Гуманитардык факультет

058Абдиева Жылдызкан  Канатбековна

гуманитардык факультеттин

деканы, тарых илимдеринин

кандидаты, доцент

                                Факультеттин курамы

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы

      Негизги көрсөткүчтөр

 ·        46 кызматкер

 ·        2 илимдин доктору

 ·        11 илимдин кандидаты

 ·        10 ага окутуучу

 ·        17 окутуучу

 ·        6 методист

 ·        Интернет класс

 ·        мультимедиалык класс

 ·        лингафондук кабинет

 ·        Америка ордосу

 ·        Мамлекеттик тил борбору

 ·        Орус тили борбору

 ·        Тарых борбору

Орус тили жана адабияты кафедрасы

Чет тилдер кафедрасы

Тарых жана коомдук илимдер кафедрасы

Талас мамлекеттик уиверситетинин гуманитардык факультети 1998-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин филиалынын курамында түзүлгөн.

Факультет уюшулгандан бери филология жана тарых адистиги багытында адистерди даярдоо үстүндө үзүрлүү эмгектенип келет. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк мезгилинин алгачкы жылдарында түзүлгөн жогорку окуу жайынын гуманитардык факультетинин бүтүрүүчүлөрү өлкөбүздүң булуң-бурчтарында жана чет өлкөлөрдө эмгектенишүүдө.

061Гуманитардык факультеттин калыптанышына жана өсүп-өнүгүүсүнө салымдарын кошкон төмөнкү педагог-адистерди баса белгилөөгө болот, философия илимдеринин кандидаты М.М.Калманбетов; филология илимдеринин докторлору — С.С.Жумалиев,  Д.О.Кенжебаев; тарых илиминин кандидаттары – К.А.Кенешбеков, Ж.К.Абдиева, М.М.Жусупова; филология илимдеринин кандидаттары — Г.С.Сатаева, К.Т.Жунусалиева, Т.К.Айталиева, АҮ.Акынбекова, Д. Куттубаева; педагогика илиминин кандидаты Г.А.Душеева жана тажрыйбалуу насаатчылар  –  Т.Бейшебекова,  А.С.Мараяпова, З.К. Боромбаева, А.Итикулова, К.Акматова, Б.Ниязалиева ж.б.с. окутуучулар жаш адистерди даярдоодо өз салымдарын кошуп келет.

ТалМУнун гуманитардык факультетинде жаш илимпоздордун саны күндөн-күнгө көбөйүп, алардын илимге болгон кызыгуусунун натыйжасы өз жемишин берүүдө. Алып карасак, гуманитардык факультеттин тарых адистигинин бүтүрүүчүлөрү, тарых илимдеринин кандидаттары — Р.Т.Конокбаев, А.С.Усубалиева; изденүүчүлөр — Э.К.Кулова, Т.Б.Сакеев, Р.Үркүнбаева, С.Т.Сатаева, В.А.Турдалиева, Т.К.Көкөев, Ч.Жумагулова ж.б.

Факультеттеги заманбап материалдык базасы, тарыхый-этнографиялык жана тил маданиятын үйрөтүү борборлору, профессордук-окутуучулар курамы менен студенттер ортосундагы тыгыз ишмердүүлүк процесси бири-бири менен маданияттуу алакалардын түзүлүшүнө, чынчыл академиялык кызматташуунун чордонуна айланышына бир топ өбөлгө түзүүдө.

060Гуманитардык факультетте бакалавр багыты боюнча адистердин сапаттуу даярдалышына өзгөчө көңүл бурулат жана эл аралык, республикалык түрдүү  программалар менен алмашуу аркылуу студенттердин ыкчам билим алуусун камсыз кылат. Мындай иш-чаралар өз кезегинде  студенттердин чыгармачылыгын көтөрөт, азыркы мобилдүү, өзгөрүлмө дүйнөдө өз ордун табууга өбөлгө түзөт. Бүгүнкү күндө гуманитардык факультеттин жалпы аянты 5256 м.кв. түзөт. Коюлган нормативдик талапка жараша 1 студентке 11 м.кв. туура келет, бул жагынан алганда талапка толук жооп берет.

Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинде сырткы жана ички мобилдүүлүк жакшы жолго коюлуп жатат. Алсак, 2016-жылы 20-21-майда республикабыздын жети областында жайгашкан Ош мамлекеттик университети, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Баткен мамлекеттик университети, Ош гуманитардык педагогикалык институту, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекетттик университети жана Талас мамлекетик университетинин ортосунда ички мобилдүүлүктү өнүктүрүү боюнча Ош декларациясына кол коюлду. Бул Кыргыз Республикасынын билим берүү багытындагы эң чоң тарыхый окуя болуп калды. Ал аркылуу 2016-жылдын сентябрь айынан баштап студенттер республикабыздын жети дубанына барып бирдей билим алууга, кызматташууга кеңири жол ачылууда.

059Факультеттин окутуучулары А.Мараяпова «Fulbriht» билим берүү программасы боюнча АКШ мамлекетинин Нью-Йорк шаарындагы университетте, ТЕМПУС билим берүү программасынын негизинде Австрия өлкөсүндө стажировкада болуп келген. А.Нуралиева Эрасмус Мундус программасынын негизинде Литвага, Чехияга, Казакстанга, Австрияга, Швецияга стажировкада болуп келди. Т.Сакеев Эрасмус Мундус программасынын негизинде Турция өлкөсүнүн Анадолу университетинин аспирантурасында окуп келген. Г.Сатаева дагы Эрасмус Мундус программасынын негизинде Германия өлкөсүндө Жорж Август университетинде өзүнүн илимий иши боюнча изилдөө жүргүзүп,  кандидаттык ишин ийгиликүү коргогон. Ч.Жумагулова дагы 2012-2013-жылы Эрасмус Мундус программасынын негизинде Чехия өлкөсүндө стажировкада жана  2015-жылы “Американский уголок” программасы менен Австрияда,  К.Кожокулова Польша жана Францияда болуп келишкен.

Ошондой эле факультеттин илимпоз-окумуштуулары Ж.К.Абдиева менен Т.К.Айталиева Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педагогикалык университетинде өткөн “Манас” эпосу жана кыргыз салты”, Алтай крайында өткөн эл аралык деңгээлдеги илимий-практикалык конференцияга илимий баяндамалары менен катышып келишти. Ал эми биздин студенттер Үмөталиева Жылдыз, Норузбаева Мунира, Жуманалиева Чолпон, Жунусова Хакима, Асанова Жылдыз, Пак Марина, Сейитказиева Айгүл, Улушбекова Айзат, Турсуналиева Айнура Испания, Польша, Чехия өлкөлөрүндө жогорку программалрдын негизинде билим алып келишкен.

Факультеттин окутуучулары “AC-Carrvan”, “Teacher Training”, “Computer Literary”, «Women History Montl», « Toefl club», «Academic writing club» программалары менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барышат.

062

Гуманитардык факультет

Билим берүү реформаларынын негизинде Талас мамлекеттик уиверситетинин гуманитардык факультети 1998-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин филиалынын курамында түзүлгөн.

Факультет уюшулгандан бери филология (кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили) жана социалдык-экономикалык билим берүү багытында (тарых адистиги) адистерди даярдоо үстүндө үзүрлүү эмгектенип келет.

Окуу жайдын миссиясы жана максаты, келечегиазыркы ата-мекендик жана эл аралык талаптарга жооп берген кесипкөй, компетенттүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо мененТалас регионундагы ыкчам өнүгүп жаткан билим-илим, инновациялык-интеллектуалдык жана маданий-агартуу борбору катары кеңири билим берүүчүлүк жана илимий-изилдөөчүлүк кызматтарын камтыган окуу жана илимий борборлор менен өнөктөштүк байланыштарды өнүктүргөн, жогорку деңгээлдеги бүтүрүүчүлөрдү, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди калыптандыруучу жогорку окуу жайынан болуу.

Гуманитардык факультетте бакалавр багыты боюнча адистердин сапаттуу даярдалышына өзгөчө көңүл бурулат жана эл аралык, республикалык түрдүү программалар менен алмашуу аркылуу студенттердин ыкчам билим алуусун камсыз кылат. Мындай иш-чаралар өз кезегинде студенттердин чыгармачылыгын көтөрөт, азыркы мобилдүү өзгөрүлмө дүйнөдө өз ордун табууга өбөлгө түзөт.

