ТалМУнун эл аралык илимий-практикалык конференциясы
Саламатсыздарбы, урматтуу коллегалар!
III. Эл аралык Түрк Дүйнөсүнүн Илим жана Инженердик Конгресси TURK-COSE 2021 , Кыргыз-Түрк Манас университети, Л.Н. Гумилев атындагы Евразия Улуттук Университети (ЕУУ) – Казакстан жана Нийде Өмер Халисдемир Университети (НӨХУ) – Түркия тарабынан онлайнформатында уюштурулат.
Тиркемедеги чакыруу катты баардык Конгресске катышууну каалагандар менен бөлүшүп коюшуңуздарды суранабыз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ!
Аралаш окутуу_ буйрук
Аралаш окутуунун алгоритми
Акыркы жанылыктар
Нооруз — 2021! ТалМУда Нооруз майрамы белгиленди.
2021-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Талас башкармалыгы Талас мамлекттик университетинин экономика багытында билим алып жаткан жогорку курстардын студенттери үчүн “Ачык эшик” күнүн өткөрдү.
Аталган жолугушуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2021-жылдагы 3-февралындагы №16б буйругун «2021-жылга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ишине карата калктын ишеним индексинин коэффицентин жогорулатуу боюнча укуктук пропагандалоо иш- чараларынын планы» аткаруу максатында уюштурулду. Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Талас башкармалыгынын кызматкерлери: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Талас башкармалыгынын казына бөлүмүнүн башчысы А.Э.Бейшеналиев;Финансы министрлигинин Талас башкармалыгынын башкы адистери Н.Т.Курманбекова жана А.К.Аманова студенттерге казыналык системасынын өнүгүшү, Бирдиктүү казыналык эсептин иштөөсү, программалык бюджеттештирүү, жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу, түрткү берүүчү гранттар, ошондой эле Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алуулар системасынын өнүгүшү тууралуу айтып, Бирдиктүү казыналык эсептин базасы менен тааныштырышты. Иш-чара финансы чөйрөсүнүн болочоктогу адистерин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ишмердүүлүгү менен тааныштыруу аркылуу келечектеги финансы тармагында эмгектене турган адистерди кызыктыруу максатында жыл сайын өткөрүлмөкчү. Аталган иш- чарага Технологиялык-экономикалык факультетинин деканы п.и.к. доцент А.О.Курманалиева,экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучусу Э.М.Арыкбаева жана факультеттин бүтүрүүчү курсунун студенттери катышышты.
Талас мамлекеттик университетинин алдындагы К.Кеңешбеков атындагы тарыхый-этнографиялык музей күндөн-күнгө баалуу эскпонаттар менен толукталууда.10-мартта тарых адистигинин аралыктан окутуу бөлүмүнүн студенти Молдошев Уран дагы музейге өз салымын кошуп, болжол менен 13-17 кк.тишелүү керамика чыны жана тыйын тапшырды.Патриот студентибиз Уранга ыраазычылык билдиребиз!!!11.03.21.Талас ш.
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Талас облустук окулчулугунун жыйындар залында Аксакалдар кенешинин төрагасы М.Мамбеталиевдин «Каркыралар кайда учуп кеттинер» аттуу китеби ТалМУнун эн мыкты студенттерине белек катары берилди.Жолугушууга окуу жайдын декандары,директор, студенттер катышышты.Алгач жолугушууну Талас облустук ыйгарым укуктуу окулунун орун басары К.Б.Жанузакова ачып , келечек ээлери болгон студенттерге каалоо тилектерин айтып созду авторго берди.М.Мамбеталиев агай китептин жазылыш тарыхы,мааниси,мазмуну тууралуу соз кылды.Сонунда ТалМУнун профессордук-окутуучулар ,ректораттын атынан уюштуруучуларга ыраазычылык билдирилип, иштериндеги ийгиликтерди каалашты.
3.03.21.ТалМУнун табият таануу кафедрасы «биология» адистигинин 1-2-3-4- курстарынын ата-энелери жана ТалМУнун бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу өткөрдү.
