ТалМУда мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча семинар-кеңешме

6-декабрда ТалМУнун кеңешме залында декандар, кафедра башчылары жана бөлүм башчыларына “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы” жөнүндө семинар-кеңешме өткөрүлүп, окуу жайда улуттук программаны иш жүзүнө ашыруу боюнча алдыда аткарыла турган иш-чаралар туурасында мамлекеттик тил проректору С.С.Жумалиев сөз козгоду. Төмөндө ошол семинардын материалдары тиркелет:

“Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн
УЛУТТУК ПРОГРАММАСЫ”
2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун күчөтүү жана көп тилдүүлүктү өнүктүрүү Кыргызстандын элинин биримдигинин негизги фактору болуп эсептелет. Мамлекеттик тилди билүү Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын парзы жана милдети болууга, анын коомдук турмушка активдүү катышуусун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн аныктаган стимул болууга тийиш.

Программада белгиленген максаттар жана милдеттер Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын максаттуу индикаторлоруна жетишүү аркылуу ишке ашырылат. Мамлекеттик тилди билүүнүн деңгээлин баалоо системасы тил билүүнүн деңгээлин баалоонун эл аралык шкаласына ылайык жүргүзүлөт.
Тил билүүнү баалоонун эл аралык шкаласы (Тил билүүнү баалоонун жалпы европалык шкаласы) төмөнкүдөй деңгээлдерди камтыйт: А – элементардык билүү (А1 – жан багуу деңгээли, 2 – чекке чейинки деңгээл), В – канааттанаарлык билүү (В1 – чектик деңгээл, В2 – чектик өркүндөтүлгөн деңгээл), С – эркин билүү (С1 – кесипкөй билүү деңгээли, С2 – мыкты билүү деңгээли);
“Көп тилдүү билим берүү” – окутуу каражаты катары эки же андан көп тилди колдонуу.

Учурдагы кырдаалды талдоо

Азыркы Кыргызстандагы тил саясатында мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселеси абдан курч бойдон калууда. Эгемендик жылдары мамлекеттик тилди колдоо боюнча жигердүү күч-аракеттер жумшалганына карабастан, азыркы мезгилде кыргыз тилин колдонуунун чөйрөсүн кеңейтүүдө, биринчи кезекте мамлекеттик башкаруу, иш кагаздарын жүргүзүү жана кесиптик коммуникация чөйрөсүндө, ошондой эле жогорку билим берүү системасында кескин өзгөрүүлөрдүн болгондугу байкалбай жатат. Мамлекеттик тил республиканын бардык окуу жайларында окутулуп жаткандыгына карабастан, кыргыз тили эне тили болуп эсептелбеген жарандардын ондон бир бөлүгү гана бул тилди билет. Ошол эле учурда орус тилдүү мектептердин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик тилди билбеген сыяктуу эле, кыргыз, өзбек, тажик тилдүү мектептердин бүтүрүүчүлөрү расмий тилди талаптагыдай деңгээлде билбейт. Ушуга удаа эле республиканын окуу жайларында чет тилдерди окутуунун сапатын кескин жакшыртуу зарыл.
Азыркы мезгилде орус тили орто жана жогорку кесиптик билим берүү, илим, жалпыга маалымдоо каражаттары, Интернет, ишкердик жана эл аралык мамилелер, ошондой эле административдик башкаруу чөйрөлөрүндө басымдуулук кылат. Ошол эле учурда мамлекеттик тил мектепте билим берүү, көркөм адабият, маданият жана искусство, жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөлөрүндө, соодада жана коомдук-саясий турмушта гана колдонулат.
Кыргыз тили экономика, билим берүү, илим чөйрөлөрүндө жана адистерди даярдоодо жетишсиз колдонулуп жатат.
Бул жагдайлар тил саясатынын негизги багыты – мамлекеттик тилди коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө толук жана кенен колдонууга, Кыргызстанда жашап жаткан этностордун тилдерин сактоо менен аларды окуп-үйрөнүү, өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү аркылуу мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун аткарууга жетишүүнү аныктайт.
Иш кагаздарын жүргүзүү системасы – бул жарандардан тилди жогорку деңгээлде билүүнү талап кылган кесиптик иштин чөйрөсү. Азыркы мезгилде кыргыз тилин кесиптик коммуникацияда колдонуу боюнча туруктуу салтты калыптандыруу зарыл.
Бул проблеманы чечүү кесиптик билим берүү менен түздөн-түз байланышкан. Жогорку билим берүүнүн ушул этабында адистерди даярдоо жүргүзүлөт жана алардын кесиптик ой жүгүртүүсү калыптанат. Ушуга байланыштуу орто кесиптик жана жогорку окуу жайларында филологиялык эмес багыттагы адистерди мамлекеттик тилде кесиптик даярдоону камсыз кылган бөлүмдөрдү түзүүнүн зарылчылыгы пайда болууда.

