Ислам дининдеги радикалдык багыттар жана алардын өзгөчөлүктөрү

9-октябрда “Ислам дининдеги радикалдык багыттар жана алардын өзгөчөлүктөрү” аттуу жыйын-талкуу ТалМУнун жыйын залында болуп өттү. Бул иш чара КРнын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Талас областы боюнча башкармалыгы жана облустук казыят менен биргеликте өткөрүлдү.
Талас облусунун казысы Барпиев Таалайбек ажы, Талас облусунун казысынын орун басарлары Сыдыков Касым менен Сагынбаев Медер студенттерге исламдагы диний агымдар боюнча кеңири маалымат беришип, радикалдык багыттардын терс жактарын баса белгилешти. Ошондой эле дин жөнүндө туура ой жүгүртүп, туура анализдөөгө чакырды. Террористтер ислам динине жамынган жан кечтилер экенине токтолушту. Студеттердин суроолоруна жооптор алынып, ислам дининдеги радикалдык багыттар тууралуу кеңири түшүндүрүлдү. Жыйын-талкууну университеттин ректору А.Ш.Упенов алып барып, келген конокторго ыраазычылыгын билдирди.

Прокрутить вверх