3.03.21.ТалМУнун табият таануу кафедрасы «биология» адистигинин 1-2-3-4- курстарынын ата-энелери жана ТалМУнун бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу өткөрүп, онлайн, офлайн окуу процессинин жүрүшү, коронавирус илдетинин жайылышын алдын-алуу үчүн санитардык талаптарды сактоо жана кышкы сессиянын жыйынтыгы, катышуу,контракт маселеси, адистиктин аккредитациядан өтүүгө даярдыгы, аккредитациянын талаптары туурасында маалыматты кафедра башчысы б.и.к., доцент Ташибекова З.М. берди. Жыйындын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр ТалМУнун астындагы КОБББ окутуучусу Алымбаева Н. К., Р. Рысакова ат #2 орто мектебинин биолог мугалими Бондаренко Е.А., «Билимкана» мектебинин биолог мугалими Омурканова Г.С., Талас райондук,шаардык БББ жетектөөчү адиси Көчөрбаев А.К., Исраилов А.К. Талас райондук, шаардык БББ усулчусу, Темир у Беккул ,»БИО»kg окф мобилизатор, чет тилдер лицейинин географ мугалими Жекшенбеков А., Талас р. А.Нуржанов ат. орто мектебинин географ мугалими Кеңешбекова А.С., Кайрат к Э сөз берилди, ата-энелердин суроолоруна кафедра башчысы жана окутуучулар тарабынан жооптор берилип, маалымдалды.Жыйынтыгында ата-энелер, бүтүрүүчүлөр тарабынан анкеталар толтурулду.
Бүгүн ТалМУнун администрациясы жана кесиптик кошууну 8-Март Аялдардын эл аралык майрамына карата окуу жайдын эжекелери арасында волейбол боюнча турнир уюштурду. Университеттин ректору А.Ш.Упенов, окуу жана илимий иштер боюнча проректору С.С.Жумалиев, кесиптик кошуундун төрагасы Э.А.Абдырайымов, табият таануу жана педагогика факультетинин деканы З.Т.Койчуманов куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, айымдарды келе жаткан майрамдары менен куттукташып, оюнчуларга ийгилик каалашты. Башкы калыс А.Абдраимов оюн айлампа түрүндө өтөрүн, жеңүүчүлөргө кубок жана акчалай сыйлыктар ыйгарыларын белгиледи.
Бүгүн Талас мамлекеттик университети, Кыргыз-Өзбек университети жана С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети менен биргеликте «жогорку окуу жайларда аралаш (гибриддик) билим берүүнүн кээ бир маселелери» аттуу окуу-усулдук кеңешме өткөрүлдү. Кеңешмеде аралаш билим берүү процесси, шарттары, көйгөйлөрү боюнча маселелер каралып, бул жааттагы жетишилген тажрыйбалар алмашылды. Аталган үч окуу жайдын окуу иштери боюнча проректорлору доцент Т.Э.Исаков, профессор С.С.Жумалиев, профессор Н.А.Чоробаева аралаш окутуу маселелери баяндама жасашып, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти. Андан кийин талкуу жүрүп, сунуштар айтылды. Соңунда мындай биргелешкен иш-чаралардын масштабын кеңейтүү боюнча сунуштар берилди.
Эр жигит сыймыктанат эли менен, эн кымбат Ата-журттун деми менен!
Бүгүн Талас мамлекеттик университети, Н.Исанов атындагы КМКТАУ,Кыргыз-Өзбек университети,Кыргыз-Түрк Манас университеттери биргеликте 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата «Эне тилим-жан дүйнөмдүн азыгы» аттуу темада тегерек стол өткөрүштү.
Бүгүн Талас мамлекеттик университети, Н.Исанов атындагы КМКТАУ,Кыргыз-Өзбек университети,Кыргыз-Түрк Манас университеттери биргеликте 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата «Эне тилим-жан дүйнөмдүн азыгы» аттуу темада тегерек стол өткөрүштү.Тегерек стол окумуштуулардын ой бөлүшүүсү менен кызыктуу өттү.Кадырлуу коноктору КТМУнун ага окутуучусу,ф.и.к. Э.Төлөкова,Н.Исанов атындагы КМКТАУнун С.Жусуев атындагы мамлекеттик тил борборунун башчысы,ф.и.к.доцент К.Жумакадырова,КӨУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын ага окутуучусу,ф.и.к.С.Жусуевалар болушту.Иш-чараны ачып берүү үчүн куттуктоо сөз ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору,ф.и.к.,доцент К.Т.Жунусалиевага,гуманитардык факультеттин деканы т.и.к.,доцент Ж.КАбдиевага берилди.Тегерек столдо эне тилди сактоо,өнүктүрүү боюнча олуттуу пикирлер айтылып,ой бөлүшүү абдан кызыктуу маанайда өттү.Кылым карыткан кыргыз тилибиз мындан ары өнүгө бере турганына ишеничибиз артты.Бар бол,эне тилибиз,кыргыз тили!!!
