Конституциялык палата «Улуттук мыйзамдар тутумунда Конституциянын
орду жана ролу» темасында студенттер үчүн сынак жарыялайт

Конституциялык палата Кыргыз Республикасында сот тутумун бекемдѳѳ боюнча ЮСАИД жана IDLO Программасынын техникалык колдоосу менен «Улуттук мыйзамдар тутумунда Конституциянын орду жана ролу» темасында студенттер арасында сынак жарыялайт.

Сынак Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 25-жылдыгына карата арналып, мамлекеттин Баш мыйзамынын улуттук мыйзамдардын системасындагы ролун жана маанисин ачуучу эң жакшы эссе жана видеороликтерди аныктоо максатында ѳткѳрүлѳт.

 

Конкурска ким катыша алат?

Республиканын бардык жогорку окуу жайларынын студенттери.

 

Конкурстук материалдарга болгон талаптар

Конкурстук материалдар мамлекеттик же расмий тилде берилиши мүмкүн.

Эссе 3 барактан, видеоматериал — 10 мүнѳѳттѳн ашпашы керек.

Бир автордон материалдардын саны чектелбейт.

Сынак материлдары кайра кайтарылбайт жана рецензияланбайт. Автордук материалдарды сынакка берүү уюштуруучулар тарабынан аларды жарыялоого уруксат катары кабыл алынат.

Табыштама формасын толтуруу керек.

Сынакка катышуу үчүн сынак материалынын түп нускасынын автору катары катышуучуну тастыктаган табыштама* формасын толтуруу керек.

 

Материалдар кандай түрдѳ берилет?

— видеоматериалдар видео же файлдык хостингге жүктөлүшү керек (youtube, namba), уюштуруучуларга электрондук почта боюнча аларга шилтемдер жана автор жѳнүндѳ маалымат жиберилет;

— эссе электронндук же кагаз түрүндѳ берилиши мүмкүн.

 

Материалдарды баалоо критерийлери

— жаңыча жана инновациялык мамиле;

— теманы ачуу деңгээли;

— так жана логикалык баяндоо;

— мазмундуу жана оригиналдуу ойлор;

— креативдүүлүк.

Эссе жана видеороликтер курамы Конституциялык палатанын судьяларынан жана аппаратынын кызматкерлеринен турган сынак комиссиясы тарабынан бааланышат.

 

 

Жеңүүчүлѳрдү сыйлоо

Сынактын жеңүүчүлѳрү деп баалонун жыйынтыгы боюнча I, II, III орундарды ээлеген катышуучулар табылат.

Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланат.

Жеңүүчүлѳрдү сыйлоо 2018-жылдын май айынын башында Конституциялык палатада Ачык эшик күнүндѳ ѳткѳрүлѳт.

Сынактын жеңүүчүлѳрү деп табылган чет жактан келген студенттер сыйлоо аземине катышуу үчүн ѳздѳрүнүн каражатынан Бишкек шаарына келүүгѳ байланыштуу болгон чыгымдарды тѳлѳшѳт.

 

Материалдарды кантип жиберүү керек?

Бардык материалдар 720040, Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 39 дарегине почта менен же info@constpalata.kg электрондук почтага жиберилиши мүмкүн.

Байланыш тел. 0312 66 07 Назгуль Нурбекова.

 

Конкурстук материалдар 2018-жылдын 20-апрели саат 18.00 чейин кабыл алынат.

 

* ТАБЫШТАМА

 

Бул бѳлүктү толтуруу менен, мен сынак материалдардын түп нускасынын автору экендигин тастыктайм жана аны Конституциялык палатанын расмий сайтында жарыялоого макулдугумду берем.

 

Аты ____________________________________________________________

 

Фамилиясы ______________________________________________________

 

Атасынын аты____________________________________________________

 

Окуган жайы (ЖОЖ, курсу, адиси) __________________________________

 

Байланыш телефону ______________________________________________

 

E-mail __________________________________________________________

Прокрутить вверх