Окуу процесси мамлекеттик окутуу стандарттарынын негизинде окуу пландарынын, модулдук иш программаларынын жана окутуунун Болондук процессинин принциптеринин негизинде жүргүзүлөт. Студенттердин билим деңгээлин текшерүү модулдук-рейтингдик системада, компьютердик технологияны колдонуу менен жүргүзүлөт жана алардын билимине коюлган бааллар тесттик тапшырманын (АВН программасы)жана текшерүүнүн түрлөрүнүн алкагында студенттерге коюлган талаптар ОМК жана силлабустарда көрсөтүлгөн баалоо системасынын негизинде аныкталат.

          Студенттердин билимин баалоонун негизги максаты-алар өз алдынча койгон милдеттерди аткаргандыгын, жыйынтык чыгарууга жетишкендиктерин, квалификацияга ээ болууда стандарттын талаптарына жооп берүүчү компетенцияларга ээ болгонун белгилөө болуп саналат.

Баалоонун критерийлери менен студенттер университеттин (www.talsu.kg) сайтында тааныша алышат.

Гуманитардык факультеттин профессордук-окутуучулар курамынын илимий даражасы -60% ти түзөт. Факультетте 2 филология илимдеринин доктору, 13 илимдин кандидаттары (5 тарых илимдеринин кандидаты, 4 филология илимдеринин кандидаты, 2 педагогика илимдеринин кандидаты, 1 социология илиминин кандидаты, 1 философия илиминин кандидаты) эмгектенет.

Гуманитардык факультеттин профессордук-окутуучулар жамааты окуу жайдын “Мыкты окутуучусу”, “Мыкты илимий кызматкер”, “Мыкты доцент”, “Мыкты куратор”, “Мыкты аспирант, изденүүчү” деген конкурстарынын жеңүүчүлөрү. КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин жана президенттин грамотасынын ээлери.

Факультетте К.Кеңешбеков атындагы музей, Д.Казакбаев атындагы китепкана, ресурстук борбор “Америка ордосу”, лингафон кабинети, компьютердик класстар, мамлекеттик тил, орус тил борборлору жана башка окуу-усулдук борборлор иш алып барат.

Эл аралык байланыштар

Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинде сырткы жана ички мобилдүүлүк жакшы жолго коюлуп жатат. Алсак, 2016-жылы 20-21-майда республикабыздын жети областында жайгашкан Ош мамлекеттик университети, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Баткен мамлекеттик университети, Ош гуманитардык педагогикалык институту, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекетттик университети жана Талас мамлекетик университетинин ортосунда ички мобилдүүлүктү өнүктүрүү боюнча Ош декларациясына кол коюлду. Бул Кыргыз Республикасынын билим берүү багытындагы ЖОЖдордун ортосундагы эң чоң тарыхый окуя болуп калды. Ал аркылуу 2016-жылдын сентябрь айынан баштап студенттер республикабыздын жети дубанына барып бирдей билим алууга, кызматташууга кеңири жол ачылды. Бул келишимдин алкагында факультеттин студенттери Кыргыз Республикасынын региондорунда жайгашкан ЖОЖдорунда билим алмашуу процессине активдүү катышып жатат.

Факультеттин окутуучулары «Fulbriht» билим берүү программасы боюнча АКШ мамлекетинин Нью-Йорк шаарындагы университетте, ТЕМПУС билим берүү программасынын негизинде Австрия өлкөсүндө ЭрасмусМундус программасынын негизинде Литвага, Чехияга, Казакстанга, Австрияга, Швецияда стажировкада болуп келишкен. Факультеттин жаш илимпоз адистери Эрасмус+ Мундус программасынын негизинде Түркия өлкөсүнүн Анадолу университетинин аспирантурасында окуп келген жана ушул программанын алкагында Германия өлкөсүндө Жорж Август университетинде илимий темалары боюнча илимий изилдөө жүргүзүп келишкен.

