IT КЕСИБИНИН ЭЛ АРАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ СЕРТИФИКАТЫНА ЭЭ БОЛУШТУ

Талас мамлекеттик университетинин технология-экономикалык факультетиндеги «Информациялык системалар жана технологиялар» адистигинде окуган студенттерди январь айынан баштап Россия мамлекетинин Москва шаарынан келген iFellow компаниясы IT-технологиясы боюнча кыска мөөнөттүү 2 айлык «ПРОГРАММАЛЫК КАМСЫЗДООНУ ТЕСТИРЛӨӨ» («Тестирование прграммного обеспечения») курсун гибриддик формада окутуп бүтүштү. iFellow компаниясы тарабынан атайын тандалып алынган 15 студенттен 11 студент ийгиликтүү аяктап, аталган компаниянын IT КЕСИБИНИН ЭЛ АРАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ СЕРТИФИКАТЫНА ээ болушту. Алдыңкы жогорку баллга ээ болгон эки студент Амангелдиев Эмиржан жана Муратов Арген iFellow компаниясына чакырылып, ишке кабыл ала турганын, компаниянын сапат директору Олег Гринин өз сөзүндө белгилеп кетти.
Атай кетсек, «Альянс Алтын» компаниясы менен Россия мамлекетинин iFellow компаниясынын долбоорунун алкагында келишим түзүлүп, Талас областындагы IT-тармагы боюнча пилоттук программасы студенттердин кесиптик билимин жогорулатууга, тереңдетип окутууга жана келечектеги компетенттүү IT-адистерин даярдоого көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган. Тандалып алынган 15 студенттин окуу каржылары «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып берилди.

Курсту уюштуруп берген «Альянс Алтын» компаниясына, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондуна жана iFellow компаниясынын окуткан мугалимдерине университет тарабынан ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

Ал эми курсту ийгиликтүү аяктап, ЭЛ АРАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ IT-КЕСИБИНЕ ээ болгон студенттерибизди куттуктайбыз жана окууларына албан ийгиликтерди каалап, келечектин талабына жооп берген кесип ээлери болушуна тилектешбиз!

Прокрутить вверх