Кесиптик орто билим берүү бөлүмүндө «Көгүлтүр от» кечеси өткөрүлдү

ТалМУнун алдындагы Кесиптик орто билим берүү бөлүмү университеттин жыйындар залында 27.12.21 «Көгүлтүр от» кечесин өткөрдү. Алгач, КОБББнын директору, педагогика илимдеринин доктору А. Ж. Ажибаева сөз сүйлөп, студенттердин 2020-2021-окуу жылындагы жетишкендиктерине токтолуп, келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, билим жагынан алдыңкы жана маданий иштерде активдүү катышкан студенттерди окуу жайдын Ардак грамоталары менен сыйлады. Кече студенттер тарабынан даярдалган обондуу ырлар, кыздардын бийи, аспаптагы жеке номерлер менен уланды. Бүгүнкү күн залда отурган көрүүчүлөр үчүн жаңы жылдык эң жакшы маанай болуп бере алды.

Прокрутить вверх