Ошондой эле факультеттин илимпоз-окумуштуулары Абдиева Ж.К., Айталиева Т.К., Конокбаев Р.Т., Жусупова М.М. Румыния мамлекетине, Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педагогикалык университетинде өткөн “Манас” эпосу жана кыргыз салты” илимий-практикалык жыйынга, Алтай крайында, Өзбекстан республикасынын Андижан шаарында, Москва шаарында өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга илимий баяндамалары менен катышышкан.

2018-жылы Сатаева Г.С., Акынбекова А.Ү., Туркиянын Анкара шаарында Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып, жыйынтыгында алтын медалга татыктуу болушкан.

ОКУУ ПРОЦЕССИ

Факультеттеги окуу процесси окутуунун кредиттик технологиясы боюнча жүргүзүлөт. Филология багытындагы адистиктерде окутуу кыргыз, орус, англис тилдеринде жүргузулөт. Социалдык-экономикалык билим берүү багытындагы тарых адистигинде кыргыз, орус тилдеринде жүргүзүлөт. Күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүндө окутуунун дистанттык технологиялары ишке тереңдетилип киргизилүүдө.

Филология багытындагы (кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили) жана социалдык-экономикалык билим берүү багытындагы (тарых адистиги) адистиктерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандартынын жана мамлекеттик типтүү пландардын талаптарына ылайык негизги билим берүү программалары (НББ) иштелип чыккан.Бардык адистиктин окуу пландары тышкы стейкхолдерлердин(иш берүүчулөр, бүтүрүүчүлөр) макулдашуусу менен каралат.

Факультет бугүнкүкундүн талабына жооп берген материалдык-техникалык базага ээ. Факульеттин аянтынын көлөмү 6208.77м.кв. түзөт.Коюлган нормативдик талапка жараша 1 студентке 11 м.кв. туура келет.

Факультетте 4 кафедра, көп тилдүүлүктү өнүктүрүүчү борборлор (кыргыз тили, орус тили, англис тили), ресурстук борбор “Америка ордосу”, студпарламент кабинети, лингафон кабинети, археология-этнографиялык музей, китепкана, компьютердик класстар бар.

Факультет бардык адистиктердин педагогикалык жана профессионалдык практикаларын окуу жайдын билим берүү мекемелери жана башка тиешелүү мекемелер  болгон келишимдердин негизинде жүргүзөт.

Факультетте студенттердин жетишүүсүң жана кыймылын контролдоону камсыздаган окуу процессинавтоматташтырган — АВН программасы иштейт.

ИЛИМИЙ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Факультетте 2 илимдин доктору С.С.Жумалиев жана Д.О.Кенжебаев жана 11 илимдин кандидаттары, доценттер эмгектенишет. Д.О.Кенжебаев, С.С. Жумалиев КР ЖАКтын кыргыз тили боюнча диссертациялык кеңештин мүчөлөрү, кандидаттык илимий даражаны алуу үчүн жазылган диссертациялык иштерди коргоодо диссертанттардын оппоненттери.

Кыргыз Улуттук илимдер Академиясынын Тарых жана мурас институту жана Кыргыз улуттук университети алдындагы тарых илимдери боюнча кандидаттык (докторлук) диссертацияларкоргоолуучу Д.07.18.574 диссертациялык кеңеши диссертанттантаргаТалас мамлекеттик университетинин “тарых жана коомдук илимдер кафедрасын” (2018-2019-жж, 2019-2020-жж.) жетектөөчү мекеме катары бекиткен. (Диссертанттар: Куттубекова В.М., Арзыбаев Т.К.) (Тема:Түндүк жана түндүк-батыш Кыргызстанда жашаган кыргыз үй-бүлөлөрүнүн совет доорундагы тамак-аш системасы (этнографиялык жана этносоциологиялык материалдардын негизинде)” “Кыргыздардын коңшу элдер менен болгон этносаясий жана маданий байланыштары (XIV-XVII кк.)” аттуу 07.00.07 – этнография, этнология, антропология адистиги боюнча тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертацияла).Бул дагы өз кезегинде окуу жайдын илимпоздорунун илимий чөйрөдөгү абройунун көрсөткүчү болуп саналат.