Программанын максаты
Кыргыз Республикасында жашап жаткан бардык этностордун тилдерин сактоо жана өнүктүрүү менен Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоонун маанилүү фактору катары мамлекеттик тилди толук жана кеңири колдонууну камсыз кылган натыйжалуу тил саясатын куруу; эне тилин, мамлекеттик, расмий жана эл аралык тилдерди эркин билген кыргызстандыктардын көп тилдүү жаңы муунун өстүрүү.

Программанын милдеттери
Программанын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
— республиканын коомдук турмушундагы бардык чөйрөлөрдө мамлекеттик тилди толук жана кеңири колдонууга жетишүү;
— мамлекеттик тилди өнүктүрүү, анын функциялык мүмкүнчүлүгүн күчөтүү жана кыргыз тилинин маалыматтык-билим берүү ресурстарын байытуу;
— мамлекеттик тилди-кыргыз тилин эне тили, экинчи тил жана чет тили катары окутуунун окуу-усулдук негиздерин өркүндөтүү жана стандартташтыруу;
— мамлекеттик тилди окутуу боюнча инфраструктураны, аккредитацияланган борборлордун тармагын түзүү жана өнүктүрүү;
— мамлекеттик тилге окутуу үчүн зарыл шарттарды түзүү жана аларга түрткү берүү;
— калктын тил маданиятынын деңгээлин көтөрүү;
— расмий жана чет тилдерине окутуунун сапатын кескин жакшыртуу ж.б.

Ишке ашыруу мөөнөттөрү

Биринчи этап: даярдык көрүүчү – 2014-2016-жылдар.
Программанын биринчи этабынын артыкчылыктуу милдеттери болуп окутуу-усулдук программаларды жана окутуу усулдарын өркүндөтүү, “Кыргызтест” системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, мамлекеттик тилге окутуу борборлорунун аккредитацияланган тармагын, билим берүүнүн бардык деңгээлинде мамлекеттик тилде окутуу үчүн түрткү берүү системасын жана шарттарын түзүү, көп тилдүү билим берүү моделин колдонгон окуу жайларды сынамык түрүндө иштетүү процессине мониторинг жүргүзүү жана алардын санын андан ары көбөйтүү планын иштеп чыгуу эсептелет.
Программада этностордун тилдеринде окуткан мектептерди туруктуу сактоо жана аларды каржылоо боюнча мамлекеттин милдеттенмелерин аткаруу каралган. Ошол эле учурда мамлекеттик тилде окутулуучу предметтердин санын ырааттуу көбөйтүү пландалууда.
Экинчи этап: негизги – 2017-2018-жылдар.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөткөн чөйрөлөрүнүн кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүүсүнө тастыктама берүү системасын жайылтуу. Көп тилдүү билим берүү системасын андан ары өркүндөтүү.
Үчүнчү этап: түзөтүүчү – 2019-2020-жылдар.
Көп тилдүү үзгүлтүксүз билим берүүнүн вертикалын (мектепке чейинки, мектептик, кесиптик, жогорку билим берүүнү) калыптандыруу үчүн шарттарды түзүүүнү, мамлекеттик тилди улуттар аралык карым-катнаштын тили катары, коомдук турмуштун социалдык маанилүү чөйрөлөрүндө колдонуу менен байланышкан бир катар маселелердин спектрин камтыйт.

