Т.Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган тегерек стол болуп өттү

25-май 2022-жыл. Кыргыз адабиятына жана маданиятына 70 жылга жакын ак кызмат кылган,элдик тилдин жана нарк насилдин нускалуу билерманы, » Манас» эпосун изилдөөгө жана басып чыгарууга көрүнүктүү салымын кошкон Кыргыз Республикасынын Эл баатыры, Эл жазуучу , коомдук ишмер Т.Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган тегерек стол болуп өттү. Талкууну ТалМУнун алдындагы КОБББнын гуманитардык секциясынын окутуучулары , башталгыч билим берүү адистигинин студенттери менен бирдикте Т.Сыдыкбековдун чыгармалары боюнча экскурс жасалып,видео-слайд көрсөтүлүп,ошонун негизинде суроо-жооп иретинде кызуу талкуу жүргүзүлдү.Алгач иш- чараны ачып берүү үчүн сөз ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору К. Т.Жунусалиевага берилип, жазуучунун кыргыз адабиятында ээлеген орду,эмгектери туурасында учкай кеп кылып берип, иш- чара ийгиликтүү өтүшүнө тилегин билдирди.Студенттер жазуучунун чыгармачылыгынын урунттуу учурларына токтолуп,талкуулашып,ар кандай тематикадагы ырларынан, көркөм чыгармаларынан да көркөм окушуп,суроо беришип, талкуу жүргүзүштү. Иш-чараны даярдаган секциянын окутуучуларына жана кыргыз тили жана адабияты предметинин окутуучусу Б.Жоробековага ыраазычылык билдиребиз.

Прокрутить вверх