Маалыматтык кат

Урматтуу кесиптештер!

 

            С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети 2017-жылдын 13-апрелинде Адеп, ыйман жана маданият жылына карата«Илим-билимдин өнүгүүсүндө адеп-ыймандык жана маданий баалуулуктар» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрөт.

                                                                                                             

Конференциянын ишинин багыттары:

·        Илим изилдөөнүн жетишкендиктеринин жана коомдук маданий өнүгүүнүн багыттары;

·        Билим берүү системасынын учурдагы абалы жана көйгөйлөрү;

·        Педагогикалык-психологиялык илимдердеги адеп-ыймандык баалуулуктар;

·        Философиянын, социологиянын жана кыргыз тарыхынын маселелери;

·        Техникалык илимий изилдөөлөрдүн жана айыл чарбасынын өнүгүшү;

·        «Манас» эпосундагы ыймандык-тарбиялык жана этномаданий баалуулуктар;

·        Филологиялык маселелер;

·        Кыргызстандын экономикасынын өнүгүү багыттары;

·        Табият таануу илимдери

 

Конференциянын жумушчу тилдери:

·        кыргыз тили;

·        орус тили;

·        англис тили.

Конференция сырттан катышуу форматында жүрөт, б.а. катышуучулар он-лайн режиминде баяндама жасай алышат.

Конференциянын материалдары конференция башталганга чейин жыйнак түрүндө басылып чыгат. Журнал РИНЦке (НЭБ) катталган. Макалалар 20 упай менен бааланат. Сырттан катышуучуларга жыйнак почта аркылуу, дарек боюнча бандероль менен жиберилет.

 

Конференцияга катышуу, илимий макалаларды жарыялоо шарттары:

 Илимий-практикалык конференцияга катышууну каалоочулар 2017-жылдын 15-мартына чейин dtoktokan@mail.ru электрондук дарегине:

— илимий макаланын толук текстин, даректерин, төлөм квитанциясынын көчүрмөсүн жиберүүсү зарыл.

·        Баяндамаларды кабыл алуу – 2017-жылдын 15-мартына чейин;

·        Редакциялык коллегиянын баяндамалардын конференциянын багыттарына ылайыктыгын карап                    чыгышы – 2017-жылдын 25-мартына чейин;

·        Катышуучулардын тизмесинин такталышы – 2017-жылдын 1-апрелине чейин;

·        Конференциянын иши – 2017-жылдын 13-апрели;

 

Техникалык талаптар

Макаланын көлөмү 5-7 бетке чейин, конференциянын тилдеринин: кыргыз, орус же англис тилдеринин биринде болуп, жарыялануучу эмгек автор (авторлор) тарабынан дыкат редакцияланып жана каралып чыгууга тийиш. Аннотация жана түйүндүү сөздөр кыргыз, орус тилдеринде болуусу зарыл. Макалага тиешелүү адистин рецензиясы талап кылынат. Рецензенттин аты-жөнү аягында көрсөтүлүшү зарыл.

Талаптары:

1.     MSWord тексттик редакторунда. Ариби – TimesNewRoman, негизги тексттин арибинин өлчөмү – 14 (аннотация жана түйүндүү сөздөрдүн өлчөмү -12)

2.     барактын жээктери – 2 см. беттердин номурланышы – барактын алдында,

3.     макаланын 1-абзацында барактын оң четине төмөнкүлөрдү жазуу зарыл:

·        автордун (авторлоштордун) аты-жөнү толук жазылат;

·        окумуштуу даражасы, наамы;

·        уюмдун, ЖОЖдун толук аталышы;

·        почта дареги индекси менен, телефону жана электрондук почта дареги.

4.     макаланын 2-абзацы: ортодо – макаланын толук аталышы

5.     макаланын 3-абзацында 1 интервал төмөн баяндаманын аннотациясы, түйүндүү сөздөр жазылат.

6.     1 интервал төмөн баяндаманын тексти жазылат. Адабияттардын тизмеси макаланын аягында берилет             да, текстте шилтеме берүүнүн иретине ылайык алфавиттик тартипте номурланат. Автор (алгач                           фамилия, анан инициалдар), аталышы, жарыяланган жери жана жылы, бети көрсөтүлөт.                                       Шилтемелердин иреттик номурлары чарчы кашаада берилет: [1], [2].

 

Катышуунун каржылык шарттары: Уюштуруучулук, басмалык-полиграфиялык жана жеткирүү чыгымдарын жабуу максатында ар бир макаланы жарыялоонун наркы 800 сомду (сегиз жүз сом) түзөт. Бир автордун макалаларынын саны чектелбейт. Төлөмдү банк аркылуу которуу керек.

 

Байланышуу үчүн маалыматтар:

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети,

веб-баракча: www.nsu.to.kg

E-Mail: nsu@ktnet.kg

ЧоробаеваНарынкүлАбдыкалыковна, С.НааматоватындагыНМУнунилимийиштербоюнчапроректору.

e-mail: narynkul@rambler.ru

телефон: (996) 352253335; факс: (996) 352250814

ДюшееваТоктоканСадыбакасовна, НМУнунредакциялыкбасмабөлүмүнүнбашчысы

e-mail: dtoktokan@mail.ru

телефон:  0701 645004; (996) 3522 51856; факс: (996) 3522 50814

Банктык реквизиттер:

Центральное казначейство МФ КР

Банктык эсеп №4405011101006786

Эсептешүү эсеби №440001

БИК 129024

ОКПО 20651863

“РСК Банк” ААКнын Нарын шаарындагы филиалы.

ИНН 00108199610088 

Прокрутить вверх