4-декабрь «Манас» эпосунун күнү

2013-жылдын 4-декабрында «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги ЮНЕСКОнун «Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын» тизмесине кирген. Ушундан улам 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь «Манас» эпосунун күнү деп жарыяланып, жыл сайын белгиленет.

Бул күндү утурлай ТалМУнун гуманитардык факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары манасчылар менен жолугушуу уюштурушту.

Жолугушууну ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, ф.и.к, доцент К.Т.Жунусалиева ачып, бул күндүн тарыхы тууралуу кыскача маалымат берип куттуктоо менен, өткөрүлүп жаткан иш-чарага ийгиликтерди каалады.

Кафедра башчысы ф.и.к, доцент манас таануучу Т.К.Айталиева эпос тууралуу кызыктуу фактыларды, маалыматтарды манас айтуучулук өнөрү жөнүндө студенттерге айтуу менен , кеченин коноктору манасчы К.Мамадалиев менен тааныштырды.

«Башканы коюп, Манасты айт»- демекчи тарых адистигинин студенти Уран Молдошевдин айтуусу менен кече башталды.

Студенттер бир нече кызыккан суроолорун беришип, кызыктуу жооп ала алышты.

Манас биздин элге берилген кут, касиет, Манас ыйык деген түшүнүк ар бирибиздин жүрөгүбүздө, каныбызда жашайт. Ал кан аркылуу келет. Манас айтуунун сырлары менен бөлүшүп,эпостон үзүндү тартуулады.

Аягында устаты, агайы У. Эсенаманов менен эпостон алым сабак айтышып, катышуучулардын көңүлүн көтөрдү.

Факультеттин деканы т.и.к.доцент Ж.К.Абдиева келген конокторго,уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип куттуктоо менен жыйынтыктады.

Прокрутить вверх