеним артышарын белгилеп, аксакал агайлар бизнес-инкубатордун ишине ийгилик каалашып, ак баталарын беришти.

Прокрутить вверх