3-март Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү — Кыргызстанда 3-мартта белгиленет. Бул күн мамлекеттин негизги символдорунун бири болгон мамлекеттик тууну урматтоо үчүн арналган.
Ак калпак күнү — 5-мартта Кыргызстанда белгиленет. Бул күн кыргыз элинин улуттук баш кийими болгон ак калпакты урматтоо үчүн арналган. Ак калпак эр азаматтын, тазалыктын жана улуттук салттын символу болуп эсептелет. Ушул майрамдарды утурлай облуста өткөрүлгөн иш- чарага ТалМУнун окутуучулары жана студенттери активдүү катышышты.


