Университеттин тарыхы

Элдин, улуттун ,жалпы эле адамзат баласынын басып өткөн жолун тарых деп келебиз. Адам баласынын турмуш жолун канчалык кайгы-капа,кубаныч-сүйүнүч коштоп жүргөн сыяктуу,окуу жайыбыздын да башынан өткөргөн тагдыры.тарыхы бар. Анда эмесе тарыхка кайрылсак.
1996-жылы Талас областындагы социалдык-экономикалык маселелерди чечүү максатында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн Талас шаарында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин (КМПУ) филиалы менен Кыргыз архитектуралык курулуш институтунун (КАСИ) филиалы ачылган. Кыргыз архитектуралык курулуш институттун филиалынын директору болуп доцент Бообеков Акан Бообекович дайындалган. Ал эми Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университеттин филиалынын директору болуп Чынаев Жениш Чынаевич дайындалган.
Талас шаарында аталган филиалдардын ачылышына китептер менен камсыздоо, эмеректер менен жабдуу, физика, химия лабораторияларын приборлор менен толуктоо багытында КГУСТАнын ректору Тентиев Ж., И.Арабаев атындагы КМПУнун ректору А.Бөръбаев, Илимдер академиясы, Обл ОНО, РайОНО, Талас областынын мектептери демөөрчүлүк жардамдарын көрсөтүшкөн. «Сорос-Кыргызстан» фонду 209227 сом өлчөмүндөгү 2087 даана китептерди бөлүп берген.
КАСИнин филиалынын имараты катарында К.Маркс көчөсүндөгү № 40 айнектери менен полу жок, жылуулук системасы иштебеген, абалы каралбай калган балдар бакчасынын имараты бөлүнүп берилген. 1996- жылы 1-сентябрга карата бул имарат Бообеков Акан Бообековичтин жетекчилиги астында ашар жолу менен ремонттон өткөрүлгөн. Курулуш материалдарын А.Б.Бообеков өз тааныштарынын жардамы менен арзан баада жана жеткиликтүү өлчөмдө сатып алып келген. КАСИнин тегерегиндеги аянтчаларды асфальттоодо Эссен Назаралиев жакындан жардам берип демөөрчүлүк көмөк көрсөткөн. Ал эми Талас областтык агрохимиялык лаборатория, химия лабораториясы үчүн реактивдерди, пробиркаларды, колбаларды жана башкаларды спонсорлук жардам катары берген.
Талас шаарына Акаева Майрам Дүйшөновнанын бир келишинде КАСИнин филиалын көрүп, физика боюнча лабораторияны түзүүгө деп 100 000 сом суммасындагы демөөрчүлүк жардамын көрсөткөн. Институттун китепканасын түзүүдө ар бир окутуучу өздөрүнүн жеке китепканаларынан китептерди алып келишкен.
КМПУнун филиалында адегенде төмөнкү адистиктер ачылган:

  1. Математика жана информатика
  2. Кыргыз тили жана адабияты
  3. Биология жана экология
  4. Англис тили
  5. Педагогика жана башталгыч билим берүү методикасы
    Ал эми КАСИнин филиалында болсо төмөнкү адистиктер ачылган:
  6. Жол кыймылын уюштуруу
  7. Маалыматтык системалар жана технологиялар
  8. Костюмду көркөм долбоорлоо
  9. Эл аралык экономикалык байланыштар
  10. Бухгалтердик эсеп жана аудит.
    1998-жылы КМПУнун филиалы 1998-жылы 5-октябрдагы №117/5 буйругунун негизинде И.Арабаев атындагы КМПУнун Талас педагогикалык институтут болуп өзгөртүлгөн. 1999-жылы КМУУнун филиалы дагы ачылып, анын директорлугуна К.А.Ташматова дайындалган. Ал эми 1999-жылы КГУСТАнын филиалынын директору болуп А.И.Жылкичиев дайындалган.
    КРнын Президентинин №189 25.07.2000-жылындагы Указына, Өкмөттүн 4.09.2000- жылындагы №546 токтомуна жана Билим берүү, илим жана маданият министрлигинин 10.09.2000-жылы № 606/1 буйругуна ылайык И.Арабаев атындагы КМПУнун, КГУСТАнын, Кыргыз улуттук университетинин Таластагы филиалдары жана Таластагы айыл чарба техникумунун базасында Талас мамлекеттик университети түзүлгөн.
    2000-жылы 4-сентябрдагы Кыргыз Республикасынын № 546 токтому менен ТМУнун ректорлугуна Өмърбеков Төрөбек Бөкөнбаевич дайындалган.
