Академиялык мобилдүүлүк

Укук таануу адистигин 2-курсунун студенттери Бишкек шаарындагы М.Рыскулбеков атындагы КЭУнин Экономика жана сервис колледжинин Укук таануу адистигине барып,эки жума ийгиликтүү окуп келишти.

ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн укук таануу жана коомдук дисциплиналар секциясынын окутуучусу С. Т. Омурзакова Бишкек шаарындагы М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин Экономика жана сервис колледжинин “Укук таануу ” адистиктеринин 3- курсунун студенттери үчүн “Кылмыш процессуалдык укук ” предмети боюнча 31.10.2023 “Тергөө өндүрүшү ” аттуу темада конок- лекция окуп келди.
Окуу жайдын директору Г. А. Узбекова жана окуу жана Мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары Д. И. Шаменалиева лекция окуган окутуучуга ийгилик каалап, мындан ары да кызматташууга даяр экендиктерин айтышты .

Талас мамлекеттик университети жана Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети менен өз ара кызматташуу келишими түзүлгөн. Мына ошол келишимдин негизинде 15.02.23 аталган университеттин экономика жана сервис колледжинин окутуучулары ТалМУнун алдындагы КОБББнын “Укук таануу” адистигинин 2- курсунун КПР-1-21 тайпасына “Адамдын укуктары жана милдеттери” деген темада З. С. Акматова, “Укук таануунун негиздери” деген темада Г. С. Мамырканова конок – лекцияларын окуп кетишти. Окутуучулар даярдап келген лекцияларынын актуалдуулугун ачып, видео- слайд менен бекемдеп, балдар менен тапшырма аткарышты. Студенттердин кызыккан суроолоруна жооп беришип, лекция кызыктуу өттү.

Талас шаарынын прокурорунун жардамчысы, юстициянын улук лейтенанты Тынарбек кызы Мунара 6.05.2024 ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) “Укук таануу” адистигинин студенттерине “Жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо прокуратуранын ролу жана орду” темасында конок лекция өтүп берди.

ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) 7.05.2024 “Укук таануу” адистигинин студенттерине Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны Мүзүрбеков Тилек Мүзүрбекович “Тергөө кызматынын өндүрүшү” аттуу темада конок лекция өттү. Теориялык маалыматы мазмундуу лекция студенттер үчүн пайдалуу болду. Кылмышты ачуу процессинде жүргүзүлгөн тергөө ишинин мааниси, жыйынтыгы кылмышты ачууга тийгизген таасири тууралуу айтылган маалымат терең жана маанилүү болду. Студенттер лекция учурунда суроо берип, канааттануу менен отурушту.

ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) “Укук таануу ” адистигинин студенттерине 8.05.2024 Талас облусунун адвокатурасынын адвокаты Буланбек уулу Бексултан “Адвокатура и адвокатская деятельность” предметинен “Адвокаттык кесиптин пайда болуу жана өнүгүү тарыхы” жөнүндө конок лекция өттү. Коомдогу адвокаттын пайда болушу, иши, орду, азыркы абалы тууралуу презентация аркылуу кенен маалымат берип, лекция кызыктуу болду.Лекциянын жүрүшүндө студенттер кызыккан суроолоруна жооп алып, сабак өз максатына жетти.

Укук таануу адистигинин секция башчысы Чалабаева Дж.А КЭУнин “Кыргыз Республикасындагы Орто кесиптик билим берүү бөлүмүндөгү аккадемиялык мобилдүүлүктөгү көйгөйлөр” деген демадагы тегерек столго онлайн катышып ыраазычылык катка жана сертификатка  ээ болду.

Академиялык мобилдүүлүк боюнча түзүлгөн келишимдер

Прокрутить вверх