ТалМУнун алдындагы КОБББнын табигый дисциплиналар секциясынын «дене тарбия» адистигинин КФ-1-18 тайпасынын куратору Н.Д. Мураталиева студенттер менен «Биз коррупцияга каршыбыз» деген темада куратордук саат өттү.
ТалМУнун алдындагы КОБББнын табигый дисциплиналар секциясынын «дене тарбия» адистигинин КФ-1-18 тайпасынын куратору Н.Д. Мураталиева студенттер менен «Биз коррупцияга каршыбыз» деген темада куратордук саат өттү. Теманын тегерегинде студенттер менен бирге суроо-жооп уюштуруп. маалыматты кенен ачып берүү максатында атайын даярдалган видео-слайд да көрсөттү. Маалымат баарына жеткиликтүү жана кызыктуу фактылар менен даярдалгандыктан, студенттер активдүү катышып беришти.
Университетте коррупцияга каршы күрөшүүдө алдын ала жүргүзүлүүчү иш-чаралар багытында тегерек столдогу маектешуу болуп өттү.
Уважаемые коллеги!
»»»
Уважаемые коллеги,
»»»
УВАЖАЕМЫЕ ПРЕПОДАВАТЕЛИ, ДОКТОРАНТЫ, МАГИСТРАНТЫ, СТУДЕНТЫ!
»»»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ BEPYY ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ БАЛДАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ИНЖЕНЕРДИК-ТЕХНИКАЛЫК«АЛТЫН ТУЙУН» АКАДЕМИЯСЫ
»»»
Информационное письмо
»»»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТИРЛИГИ
»»»
ТалМУда кыргыз элинин белгилүү окумуштуусу К.Карасаевдин 120 жылдыгына арналган «К.Карасаев — кыргыздын залкар окумуштуусу» деген темада конференция болуп өттү. https://www.facebook.com/photo/?fbid=913426979429938&set=pcb.913427386096564&__cft__[0]=AZUtx-J1QJT2wLKhIfTeoJDrct7OZZ6T6I2THPzSU6sR1OuMmqVmSOXQQrX-I3qW4C0h6Uv3B7qRlGaXHGVJgHMxt9IoZQjohTyRzDVjNsIwY2Y4sxBeTcArYPJoWa1il0Y&__tn__=*bH-R
Университет жөнүндө
Талас мамлекеттик университети (ТалМУ) Кыргыз Республикасынын Президентинин 25.07.2000-ж. №189 буйругунун жана КР Өкмөтүнүн 04.09.2000-ж. №546 токтомунун негизинде И.Арабаев атындагы КМПУнун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун, КМКТАУнун (КГУСТА), К.И.Скрябин атындагы КУАУнун Таластагы филиалдарынын жана Талас айыл чарба техникумунун базасында уюшулган. ТалМУ юридикалык субъект катары юстиция органдарында 7.02.2000-ж. каттоодон өткөн.
статусу: Мамлекеттик жогорку окуу жайы
түзүүчүсү (учредитель): КРнын Билим берүү жана илим министрлиги
каржылануусу: Республикалык бюджеттин, контракттык негизде билим алган студенттердин төлөмдөрү, чарбалык ишмердиктен түшкөн кирешелер,
демөөрчүлүк жардамдар.
Учурда университеттин структурасына 3 факультет, аралыктан билим берүү технологиялар борбору (ЦДОТ) жана кесиптик орто билим берүү бөлүмү кирет.
2017-2018-окуу жылында университетте жалпы 125 окутуучу эмгектенүүдө. Алардын катарында:
-штаттагы илимдин докторлору — 3
-штаттагы илимдин кандидаттары — 37
Штаттагы окумуштуулук даражалуу окутуучулардын штаттагы окутуучулардын жалпы санына болгон пайыздык катышы 42% түзөт.
Толук маалымат