Акыркы жаңылыктар
15-июнь күнү Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн салтанаттуу аземи болуп өттү. Бул салтанаттуу иш-чарага катышуу үчүн Талас мамлекеттик университетинин ректору Ж.С.Шаршембиев катышты. Борбордук Азия Университети менен Талас мамлекеттик университетинин ортосунда кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлган. Аталган окуу жайды быйыл 26 студент ийгиликтүү аяктады. Бүтүрүүчүлөрдү Билим берүү жана илим министри Д.Кендирбаева куттуктады. Кечеге университеттин ардактуу профессорлору, ата-энелер жана окуу жайлардан коноктор чакырылган.
Талас мамлекеттик университетинде «Борбордук Азияда санариптик колдоо менен биоартүрдүүлүктүн негизинде айыл чарба жерлерин башкаруу» деген аталышта эл аралык илимий долбоор жүрүп жатат. Илимий долбоорду Германиянын Киел университети, Оснабрюк университети, Оснабрюк прикладдык илимдер университети жана Кыргызстандан Нарын, Талас университеттери менен биргеликте ишке ашырышууда. Аталган долбоордун максаты жана милдеттери болуп, Кыргызстандын анын ичинде Талас, Нарын облусундагы айыл чарба жерлериндеги топурактардын үлгүлөрүн алуу жана лабораториялык илидөөлөрдү жүргүзүү, өсүмдүк биомассасын изилдөө, отоо чөптөрдүн түрлөрүн аныктоо болуп саналат. Ошондой эле, белгиленген координаттарды сүрөткө тартуу үч денгээлде жүргүзүлүүдө: жерден, дрон аркылуу жана комостон. Бул илимий долбоордун талаа шартта изилдөөлөрүн Киел университетинин PhD студенти Максимилиан жана Талас, Нарын университеттеринин аспиранттары Адилет, Мырзабек жүргүзүшүүдө. Илимий долбоордун жетекчиси: а.ч.и.к., доцент Упенов А.Ш.
- “Философия – негизги түшүнүктөр жана лекциялардын курсу” аталышындагы Эрмек Үмөтовдун китеби жарык көрдүТалМУнун доценти,философия илимдеринин кандидаты, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер КР Улуттук Жазуучулар… Читать далее: “Философия – негизги түшүнүктөр жана лекциялардын курсу” аталышындагы Эрмек Үмөтовдун китеби жарык көрдү
- “Өмүрү өрнөк инсан” аттуу республикалык илимий-практикалык конференцияКөп кырдуу таланттын ээси , санжырачы, жазуучу, обончу, тарых илимдеринин кандидаты, К.Карасаев… Читать далее: “Өмүрү өрнөк инсан” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция
- “Антоним жана анын түрлөрү” деген темада ачык сабакТалМУнун алдындагы КОБББнын гуманитардык дисциплиналар секциясынын окутуучусу А. Ж. Наржигитова 21.11. 2024… Читать далее: “Антоним жана анын түрлөрү” деген темада ачык сабак