ТалМУда магистратура бөлүмү ачылды.

ТалМУда магистратура бөлүмү ачылды. Аны ачуу үчүн алгы сөз университеттин ректору А.Ш.Упеновго берилип, жогорку билим берүү системасында бакалавр программасынан кийин магистратурада билимин улантууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн, үзгүлтүксүз билим берүү системасын түзүү заманбап жогорку окуу жайынын талаптары экендигин жана бул багытта иштер улана берерин баса белгиледи. Университеттин аксакалдар кеңешинин төрагасы А.Б.Барпыбеков магистратура бөлүмү менен магистранттарга ийгилик каалап, ак батасын берди. Андан кийин окуу жана илимий иштер боюнча проректор С.С.Жумалиев магистратура бөлүмүнүн уюштуруу маселелерине токтолуп, магистратура бөлүмүн жетектеген К.А.Стамалиева окуу процессинин уюштурулуш тартибин айтып өттү. Куттуктоо сөз педагогика илимдеринин докторлору Ш.Ж.Курманкулов менен А.Ж.Ажибаевага, философия илимдеринин кандидаты М.М.Калманбетовго, мамлекеттик тил проректору К.Т.Жунусалиевага берилип, алар магистратура бөлүмүнө ийгиликтерди каалашты. Экинчи бөлүктө магистратура бөлүмүнүн салтанаттуу ачылышы кызыл лентаны кесүү менен уланып, келген коноктор тарабынан ак дилден каалоо-тилектер айтылып, аксакалдар баталарын беришти. Магистранттар менен киришүү сабактары өтүлдү.

Прокрутить вверх