Баткен мамлекеттик университетине иш сапар

Бүгүн Талас мамлекеттик университетинин ректору А.Ш.Упенов, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору, Э.М. Байбагышов, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору, А.А.Иманбаевдер Баткен мамлекеттик университетине иш сапары менен келишти. Конокторду БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов тосуп алып, алгач Баткен мамлекеттик университетинин материалдык-техникалык базасы менен тааныштырды.Андан соң тараптар- илим-изилдөө иштерин жүргүзүү;- эки тараптуу кызматташуу;- академиялык мобилдүүлүк;- конок лекцияларды уюштуруу;- окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу;- тажрыйба алмашуу боюнча келишимдерге кол коюшту.

Прокрутить вверх