1-бөлүм. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү тил саясаты

Максаты – мамлекеттик бийлик органдарынын (аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот тармактары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу) ишин тил билүүнүн деңгээлин баалоонун эл аралык шкаласы боюнча мамлекеттик жана расмий тилдерди эркин билген (С1) деңгээлде, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык жүргүзүү.
Коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткаруу зарыл:
— кыргыз жана орус тилдерин окуп-үйрөнүү боюнча бар болгон окуу-усулдук базаны өркүндөтүү, ошондой эле окуп жаткандардын кесиптик ишинин тармагына ылайык тил билүүнүн
деңгээлдерин баалоонун эл аралык системасына негизделген жаңы окуу-дидактикалык материалдарды иштеп чыгуу;
— тил билүү деңгээли боюнча тастыктама берүү менен кесиптик карым-катнашты жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү курстарын уюштуруу;
— базалык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн (тез жардам, өрт өчүрүү, байланыш кызматтары, ж.б.) мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде пайдаланууну камсыз кылуу;
— иш кагаздарынын бардык түрлөрүн мамлекеттик тилде иштеп чыгуу жана аларды андан кийин бардык ведомстволордун сайттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ачык окуу-билим алуу порталына Word жана PDF форматында жайгаштыруу;
— мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына талапкерлерди мамлекеттик тилди билүүсүнүн деңгээлин «Кыргызтест» программасы боюнча, расмий, эл аралык тилдерди билүүсүнүн деңгээлин аныктаган тастыктамалардын жана кесиптик компетенттүүлүгүнүн негизинде тандоонун жана кызматкерлерди аттестациялоонун көп баскычтуу системасын түзүү;
— министрликтердин, ведомстволордун, башка мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын компьютердик системаларын зарыл болгон мамлекеттик тилдеги программалык продукттар менен камсыз кылуу.

Күтүлгөн натыйжалар
2018-жылга карата мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлери тилдерди эң жок дегенде төмөнкүдөй деңгээлде билүүгө тийиш: кыргыз тили эне тили болуп эсептелген жарандар кыргыз тилин С1 деңгээлинде жана орус тилин В2 деңгээлинде; кыргыз тили эне тили болбогон Кыргызстан жарандары кыргыз тилин В1 жана орус тилин В2 деңгээлинде. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, кайсыл этностон болгондугуна карабастан, эл аралык тилдердин бирин кеминде А2 деңгээлинде өздөштүрүүгө тийиш.
2020-жылга карата мамлекеттик бийликтин органдарынын бардык жетекчи кызматкерлери, кайсыл этностон болгондугуна карабастан, мамлекеттик жана расмий тилдерди С1 деңгээлинде, ошондой эле эл аралык тилдердин бирин B2 деңгээлинде билүүгө тийиш.
Программаны ишке ашыруунун биринчи этабында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ар кандай категориялары үчүн алардын фунциялык милдеттерине жараша тилди билүү деңгээлин аныктоо шкаласы иштелип чыгат. Техникалык кызматчылардан мамлекеттик тилди А2 деңгээлинде билүү талап кылынат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин көпчүлүгү кесиптик чөйрөдө мамлекеттик тилди кеминде В1 же В2 деңгээлинде, башкаруучулук звенону түзгөн мамлекеттик кызматкерлер C1 деңгээлинде билүүгө тийиш.

2-бөлүм. Билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү тил саясаты
Билим берүү чөйрөсүндөгү (мектепке чейинки, мектептеги, орто, жогорку кесиптик билим берүүдөгү) тил саясатынын максаттары жана милдеттери

