“Сократты эскерүү түнү” 

Ааламга  жол айылдан башталат деген иш-чаранын алкагында Талас мамлекеттик университетинде эсте кала турган маданий иш-чара болуп өттү.

Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган Ч.Айтматов, М.Шахановдун, “Сократты эскерүү түнү”  чыгармасы боюнча сахналаштырылган драмасы Талас мамлекеттик университетинин көркөм жетекчиси Усеин Эсенамановдун жетекчилиги жана студенттери тарабынан ТалМУнун профессордук окутуучулар жамаатына, студентерине жана чакырылган конокторго тартууланды.

ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору С.С.Жумалиев студенттерди жана көркөм жетекчини ТалМУнун “Мактоо баракчасы” менен сыйлады.жана терең ыраазычылык билдирди.

Прокрутить вверх