«З Бектенов — илимпоз, жазуучу, котормочу, манас таануучу»

Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультети жана кыргыз тили жана адабияты кафедрасы Зыяш Бектеновдун 110 жылдыгына карата » З Бектенов — илимпоз, жазуучу, котормочу, манас таануучу» аттуу илимий-практикалык конференцияны өткөрдү. Конференцияга окуу жайдын профессордук-окутуучулар жааматы жана студенттер активдүү катышты.Конференцияда Зыяш Бектеновдун өрнөктүү өмүр жолу, илимпоздугу, котормо жана манас таануучулук багытындагы эмгектери ошону менен бирге педагогдук ишмердүүлүгү илимий баяндамаларда кенен камтылып айтылды. Конференциянын соңунда резолюция кабыл алынып, Зыяш Бектеновдун өмүр жолу, илимпоздук, манас таануучулук, адабий жана педагогдук, котормочулук ишмердүүлүктөрү боюнча илимий изилдөөлөр улантылып, студенттер күрстук, дипломдук иштерди жазуулары, З Бектеновдун эмгек жолу, эл үчүн кылган кызматы облусттун Медиа борборлорунда чагылдырылып туруусу сунушталды.Биз жана студент жаштарыбыз Зыяш Бектеновдун өрнөктүү эмгек жолу жана эл үчүн, журт үчүн жасаган ак кызматынан таасирленип, алдыга умтула берели.

Прокрутить вверх