Факультеттегиилимдин кандидаттары Абдиева Ж.К., Айталиева Т. К., Жунусалиева К.Т., Акынбекова А.У., Жусупова М.М. — докторлук илимий темасынынүстүндө эмгектенишүүдө.

Орус-тили жана адабияты кафедрасынын ага окутуучусу Уркумбаева Р. илимий-изилдөө темасы боюнча талкууга даярданып жатат.Көкөев Т.К., Туткучбаева К., Алтыкеева Н.Ж., Өмүрбек к.Ү. илимий-изилдөө темаларынын үстүндө иштөөдө.

Республикалык деңгээлде өткөрүлгөн илимий–практикалык конференцияга факультеттин окутуучулары өздөрүнүн илимий макалалары менен активдүү катышып жатышат. Окутуучулар макалаларын даярдашып КРнын ЖАК тарабынан таанылган илимий-методикалык журналдарга илимий макалаларын жарыялоодо. Гуманитардык факультетин окутуучулары КРнын ЖОЖдордо өтүп жаткан илимий-практикалык конференцияларына жана эл аралык илимий практикалык конференциялардын активдүү катышуучулары. Алсак, Жусупова М.М. Өзбекистан Республикасынын Андижан шаарындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга “Зыйнат датка – тарыхый инсан” аттуу илимий макаласы менен катышып келди. Душеева К.А. 11-13 октябрь. «V Международный симпозиум тюркоязычныхнародов» аттуу илимий –практикалык конференцияга Казакстан республикасынын Алматы шаарындагы «Ч.Айтматовдун чыгармаларында адам жана адамзат проблемаларын көркөм чагылдырылышы немис адабий сынында» аттуу илимий макаласы менен катышты Симпозиумда К.А.-Душеевага сертификат тапшырылган.

Айталиева Т.К. – 2019-2020 – окуу жылында Москва шаарындагы РФ РАНХиГСтин теориялык фольклористика лабораториясынын “Манас” эпосунун сюжеттик-тематикалык көрсөткүчүн тузүү боюнча 72 сааттык семинарга катышып, сертификат алып келген. Москва шаарында жылда өткөрүлүүчү “Гайдардык окуу”иш чарасынын “Азыркы учурдагы билим берүү” аттуу талкуусуна катышып келген. Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарындагы Н.Назарбаев атындагы университетте өткөрүлгөн “Жогорку билим берүүдөгү лидерлик” аттуу форумга катышып, сертификатка ээ болгон.

ЖАШТАР САЯСАТЫ ЖАНА СТУДЕНТТИК ЛИДЕРЛИК

Талас мамлекеттик университетинин студент-жаштарын жаңы формацияда калыптандыруунун миссиясы:

  • Дүйнөлүк стандарттардын денгээлиндеги студенттердин сапаттуу билими
  • Студенттик өзүн-өзү башкаруу уюмунун ишинин эффективдүүлүгү менен тиешелүү тузүмдөр жана программалар менен болгон социалдык өнөктөштүгүн күчөтүү.
  • Студенттердин ар тараптан өнүгүүсүн жана өз алдынча өсүшүн камсыз кылуу.
  • ТалМУнун студенттери арасындагы маданий-массалык, коомдук иштердин жанданышына жана студенттердин окууга болгон кызыгууларын арттыруу, университеттик деңгээлде студенттердин ынтымак-биримдигин чыңдоо жана Кыргызстандын ЖОЖдорундагы студенттер менен интеграциялык байланыштарды күчөтүү, достук мамилелерди чыңдоо.

Студенттик өз алдынча түзүлгөн уюмдар — студенттердин жетишкендиги, студенттик лидерликтин, патриоттуулуктун мектеби – булар ар кыл темадагы студенттик уюмдар, бирикмелер, кызыгуулары боюнча түзүлгөн клубдар.

Талас мамлекеттик университетинде жаштар комитети, көркөм-адабий кружоктор, бий ансамбли, тапкычтардын, шайырлардын клубу, вокалдык группа, студенттик театрдык студия окуу жайдын көркөм жетекчисинин көзөмөлүндө  активдүү иш алып барат.

Студенттердин өз алдынча башкаруусу окуу жайдын студпарламентинин структурасында көрүнүп турат.Биздин окуу жайда лидерлик сапатты, интеллектуалды, өзүн-өзү реализациялоону жана адеп-ахлактык руханий дүйнөнү өнүктүрүүгөмүмкунчулүк түзүлгөн.

