ТалМУнун 2 студенти президенттик стипендияга татышты

2021-жылдын 14-декабрында президенттик стипендияны тапшыруу аземи болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров республикабыздын ЖОЖдорунан келген эң мыкты студенттерге Кыргыз Республикасынын Президентинин Алкышы менен стипендияны тапшырды. Президенттик стипендияга Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинин орус тили жана адабияты адистигинин студенти Усайырова Чолпонай жана табият таануу-педагогика факультетинин башталгыч класстарга билим берүү адистигинин студенти Мамбет кызы Айназик татыктуу болушту. Президенттик стипендианттарды чын жүрөктөн куттуктап, окууда, илимий жана коомдук иштерде чоң ийгиликтерди багындыра беришине тилектешпиз!

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх