Талас мамлекеттик университети менен В.М.Шукшин атындагы Алтай мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университети менен кызматташтык келишими түзүлдү.

Талас мамлекеттик университети менен В.М.Шукшин атындагы Алтай мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университети менен кызматташтык келишими түзүлдү. Келишимге кол коюу аземинде ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов жана В.М.Шукшин атындагы Алтай мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университетинин илим-изилдөө борборунун директору М.С.Власов кол койду. Эки окуу жайдын ортосундагы кызматташуу билим берүү экспорту, илим изилдөө жана биргелешип илимий долбоорлорду ишке ашыруу, академиялык мобилдүүлүктүн алкагында ПОЖ жана студенттер менен алмашуу, конок лекцияларды уюштуруу, тажрыйба алмашуу, кош диплом программасын ишке ашыруу багыттары боюнча түзүлдү.

Прокрутить вверх