«Кыргызстанда орус тилинде билим берүү» аттуу эл аралык имилмий — агартуучулук марафону Талас мамлекеттик университетинде В. Шукшин атындагы Алтай мамлекеттик гуманитардык педагогикалык университети менен бирдикте өткөрүлдү (ноябрь-2022)

Алтайдагы В.М.Шукшин атындагы гуманитардык педагогикалык университети менен Талас мамлекеттик университети менен биримдикте өткөрүлгөн «Образования на русском в Кыргызстане» аттуу илимий-агартуучулук форум-марафонунда гуманитардык факультетинин студенттери орус тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу А.Т. Итикулованын жетекчилиги менен орус элинин «Масленица» майрамы жогорку денгээлде чагылдырылды.

10.12.2021-жылы Бишкекте Жогорку окуу жайлар аралык “Айтматов фиеста” студенттик фестивалында биздин факультеттин студенттери  Беглеров Дастан гран-приге, Токтосунова Феруза 2-орунга ээ болду

9-11-декабрь күндөрү Талас мамлекеттик университетинде өтүүчү «Кыргызстанда мамлекеттик тилде билим берүү » аттуу республикалык марафону өз ишин онлайнда жана оффлайнда баштады. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары Алтыкеева Нурзада, Дооронова Айжан, Ниясалиева Бактыгүл даярдаган » Адамзат жашап турганда ааламдан анын аты өчпөйт» аттуу адабий кече менен биринчи күндөгү иши соңуркады.

«XXI кылымдын глобалдуу койгойлору: диний экстремизм жана террорчулук» аттуу тегерек-стол Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинде отуудо. Тегерек столго КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу окулунун аппаратынын укуктук тартип, коопсуздук жана озгочо кырдаалдар болумунун башчысы- Алымкулрв Чынгыз Жаныбекович, Талас ОИИБнын ЭММКАК ыкчам окулу, милициянын капитаны- Бактыбеков Темирлан Бактыбекович, Талас облусунун казыятынын угут-насаат иштеринин болум башчысы — Кадыралиев Замирбек Шаршенкулович, ТалМУнун мамлекеттик тил жана тарбиялык иштер боюнча проректору-Жунусалиева Кундуз Тотоновна, ТалМУнун алдындагы КОБББдан- окутуучу Бекмуратова Динара Замировна жана факультеттин профессордук-окутуучулар жааматы, студенттер катышууда.

Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинин орус тили жана адабияты адистигинин 4-курсунун студенти Усайырова Чолпонай Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына татыктуу болду.

Өзүбекова Акылай К-19 группасынын студенти КМШ өлкөлөрүнүн илимий-билим берүү мекемелеринин арасындагы уюшулган доолбордун «Мыкты студенти-2022»

ЖАҢЫ ЖЫЛ — 2022

Талас мамлекеттик университетинде 23-февраль Ата мекенди коргоо жана 8-март Аялдардын Эл аралык күнүнө карата ТалМУнун профсоюз уюму факультеттер аралык профессордук-окутуучулардын арасында волейбол оюну боюнча мелдеш уюштурушту. Бул оюнда окуу жайдын гуманитардык факультетинин эжелери активдүү оюн көрсөтүүдө. 18.02.2022-жыл.

Кыргыз Республикасынын Туу күнүнө арналган тегерек стол гуманитардык факультетинин тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын кураторлору тарабынан өткөрүлдү. Тегерек столдо Кыргы Туусунун тарыхын ж.б. мамлекеттин символдорун чагылдырган доклад окулду. Студенттер өздөрүнүн калеминен жаралган ыр куплеттерин окушту. Тегерек столдун катышуучулары Кыргыз Туусун чагылдырган ар түрдүү чыгармачылык менен жасаган көргөзмөлүү буюмдардын бурчун уюштурушту. Тегерек столдун катышуучулары үчүн Кыргыз Туусун чагылдырган мастер-класстар уюштурулду.

Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинин студент-практиканттары кесиптик-профилдик практикаларын өтөөдө. Студент-практиканттар келечекте кесипкөй, компетентүү, конкуренцияга туруштук бере алган адистерден болот деп ишеним арта алабыз

Нооруз-2022

К.Кеңешбеков атындагы музейдеги экскурсия сабагы

24.03.22-жылы ТалМУнун педагогика, информатика, биология жана география адистиктеринин 2-курсунун студенттери үчүн Ата-мекен тарыхы дисциплинасынын экскурсия сабак уюштурулду. Экскурсия сабак К. Кеңешбеков атындагы тарыхый-этнографиялык музейде өттү. Студенттер музейден орто кылымдагы тарыхый буюмдар менен таанышты. Өзгөчө Манас районунун Кара Арча айылынан табылган 3 кумура чоң кызыгууну жаратты. Сабактын жыйынтыгында музейдин каалоо китебине жылуу пикирлер жазышты. Сабакты т.и.к., доцент М.М. Жусупова уюштурдуу

Жыйынтыктоочу педконференция жана «Мыкты практикант» конкурсу

8.04.22-жылы саат 14.30. Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинде жыйынтыктоочу педконференция жана анын алкагында өтүүчү салтка айланган»Мыкты практикант» конкурсу болуп өттү. «Мыкты практикант конкурсунун критерийлери 2018-жылы иштелип чыккан. Жыл сайын сунуштардын негизинде толуктоолор киргизилип турат.»Мыкты практикант» конкурсунун негизги максаты келечекте кесипкөй, компетентүү, конкуренцияга туруштук бере ала турган ар тараптуу өнүккөн чыгармачыл адистерди тарбиялоо максатында өткөрүлүп келет. «Мыкты практикант» конкурсунун критерийлери менен методист окутуучулар, студент -практиканттар тааныш болушат. Конкурстун жүрүшүн баалай турган калыстар тобу башка факультеттин профессордук-окутуучулар жамаатынан жана Талас шаары, Талас облусундагы мектептердин чыгармачыл мугалимдеринен түзүлөт. Калыстар тобуна алдын-ала конкурстун критерийи, чакыруу жана программа берилет. 8.04.22. болуп өткөн «Мыкты практикант» конкурсунда бардык катышкан студенттер активдүү катышып, мектеп практикасындагы бардык иш аракеттерин презентациялашты, ар бири 5 минуталык видеосабактын фрагменттерин көрсөтүштү, мугалимдик жашоодо кездешкен педкырдаалдар боюнча түзүлген суроолорго чыгармачылык менен жооп беришти. Биринчи орунга чет тилдер кафедрасынын 3-курсунун студенти Рустамова Альмира ээ болду. Бул жыйынтыктоочу педконференцияда биз сыймыктанган студентибиз КРнын Президенттик стипендианты орус тили жана адабияты кафедрасынын 4-курсунун студенти Усайырова Чолпонай жаш өспүрүмдөрдү окутуудагы эң алдыңкы жаңычыл усулдук ыкмаларын пайдалангандыгы баарыбызды шыктандырды. Кыргыз-тили жана адабияты кафедрасынын 3- курсунун студенти Өзүбекова Акылай көрсөтмөлүү куралдарынын жасалышы жана аны сабак өтүүдө өз орду менен пайдалынышы кызыгууну жаратты. Тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын 4-курсунун студенти Бактыбек к. Айдана тез тапкычтыгы, педагогикалык тактысы көңүлдү бурду. Педконференциянын бардык катышуучулары Жумабаева Наскан, Молдокараева Кылым, Абдырашим к. Нуризат, Иманбекова Айдана өз кесиптерин сүйгөн кесипкөйлөрдөн болоорун көрсөтө алышты. Жеңүүчүлөргө диплом, методист-окутуучуларга Ыраазычылык кат, калыстар тобуна Сертификат тапшырылды.Ошону менен бирге өз ара тыгыз кызматташтыкта иш алып барып келген Талас мамлекеттик теле берүүсүнө терең ыраазычылык айтуу менен Сертификат ыйгарылды. Студент-практиканттардын келечекте кесиптик ишин эң жогорку деңгээлде аркалап кетүүлөрүнө ийгилик каалайбыз.

Прокрутить вверх