Максаты – Кыргызстандын билим берүү системасынын бардык баскычтарында окутуунун тили катары мамлекеттик тилди колдонууну кеңейтүү, этностордун тилдеринде окуткан мектептерди көп тилдүү билим берүүнү киргизүү жана бирдиктүү стандарттарды ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү аркылуу бирдиктүү билим берүү процессине кошуу.
Коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткаруу зарыл:
— негизги окуу дисциплиналары боюнча мектепке чейинки, орто билим берүү мекемелери үчүн мамлекеттик тилдеги окуу-усулдук адабияттарды конкурстук негизде түзүү жана басып чыгаруу;
— окуу-усулдук комплекстерди түзүү, ошондой эле орто, жогорку кесиптик окуу жайларынын филологиялык эмес адистиктери үчүн мамлекеттик тилде базалык атайын адабияттарды которууну уюштуруу жана аларды конкурстук негизде чыгаруу;
— окутуу процессинде колдонуу үчүн тандоо максатында бардык окуу дисциплиналары боюнча окуу китептеринин жана окуу куралдарынын кыргыз тилине котормосунун мазмундук жактан адекваттуулугун баалоо боюнча көз карандысыз эксперттик кеңештерди түзүү;
— ЖОЖдордо жана атайын орто кесиптик окуу жайларында филологиялык эмес дисциплиналар боюнча (табигый-илимий, техникалык, коомдук) кыргыз тилинде сабак өткөн мыкты лекторлор үчүн кошумча каржылык кызыктыруу жана сыйлоонун башка түрлөрүн колдонуу системасын киргизүү; кыргыз тилин окутууну кескин жакшыртуу үчүн кыргыз филологиясы факультеттеринин алдында кыргыз тилин (эне тил, экинчи тил жана чет тили катары) жана кыргыз адабиятын окутуу боюнча лабораторияларды түзүү;
— кыргыз, орус жана эл аралык тилдерин, Кыргыз Республикасында жашаган этностордун тилдерин окуткан мугалимдердин жана окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Инновациялык технологиялар борборун түзүү;
— мектепте жана мектепке чейинки мекемелерде мамлекеттик тилде жана окутуунун башка тилдеринде окуткан, ошондой эле предметтик-тилдик интеграциялык окутуунун усулдарын билген педагогикалык кадрлардын жаңы муунун даярдоо;
— тилдик эмес ЖОЖдордун, орто кесиптик окуу жайлардын факультеттеринде мамлекеттик тилде окутуунун толук циклин жүргүзгөн бөлүмдөрдү ачуу;
— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржылануучу кыргыз тилиндеги бардык иштелмелерди министрликтин Интернет порталына жайгаштыруу аркылуу мамлекеттик тилде аралыктан окутуунун формасын киргизүү үчүн шарттарды түзүү;
— ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (ДМЧА) үчүн атайын маалымат алып жүрүүчүлөрдө ар түрдүү дисциплиналар боюнча кыргыз тилинде окуу-усулдук адабияттарды чыгаруу;
— бардык жалпы билим берүү мекемелеринде (мектептерде, лицейлерде, гимназияларда ж.б.) кыргыз тили боюнча жазуу түрүндөгү класстан-класска көчүрүү сынагын, 9 жана 11-класстар үчүн бүтүрүү сынагын, ошондой эле милдеттүү түрдө орто жана жогорку кесиптик окуу жайларына өтүү жана аларды бүтүрүү сынактарын киргизүү;
— 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн Жалпы республикалык тестирлөөнүн системасын киргизүү жана «Кыргыз тили жана адабияты» предмети боюнча сынакты киргизүү;
— 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн Жалпы республикалык тестирлөөнүн алкагында «Кыргыз тили жана адабияты» предмети боюнча тестирлөө киргизүү;
— атайын орто жана жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн «Кыргыз тили жана адабияты», «Кыргызстан тарыхы» жана «Кыргызстан географиясы» дисциплиналары боюнча тестирлөөнүн негизинде мамлекеттик комплекстүү аттестацияны киргизүү.
Күтүлгөн натыйжалар
— 2017-жылдан баштап окуу башка тилдерде жүргүзүлгөн мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли В1 деңгээлине, башталгыч, орто кесиптик жана жогорку билим берүүнүн бүтүрүүчүлөрүнүкү В2 деңгээлине туура келиши. Аталган тил билүү деңгээлдери “Кыргызтест” тастыктамасынын негизинде белгиленет;
— жарандардын кесиптик (атайын орто, жогорку) билимди мамлекеттик тилде алууга кепилдигин камсыз кылуу;
— расмий жана башка тилдерде билим берүү менен катар эле мамлекеттик тилде кесиптик билим берүү системасын калыптандыруу;
— билимдин атайын чөйрөлөрүндө активдүү колдонуу үчүн кыргыз тилинин илимий-билим берүүчүлүк стилин калыптандыруу.