    2000-2001-окуу жылы ТалМУда 12 адистик боюнча билим берилген. Алар:
  11. Математика-информатика
  12. Биология
  13. ПМНО
  14. Кыргыз тили жана адабияты
  15. Чет тили(англис тили)
  16. Немец тили
  17. Тарых
  18. Жол кыймылын уюштуруу
  19. Костюмду көркөм долбоорлоо
  20. Экономикадагы маалыматтык системалар
  21. Эл аралык экономикалык байланыштар
  22. Бухгалтердик эсеп жана аудит Жаъыдан түзүлгөн университеттин окуу иштери боюнча проректору болуп Чынаев Жеъишбек Чынаевич эмгектенген. Ал эми 2001-жылдын май айында окуу иштери боюнча проректорлугуна Омушев Э.О., тарбия иштери боюнча проректорлугуна Абиев Нурлан дайындалган.
    2001-жылдын 24-августунда Билим берүү министрлигинин №65 приказынын негизинде Талас мамлекеттик университетинин алдында Бектур Исаков атындагы Лицей ачылган. Бул Лицейдин бүтүрүүчүлөрү ТалМУнун мыкты студенттеринин катарын толуктаган.
    2001-2002 –окуу жылында ТалМУда 14 жаъы адистик ачылган. Ошондо бардыгы болуп 26 адистик боюнча билим берүү жүргүзүлгөн, күндүзгү бөлүмүндө 1672 студент, сырттан окуу бөлүмүндө 1970 студент окуган. Ошол окуу жылында ТалМУнун окуу корпусун кеъейтүү максатында азыркы Гуманитардык факультет жайгашкан «Чолпон» фабрикасынын имараты сатылып алынган.
    2001-жылдан 2003-жылга чейин тарбия иштери боюнча проректор болуп Б.Курманалиев иштеген, ал эми педагогикалык факультеттин деканы болуп К.Эсенов, гуманитардык факультеттин деканы болуп М.Калманбетов иштеген, азыркы учурда гуманитардык факультетти ф.и.к,доцент С,С,Жумалиев жетектейт.
    2002-жылы 5-августта КРнын №528 токтому менен Талас мамлекеттик университетинде «Аскер» кафедрасы уюшулган. Аталган кафедранын башчысына подполковник Жолчубеков Бакай Соъколович дайындалган.
    Ушул эле жылы мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу борбору, сырткы байланыштар бөлүмү ачылган, ал бөлүмдө Р.Жумашалиева иштеген.
    Талас мамлекеттик университети болуп уюшулгандан баштап жогорку окуу жайына тиешелүү болгон талаптын негизинде илимий иштер менен иштөө жолго коюла баштаган. ТалМУнун алгачкы аспирант-изденүүчүлөрүнүн арасынан кандидаттык диссертациялар корголо баштаган. Илимий даражага жетишүү боюнча чыйыр пайда болгон. Так айтканда, илимий даражага ээ болуу карлыгачтарыъ болуп 2001-жылы айыл-чарба илимдери боюнча Абдыкаирова Айнакан, 2002-жылы Упенов Айбек, филология илимдери боюнча 2003-жылы Жумалиев Самат, Айталиева Толкун, Кенжебаев Дайырлар кандидаттык диссертацияларын коргошкон.
    Андан кийинки ТалМУнун өнүгүү баскычы катарында 2002-жылы 25-январда Технологиялык факультеттин алдында ачылган автомектепти айтсак болот. Ошондой эле жаъы адистиктердин ачылышы менен университете экологиялык-агрардык сектор жана экономика-юридикалык факультет ачылган. Экологиялык –агрардык секторду Упенов А.Ш. жетектеген.
    Окуу бөлүмүнүн башчылыгына 2000-жылдан 2003-жылга чейин Тургунбаева Марипа Устабаевна иштесе, 2003-жылга чейин анын орун басары болуп Ж.Масалбеков, 2003-жылдан баштап Г.Бообекова иштеген. 2003-жылдан 2004-жылга чейин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп Т. Жусупбеков иштесе, 2004-жылдан тартып Бообекова Гуля Акановна иштеп келе жатат. 2000-жылдан баштап кадрлар бөлүмүнүн башчысы болуп Б.Осмонова, 2012-жылдан бери
    А. Атыканова, пландоо бөлүмүндө К. Сагынбаева, башкы бухгалтерликте Т. Абдыкадыровдор үзүрлүү иштеп келе жатышат.
    Университет болуп уюшулган алгачкы жылдары билим берүү И. Арабаев атындагы КМПУ менен КГУСТАнын окуу пландарынын негизинде жъргъзълсө, 2003 жылдан баштап 1-муундагы стандарттын негизинде ТалМУнун окутуучулары өздөрү жумушчу программаларын жана окуу-методикалык көрсөтмөлөрүн түзүүгө өтүшкөн.
