«Кыргызстанда мамлекеттик тилде билим берүү «

9-11-декабрь күндөрү Талас мамлекеттик университетинде өтүүчү «Кыргызстанда мамлекеттик тилде билим берүү » аттуу республикалык марафону өз ишин баштады. Марафон Кыргыз тили Гимнин студенттердин аткаруусу менен ачылды. Андан соң куттуктоо сөздөрү менен Талас мамлекеттик университетинин окуу жана илимий иштери боюнча проректору, ф.и.д., профессор С.С.Жумалиев, Чүй университетинин ректору, ф.и.к., доцент Т.А. Асанакунов, ф.и.д., профессор Т.С.Маразыков, Талас облусттук билим берүү усулдук борборунун усулчусу С.Бейшенова болду. «Кыргызстанда мамлекеттик тилде билим берүү » марафону өз ишин илимий-популярдуу баяндамалар жана окуу жайдын профессордук-окутуучулар жааматынын жана облусттук мектептердин мугалимдеринин чебер-класс сабактары менен уланат. Бул иш-чара мугалимдердин квалификациясын жогорулатып, тажрыйба алмашуучу аянтчанын кызматын аткарат.

Прокрутить вверх