Илим чөйрөсүндөгү тил саясатынын максаты жана милдеттери

Максаты – мамлекеттик тилди илимдин тили катары колдонуу.
Коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткаруу зарыл:
— илимий терминдерди, түшүнүктөрдү колдонууну жөнгө салуу, белгиленген тартипте аларды стандартташтыруу жана унификациялоо боюнча, билимдин ар түрдүү тармактарынын адистеринен жана лингвисттерден турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу туруктуу терминологиялык комиссияны (“Терминком”) түзүү;
— кыргыз тилинин адабий нормаларын өркүндөтүү жана стандартташтыруу;
— табигый-техникалык, гуманитардык, социалдык илимдердин эки жана көп тилдүү терминологиялык сөздүктөрүнүн кеңири жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, анын ичинде авторлордун макулдугу менен Интернет аркылуу жайылтуу;
— аспиранттар менен изденүүчүлөр үчүн кандидаттык минимумдарды тапшырууда мамлекеттик тил боюнча сынакты киргизүү;
— билимдин ар түрдүү тармактары боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө мамлекеттик тилди колдонуу;
— Кыргыз Республикасынын аймагында илимий изилдөөлөрдү милдеттүү түрдө мамлекеттик тилде аннотациялоону киргизүү жана аларды Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ачык Интернет порталына жайгаштыруу;
— Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил
боюнча улуттук комиссиянын Интернет порталында мамлекеттик тилдеги илимий адабияттардын фондун түзүү;
— табигый-техникалык, гуманитардык жана социалдык дисциплиналар боюнча мамлекеттик тилде илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, диссертацияларды жактоого колдоо көрсөтүү жана көмөктөшүү.
Күтүлгөн натыйжалар
Кыргыз тилинин улуттук корпусун (илимий изилдөөлөр жана тилге окутуу үчүн электрондук формадагы маалыматтык-маалымдама, толук тексттүү системасын) түзүү жана өнүктүрүү, кыргыз тилинин илимий стилин калыптандыруу жана өнүктүрүү.

Тилдерге окутуу чөйрөсүндөгү тил саясатынын максаты жана милдеттери

Максаты – тилдерге окутуунун технологияларын стандартташтыруу жана өркүндөтүү.
Коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткаруу зарыл:
— кыргыз тилин эне тил катары, экинчи тил катары жана чет тили катары окутуп-үйрөтүүнүн концепциясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
— кыргыз тилин эне тил катары, экинчи тил катары жана чет тили катары окутууга жаңы муундагы окуу-усулдук комплекстерин даярдоо жана басып чыгаруу;
— Кыргыз Республикасында жашап жаткан этностордун тилдерине окутуунун окуу-усулдук адабияттарын басып чыгарууну колдоо;
— мамлекеттик, расмий тилдерде жана эл аралык тилдердин биринде билим алуу үчүн зарыл болгон окуу-усулдук базаны түзүү жана педагогикалык кадрларды даярдоо;
— кыргыз жана орус тилдерин эне тил катары, экинчи тил катары жана чет тили катары окутуу боюнча кадрларды даярдоо системасын өркүндөтүү; 2014-жылдан баштап жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын билим берүү стандарттарына, типтүү окуу пландарына мамлекеттик тил менен расмий тилди өзүнчө окуу дисциплиналары катары киргизүү;
— суроо-талап болгондо республиканын билим берүү мекемелеринин базасында мектепке чейинки балдар үчүн өнүктүрүү жана тилге алдын ала даярдоо борборлорун түзүү;
— аккредитацияланган тилдик курстарынын, ошондой эле кыргыз, орус жана чет тилдерин окуп-үйрөнүүнүн башка формаларынын тармагын уюштуруу;
— жарандардын ар түрдүү курактагы категориялары үчүн мамлекеттик тилди окутуунун кошумча формаларынын өнүгүшүнө түрткү берүү;
— мамлекеттик, расмий тилдерди, ошондой эле Кыргызстанда жашаган этностордун тилдерин окутуу үчүн Интернет ресурстарын кеңири колдонуу;
— тил билүүнүн деңгээлдеринин эл аралык шкаласына (А1, А2, В1, В2, С1, С2) ылайык мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тестирлөөнүн “Кыргызтест” системасын иштеп чыгуу жана киргизүү.
Күтүлгөн натыйжалар
Мамлекеттик, расмий, эне тилди жана эл аралык тилди окутуунун ырааттуу системасын түзүү; көп тилди билген жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистердин жаңы муунун өстүрүү.

3-бөлүм. Маданият чөйрөсүндөгү тил саясаты
Максаты – маданият жана жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндө мамлекеттик тилдин ролун жогорулатуу, көп тилди билген жаңы муундун өкүлүнүн мыкты үлгүсүн калыптандыруу.
Коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткаруу зарыл:
— мамлекеттик тилди жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулук катары аздектөөгө тарбиялоо, мамлекеттик тилдин улуттар аралык карым-катнаштын тили катары бириктирүүчү ролун пропагандалоо;
— сүйлөө маданиятын жогорулатуу;
— Кыргызстанда жашаган этностордун маданий-билим берүү борборлорун, этностордун тилдериндеги маалымат программаларын колдоо;
— Кыргызстандын чегинен тышкары жашаган кыргыздардын
маданий өзгөчөлүгүн колдоо.

