ТалМУнун студенттик парламентинин демилгеси менен кайрымдуулук акциясы уюштурулду

3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө карата 2-декабрда К.Медетбеков атындагы облустук драмтеатрында ТалМУнун студенттик парламентинин демилгеси менен кайрымдуулук акциясы уюштурулду. Акцияга ТалМУнун профессордук-окутуучулар жамааты жана жалпы студенттер катышышты.

Уюштуруунун негизги максаты: шаарыбыздагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жакындан жардам берүү.

ТалМУнун таланттуу студент жаштары чоң программадагы маданий программа даярдашып, көңүл көтөргөн концерт тартуулашты. Чакырылган балдарга таттуулар таратылып, акцияда чогултулган жардамды шаарыбыздагы реабилитациялык борборлорго бөлүштүрулдү.

Андан соң «Кыргыздын уул-кыздары кызыл нурдай таңдагы, арналат ак дилден салттуу ыр майрамы» аттуу биздин университеттин таланттуу студенттеринин чоң программадагы концертин тартууладык. Башканы коюп Манасты айт демекчи, улуу «Манас» дастанынан баштап, кыргыз жерин даңазалаган ырлар менен коштодук. Көрүүчүлөрдүн көңүлүнө төп келгендей болду. Баары ыр майрамынан рахат алышты. Рахмат айтышты. Кубатташты. Кубанышты. Студенттерибиз чоң сахнада өнөрлөрүн өтө көркөмдүү кылып аткарышты. Азаматсыңар студент ДОСТОРУМ!!!

Прокрутить вверх