Табигый-илимий, техникалык жана коомдук дисциплиналары боюнча мамлекеттик тилде сабак өткөн мыкты лектор сынагынын жобосу
- Жалпы жобо
1.1. Сынак ТалМУнун табигый-илимий, техникалык жана коомдук дисциплиналар боюнча мамлекеттик тилде сабак өткөн окутуучулардын ортосунда жүргүзүлөт;
1.2. Конкурстун максаты — жогорку билим беруу баскычында окутуунун тили катары мамлекеттик тилдин колдонулушун кенейтуу максатында ТалМУда жана
кесиптик орто билим беруу белумунде филологиялык эмес дисциплиналар боюнча (табигый-илимий, техникалык, коомдук) кыргыз тилинде сабак өткөн
мыкты лекторлор учун кошумча моралдык жана материалдык кызыктырууну кездейт.
1.3. Жобо ТалМУнун ректору тарабынан бекитилет.
- Сынакты еткеруунун тартиби
2.1. Сынак эки баскыч боюнча өтөт:
1). Университеттин мыкты лекторлорун аныктоо (1,2,3-орун);
2). Кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн мыкты лекторлорун аныктоо (1,2,3-орун).
2.2. Биринчи, экинчи баскычта мамлекеттик тилде сабак өткөн окутуучулардын иштери окуу жылы боюнча эки критерий менен бааланат:
- “Мыкты лектор студенттин кезу менен” анкетасы аркылуу бааланат (анкеталык сурамжылоо жургузулуп, комиссияга берилет);
- Мыкты лектордун окуу жылындагы мамлекеттик тил боюнча ишмердүүлүгүнө, жетишкендиктерине карата бааланат (ректордун буйругу менен тузулген атайын комиссия тарабынан).
2.3. Кыргыз тилинде сабак өткөн мыкты лектор төмөндөгү критерийлер менен
аныкталат:
- “Мыкты лектор студенттин кезу менен” анкетасыиын жыйынтыгынын упайы;
- Окутуучунун мамлекеттик тил боюнча ишмердуулугунун, жетишкендиктеринин жыйынтык упайы кошулуп, кеп упай алышы боюнча орундар аныкталат.
- Окутуучунун мамлекеттик тил боюнча ишмердүүлүгүнүн жетишкендиктерин баалоо критерийлери:
3.1. Окуу-усулдук комплексинин мамлекеттик тилде түзүлүшү — 5, 7, 9
3.2. Лекциялык материалдардын мамлекеттик тилде жазылуу деңгээли — 10, 15, 20
3.3. Лекциялык материалдарынын мамлекеттик тилдеги электрондук варианты (мазмуну толук, толук эмес) — 5, 10
3.4. Лекциялык материалдарынын мамлекеттик тилде электрондук ресурстарга (электрондук китеп, китепкана, интернет) жайгаштырылышы — 10, 15, 20
3.5. Өтүп жаткан предмет боюнча мамлекеттик тилде чыгарган окуу китеби — 30
3.6. Өтүп жаткан предмет боюнча мамлекеттик тилде чыгарган окуу куралы — 25
3.7. Өтүп жаткан предмет боюнча мамлекеттик тилде чыгарган окуу-усулдук көрсөтмөсү — 20
3.8. Өтүп жаткан предмет боюнча башка тилден өзү которуп басмадан чыгарган окуу китеби — 25
3.9. Өтүп жаткан предмет боюнча башка тилден өзү которуп, басмадан чыгарылбай окуу процессинде колдонулушу — 15
З.10. Окуу процессинде дидактикалык көрсөтмө куралдарды, кошумча техникалык каражаттарды колдонуу деңгээли — 5, 7, 9
З.11. Сабакта студенттердин лектор тарабынан өтүлгөн материалды, теманы кабылдоо, тупгунуу деңгээли — 5, 7, 9
3.12. Мамлекеттик тилде сабак өтүү деңгээли — 6, 8, 10
3.13. Практикалык, лабораториялык сабактардын тапшырмаларынын мамлекеттик тилде жазылышы — 10
3.14. Лектор тарабынан окуу бөлмөсүнүн, лабораториясын мамлекеттик тилде жасалгалоо иши (иш жузундегу тастыктамасынын негизинде) — 30
3.15. Кыргызтест системасы тест тапшыруунун децгээлдик баскычы жана анын жыйынтыгы — А1 — 5, А2 — 8, В1 — 10, В2 — 15, С1 — 20, С2 — 25.
- Финансылык каржылоо
4.1. Сынакты финансылык каржылоо ТалМУнун ички бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт;
4.2. Бул сынактын сыйлыгы — ТалМУнун ардак грамотасы жана акчалай сыйлык.
- Уюштуруу тобу
5.1. Мамлекеттик тилде сабак өткөн мыкты лектор сынагы боюнча ТалМУнун биринчилигин уюштуруу, өткөрүү жана анын жыйынтыгын чыгаруу мамлекеттик тил боюнча проректору тарабынан жүргүзүлөт.
5.2. Уюштуруу тобунун курамына 1-этапта: ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, окуу бөлүмүнөн жана тиешелуу түзүмдүк бөлүмдөрдөн жана студенттик парламенттен өкүлдөр кирет.
- Сынактын жыйынтыгын чыгаруу
6.1. Сынактын жыйынтыгын атайын түзүлгөн комиссия окуу жылынын аягында чыгарат;
6.2. Сынактын женуучулеру эн кеп упай топтогонуна карата аныкталат.
6.3. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо:
1-орун — ТалМУнун ардак грамотасы, акчалай сыйлык;
2-орун — ТалМУнун ардак грамотасы, акчалай сыйлык;
3-орун — ТалМУнун ардак грамотасы, акчалай сыйлык.
6.4. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар 23-сентябрь Мамлекеттик тил кунунде салтанаттуу түрдө тапшырылат.