    2003-жылы 2-июлда ТалМУнун ректорлугуна Жылкичиев Аскарбек Исаевич дайындалган. Окуу иштери боюнча проректорлугуна А.Б.Барпыбеков, тарбия иштери боюнча проректорлукка Н.К.Шопокова дайындалган. Жылкычиев Аскарбек Исаевич ректор болгондон баштап илгерилеп өнүгүү тез темп менен жүрүп олтурган. Технологиялык факультеттин жана КГУСТАнын Таластагы окуу-өндүрүштүк борборунун базасында Технологиялык институту уюшулган (56/6 15.09.2003-жылдагы буйрук менен). Директору болуп КГУСТАдан т.и.к. Тургунбаев Мелис Сыргабаевич чакырылып келип дайындалган.
    2003-2004-окуу жылы Ломоносов көчөсүндө жайгашкан имарат ТалМУнун карамагына өтүп, ал жерге экономикалык-экологиялык факультет уюшулган. Ал факультетке декан болуп А. Упенов, Г.Дөбаева иштеп келишсе 2010-жылдан бери ф.и.к., доцент Д. О. Кенжебаев эмгектенип келүүдө..
    2004-жылы АКШнын көмөгү менен англис тили кафедрасында ресурстук борбор ачылып, компьютер, ксерокопия, диапроектор, магнитофон, видеомагнитофон менен жабдылган..
    ТалМУнун илимий иштерин жеткиликтүү көъүл буруу үчүн 2004-жылы илимий иштер жана сырткы байланыштар боюнча проректор болуп а-ч.и.к,доцент Упенов Айбек Шерипбекович иштеген.
    ТалМУнун профессордук –окутуучулар курамын жогорку квалификациялуу кадрлар менен толуктоо максатында сырттан илимдин кандидаттары: Д. Казакбаев, доцент Ш. Курманкулов, И. Абдрахманов жана Г. Дөбаевалар чакырылган.
    Кийинки жылдары илим менен иштөөгө көъүл бурулуп,кандидаттык илимий ишин коргогон окутуучулардын саны арбыды,анткени алар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Алар: К. Жунусалиева, Г. Кудабаева, А. Ажибаева, К. Стамалиева, А. Акынбекова, М. Жусуповала, М .Раева, Г. Турсалиева, М. Шайланова,
    З. Ташыбекова, К. Душеева, Д. Куттубаева, У. Мырзабекова жана жакында эле докторлук ишин ийгиликтүү коргогон ф.и.к,доцент Д. О. Кенжебаевди сыймыктануу менен белгилесек болот. Кандидаттык ишин коргогон окутуучуларга быйылкы окуу жылынан баштап 60 000, докторлук диссертация коргосо 100 000 сом берилери, ТалМУнун кадр даярдоо саясатындагы баса белгилеп айта кетүүчү камкордук деп айтсак болот.
    Университеттин өнүгүшүндө тарбиялык иштер да сыртта калбай өз ишин үзүрлүү жүргүзүп келет. Бүгүнкү билим берүү тармагында өлкөбүздүн социалдык, экономикалык тармактагы кыйынчылыктары менен жетишпеген мүмкүнчүлүктөрүн жеъе билүүдө өз салымын кошууда, ар бир билим алып жаткан улан-кыздарда алабарман кадамдар эмес, улуттук түпкү мүдөөсүн туу тутуп, түйүндүү көйгөйлөрдү туура аныктап, ал маселелерди комплекстүү, ырааттуу чечүүгө багытталган руханий дүйнөсүнүн бай идеяларында калыптандыруу маселеси турат.
    Жаштарды калыптандырууда улуттук моделди иштеп чыгуу багытында Талас мамлекеттик университетинин маданий, мекенчилдикке, дене-тарбия иштери, студенттердин жалпы интеллектуалдык деъгээлин өстүрүүдө бир топ иш чаралар жүргүзүлүп жатат.
    Билим алууну интеллектуалдык потенциалын байытып, чыгармачылык, коомдук активдүүлүгүн өстүрүү менен өзүн келечекте бир багыты бар, максаты бар, жоопкерчиликтүү инсан болушуна университеттин иш чаралары багытталып, иш жүргүзүлүп турат.
    Азыркы учурда 3000студент окушуп билим алышууда. Ушул күнгө чейин 7945 студент, байылкы окуу жылында 500гө жакын студент уядан учканы турушат, б. а. 8500 студент.
    Студенттердин ички-тышкы мобилдүүлүгү боюнча иштер жолго коюлган.
    «Ош декларациясы» боюнча республикадагы 5 окуу жай менен ички мобилдүүлүк жүргүзүлүп, студенттер бир семестр башка окуу жайда окуп келип жатышат, башкача айтканда биздин студенттер ОшМУда окуп жатышат.
    Сырткы мобилдүүлүк боюнча Бухара университети менен меморандумга кол коюлуп,алгачкы кадамдар башталды.
Прокрутить вверх