ТалМУнун аспирант-изденүүчүлөрүнө илимий семинар өткөрүлдү.

ТалМУнун аспирант-изденүүчүлөрүнө илимий семинар өткөрүлдү. Семинарды университеттин окуу жана илимий иштери боюнча проректору С.С.Жумалиев ачып, аспиранттардын жайкы мектебине барып катышып келишкен аспирант-окутуучулар А.Кумашова, А.Козубекова жана Н.Байжигитова илимий-изилдөө иштерине коюлган жаңы талаптар, нормативдик база, антиплагиаттык система, диссертацияны коргоо этаптары жөнүндө презентациялык баяндамаларын жасашты. Семинардын экинчи бөлүгү суроо-жооп форматында өтүп, илимий темаларды бекитүү, өзгөртүү ж.б. маселелердин тегерегинде кызуу талкуу жүрдү. Семинардын жыйынтык бөлүгүндө илимий ишмердүүлүк жогорку окуу жайынын негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болгондуктан, илимий-изилдөө иштерине айрыкча көңүл бөлүү керектиги баса белгиленди.

Прокрутить вверх