ТалМУда бул багытта аткарыла турган иш-чаралар:

1. Мамлекеттик тилди билүүнүн деңгээлин баалоону тил билүүнүн деңгээлин баалоонун эл аралык шкаласына ылайык жүргүзүү:
-1-этап: бардык кызматкер, окутуучулардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин “Кыргызтесттин” негизинде аныктоо (февраль);
-2-этап: бардык адистиктердеги студенттердин тил билүү деңгээлин “Кыргызтесттин” негизинде аныктоо (март).
-3-этап: мамлекеттик тил билүү деңгээлдери жана адистиктердин кесиптик өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен “Кыргыз тили жана адабияты” сабагынан ОМКларды иштеп чыгуу (апрель);
-4-этап: кыргыз, орус жана эл аралык тилдерин окуткан окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Инновациялык технологиялар борборуна жөнөтүү;
-5-этап: студенттерге мамлекеттик тилди билүүнүн эл аралык шкаласына туура келген деңгээлдик билим берүү (2018-2019-окуу жылынан баштап);
-6-этап: 2019-жылдан тарта бүтүрүүчү бакалавр адистерге мамлекеттик тилди билүүнүн В2 деңгээлиндеги сертификаттары дипломуна кошумча тиркеме катары берүү.
2. Окуу пландарына Билим берүү жана илим министрлигинин 27-ноябрдагы №1455/1 номерлүү “Жогорку окуу жайларынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана окуу пландарына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” буйругуна ылайык 2017-жылдын 20-декабрына чейин окуу пландарына өзгөртүүлөрдү киргизүү:
-“Кыргыз тили” сабагынын саатын өз калыбында сактоо менен “Кыргыз тили жана адабияты” деп өзгөртүү;
-Математикалык жана табигый илимий циклинин” вариативдик бөлүмүнө “Кыргызстандын географиясы” сабагын 60 саат көлөмүндө киргизүү;
— 2-курстан кийин “Кыргызстандын тарыхы” сабагынан жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын ордуна “Кыргыз тили жана адабияты”, “Кыргызстандын тарыхы”, “Кыргызстандын географиясы” сабактары боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону киргизүү;
— 2019-2020-окуу жылынан тартып “Кыргыз тили жана адабияты”, “Кыргызстандын тарыхы” жана “Кыргызстандын географиясы” боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону компьютердик тестирлөө түрүндө ишке ашыруу;
— бул өзгөртүүлөр 2018-2019-окуу жылынан тартып ишке кириши керек.
3. ТалМУда мамлекеттик тилди окутуу (эне тили, чет тили катары) лабораториясын түзүү:
— мамлекеттик тил лабораториясын жасалгалоо, тиешелүү жабдуулар менен камсыздоо, окуу-усулдук жактан камсыздоо;
— мамлекеттик тил лабораториясынын алдында кыргыз, орус жана чет тилдерин окуп-үйрөтүүчү тилдик курстарды ачуу;
— расмий жана башка тилдерде билим берүү менен катар эле мамлекеттик тилде кесиптик билим берүү системасын калыптандыруу;
— окуу-усулдук комплекстерди түзүү, ошондой эле орто, жогорку кесиптик окуу жайларынын филологиялык эмес адистиктери үчүн мамлекеттик тилде базалык атайын адабияттарды которууну уюштуруу жана аларды конкурстук негизде чыгаруу;
— окутуу процессинде колдонуу үчүн тандоо максатында бардык окуу дисциплиналары боюнча окуу китептеринин жана окуу куралдарынын кыргыз тилине котормосунун мазмундук жактан адекваттуулугун баалоо боюнча көз карандысыз эксперттик кеңеш түзүү;
— 2-жарым жылдыкта ТалМУда жана кесиптик орто билим берүү бөлүмүндө филологиялык эмес дисциплиналар боюнча (табигый-илимий, техникалык, коомдук) кыргыз тилинде сабак өткөн мыкты лекторлор үчүн кошумча каржылык кызыктыруу жана сыйлоонун башка түрлөрүн колдонуу системасын киргизүү (февраль-июнь).

Прокрутить вверх