“Саякбай” тасмасынын бет ачары

19.10.2017
Талас шаарынын “Кырк чоро” кинотеатрында залкар манасчы Саякбай Каралаевге арналган “Саякбай” тасмаснын бет ачары болуп, ага Талас шаарынын тургундары, анын ичинде ТалМУнун окутуучулары менен студенттери катышты.
Белгилей кетсек, улуу манасчы тууралуу тасмага көптөгөн сценарийлердин ичинен режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун варианты жактырылган. Тасманы «Саякбай манасчы» фонду каржылап, тасманын көп бөлүгү Саякбайдын туулуп-өскөн жери Тоң аймагында тартылып, башкы ролду белгилүү киноактер Марат Жанталиев аткарган.

Прокрутить вверх