«EdNet» агенттиги биргелешип уюштурган иш-чарада Талас мамлекеттик университетине «Региондун туруктуу өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн» номинациясы боюнча атайын сыйлык сертификаты ыйгарылды.

ТалМУга сыйлык ыйгарылды! Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Билим берүү чөйрөсүндөгү сапаттын кепилдиги боюнча «EdNet» агенттиги биргелешип уюштурган иш-чарада Талас мамлекеттик университетине «Региондун туруктуу өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн» номинациясы боюнча атайын сыйлык сертификаты ыйгарылды. Сыйлыктарды салтанаттуу тапшыруу аземи Бишкек шаарында «Innova» конференц-холунда өтүп, ага ТалМУдан окуу бөлүмүнүн башчысы Д.Д.Куттубаева катышты. «EdNet» аккредитациялык агенттиги тарабынан жогорку билим берүү системасындагы улуттук эң мыкты тажрыйбаларды аныктап жайылтуу максатында аккредитациялык иш-чаралар жыл бою жүргүзүлөт жана «Өнүгүүгө жол» сапат премиясынын негизги максаты билим берүүдөгү сапат маданияты концепциясын өнүктүрүү жана калыптандыруу болуп саналат. Бул сыйлык ТалМУнун жалпы эмгек жамаатынын эмгеги жана сыймыгы! ______________________________________ На мероприятии, организованном Министерством образования и науки Кыргызской Республики и Агентством по гарантии качества в сфере образования «EdNet», Таласскому государственному университету вручено сертификат награды в специальной номинации «За вклад в устойчивое развитие региона». Церемония награждения прошла в Бишкеке в конференц-холле «Innova», и в нем приняла участие начальник учебной части ТалГУ Д.Д.Куттубаева. Агентством по гарантии качества в сфере образования «EdNet» на постоянной основе в течение года проводятся по выявлению лучших практик в национальной системе качества высшего образования, и основной целью Премии качества «Путь к развитию» является продвижение и формирование концепции культуры качества в образовании. Эта награда — труд и гордость всего коллектива ТалГУ!

Прокрутить вверх