Талас мамлекеттик университети

Талас Мамлекеттик университеттини логотипи
ТалМУнун герби
ТалМУнун туусу

Талас мамлекеттик университетинин герби
Талас мамлекеттик университетинин гимни
Талас мамлекеттик университетинин презентациясы

           Талас мамлекеттик университети (ТалМУ) Кыргыз Республикасынын Президентинин 25.07.2000-ж. №189 буйругунун жана КР Өкмөтүнүн 04.09.2000-ж. №546 токтомунун негизинде И.Арабаев атындагы КМПУнун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун, КМКТАУнун (КГУСТА), К. И. Скрябин атындагы КУАУнун Таластагы филиалдарынын жана Талас айыл чарба техникумунун базасында уюшулган. ТалМУ юридикалык субъект катары юстиция органдарында 7.02.2000-ж. каттоодон өткөн.
статусу: Мамлекеттик жогорку окуу жайы
түзүүчүсү (учредитель): КРнын Билим берүү жана илим министрлиги
каржылануусу: Республикалык бюджеттин, контракттык негизде билим алган студенттердин төлөмдөрү, чарбалык ишмердиктен түшкөн кирешелер, демөөрчүлүк жардамдар.
            Учурда университеттин структурасына 3 факультет, аралыктан билим берүү технологиялар борбору (ЦДОТ) жана кесиптик орто билим берүү бөлүмү кирет.
2022-2023-окуу жылында университетте жалпы 107 окутуучу эмгектенүүдө.
Алардын катарында:
-штаттагы илимдин докторлору — 5
-штаттагы илимдин кандидаттары — 33
Штаттагы окумуштуулук даражалуу окутуучулардын штаттагы окутуучулардын жалпы санына болгон пайыздык катышы 40,66% түзөт.

            Магистратура боюнча 3 профилдеги билим берилет. ТалМУ 12 бакалавр багыты боюнча: 580100 — “экономика”, 550100 – “табигый илимдик билим берүү”, 550400 — “социалдык-экономикалык билим берүү”, 530300 — “филологиялык билим берүү”, 550200 — “физика-математикалык билим берүү”, 550700 — “педагогика”, 640200 — “электроэнергетика жана электротехника”, 520800 — “жаратылышты колдонуу жана экология”, 710200 — “информациялык системалар жана технологиялар”, 670300 — ”транспорттук процесстердин технологиясы”, “айыл чарбасынын бакалавры” жогорку билим берүү программаларынын негизинде билим берүү ишмердигин жүргүзүүгө Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиясына ээ. Европалык JEP -26179-2005 ТЕМПУС ТАСИС долбоорунун негизинде “айыл-чарбасынын бакалавры” программасы ачылган. КырМеду долбоору аркылуу «Саламаттык сактоодогу маалыматтык техноогия» адистиги ачылган
            Талас мамлекеттик университети көптөгөн чет өлкөлүк окуу жайлары менен тыгыз кызматташып келет. Чет өлкөлүк окуу жайлары менен эки тараптык байланыштарды түзүп, илим, билим багытында өнөктөштүктү чыңдоо, алар менен байланышты күчөтүү үстүндө иш жүргүзөт. Университет билим берүү тармагында, илим изилдөө, методикалык, маалымат топтоо багытын өнүктүрүү максатында жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин окуу жайлары менен кызматташтыкты колдоп, өнүктүрүү үчүн (Германия, Финляндия, Польша, Россия, Литва, Турция, Казахстан, Бельгия, Румыния, Чехия ж.б) эл аралык программалардын алкагында иш жүргүзүп жатат.
Түзүлгөн келишимдер айыл чарба багытында адистерди даярдоо, окуу-методикалык жактан тажрыйба алмашуу максатында студенттерди жана мугалимдердин билимин өркүндөтүп, ошондой эле студенттердин практикаларын өткөрүү, ар кандай илимий конференцияларга катышуу жана илим изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн шарт түзөт.
40тан ашуун окуу жайлары менен эки тараптуу келишим түзүлгөн:
1. Алтай мамлекеттик университети, Россия
2. КИИТ, Индия
3. Анадолу университети, Турция
4. Ататүрк университети, Турция
5. Яссы Университети, Румыния
6. Лас Пальмас университети, Испания
7. Кокчетау университети, Казахстан
8. Иван Франко атындагы Житомир мамлекеттик университети, Украина

Эрасмус+, кредиттик мобилдүүлүк программаларынын алкагында студенттер жана окутуучулар, аспиранттар, илим изилдөөчүлөр келишимдердин негизинде чет өлкөгө билимин өркүндөтүп, практикадан өтүп, тажрыйба алмашып келүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Азыркы кезде ТалМУда Лас Пальмас Гра Канария университети жана Румыниянын Александр Лоан университети менен кредиттик мобилдүүлүк боюнча долбоор иштеп жатат.
            Акыркы 2 жыл ичинде ТалМУнун студенттик командасы универсиада оюндарында 1-лигада стол тенниси боюнча 1-орун, 2-лигада күрөш, шахмат жана тогуз коргоол боюнча 1,2-орундарды жеңишти. Мындан сырткары ТалМУда сентябрь айында жеңил атлетика боюнча спартакиада, волейбол жана кичи футбол оюндары боюнча мелдештер, даталуу күндөрдө шахмат, тогуз коргоол, волейбол, стол тенниси, бильярд, кол күрөш, аркан тартыш, ордо оюндары боюнча спорттук таймаштар өткөрүлүп турат. Жыл сайын Талас шаарында өткөрүлүүчү спартакиадада ТалМУнун аялдар курама командасы 10-жолу командалык эсепте 1-орунду жеңип алышып, абсолюттук чемпион болушту.
           Республиканын жогорку окуу жайларынын арасында өткөрүлгөн студенттик “Ала-Тоо жазы – 2017” фестивалында ТалМУнун командасы байгелүү 2-орунду жеңип алышты. Ал эми “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында уюштурулган облустук фестивалда ТалМУнун кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн “Кут” командасы 1-орунду жеңишти. Ошондой эле университеттин талантуу студенттери регионалдык жогорку окуу жайларынын арасында жыл сайын өтүүчү “Достук” фестивалына да татыктуу катышып келе жатат.

Прокрутить вверх