ТалМУнун ардактуу профессорлору

170Бөрүбаев Алтай Асылканович

физика-математика илимдеринин доктору,  профессор, КР УИАнын академиги,

Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти

2004-жылы ТалМУнун Ардактуу профессору наамы ыйгарылган.

Жогорку мектептин Эл аралык илимдер академиясынын академиги,  М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин ж.б. жогорку окуу жайларынын ардактуу профессору. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, элге билим берүүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, “The Name in Sciеnce” ардактуу титулунун ээси.

Геометрия жана топология боюнча дүйнөгө таанымал адис-окумуштуу. Дүйнөлүк илимге кошкон салымы үчүн А.Бөрүбаевдин ысымы дүйнөлүк илимпоздордун тизмегине кошулган. 130тан ашуун илимий эмгектердин автору, анын ичинде 5 монографиянын жана 6 окуу китебинин автору.

171Айдаралиев Искендер Рыспекович

КРнын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси, подполковник

2004-жылы ТалМУнун Ардактуу профессору наамы ыйгарылган.

1996-2002-жылга чейин Ысык-Көл областынын Каракол шаарынын мэринин 1-орун басары жана Ак-суу, Талас райондорунун мамлекеттик администрация башчысынын 1-орун басары, 2002 -2006-жылдарга чейин Талас областынын губернатору, 2006-жылы Жалал-Абад областынын губернатору, 2007-жылы КРнын биринчи вице-премьеринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер, 2009-жылы айыл чарба, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынын министри, айыл чарба министри болуп жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген.

“Манас” эпосуна 1000 жыл”, СССР ВДНХнын коло медалдары, Россия Федерациясынын Коопсуздук жана коомдук тартип академиясынын “Петр Великий”  медалдары менен сыйланган.

172Омушев Есенгул Омушевич

экономика илимдеринин кандидаты, доцент

27-декабрь 2004-жылы ТалМУнун Ардактуу профессору наамы ыйгарылган. Окуу жайдын проректору, деканы, кафедра башчысы катары иштеп, университеттин өнүгүүсү үчүн көп эмгек сиңирген.

Талас облустук айыл чарба башкармалыгынын башкы экономисти, пландоо-экономикалык бөлүмдүн башчысы, облустук мүлк фондусунун башчысы, статистика комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучусу, ага окутуучусу, Ош педагогикалык институтутунун кафедра башчысы, Жамбыл технологиялык институтунун доценти болуп түрдүү жооптуу кызматтарда иштеген.

50гө жакын экономика маселелерине байланышкан илимий-методикалык эмгектердин автору. Анын ичинде 2 монография, 3 методикалык колдонмонун автору.

173Акматалиев  Абдылдажан Амантурович

филология илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын академиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти

2005-жылы 1-ноябрда ТалМУнун Ардактуу профессору наамы ыйгарылган. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти.

Кыргыздын белгилүү окумуштуу-адабият таануучусу. Кыргыз фольклорун, “Манас” эпосун жана Чынгыз Айтматовду изилдөөчү. III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган. Эл аралык коомдук Айтматов таануу академиясынын академиги, Калифорния академиясынын академиги, Япониянын Сока Гамай университетинин Ардактуу доктору.  Кыргызстандын илим жана техника жаатындагы Ленин комсомолунун лауреаты, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер.

250дөн ашуун илимий эмгектери жарык көргөн, анын ичинде 20 монографиянын автору.

174Кыдыралиев Курманбек Кыдыралиевич

педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, ТалМУнун аксакалдар кеңешинин төрагасы

2011-жылы 28-февралда ТалМУнун Ардактуу профессору наамы ыйгарылган. Азыркы учурда Талас мамлекеттик университетинин педагогика жана башталгыч билим берүүнүн методикасы кафедрасынын доценти, ТалМУнун аксакалдар кеңешинин төрагасы.

Кыргыз Республикасынын “Ардактуу аксакалы” орденинин ээси, эл агартуунун отличниги жана КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Элдик педагогиканын түрдүү маселелерине байланышкан 170тен ашуун илимий-методикалык эмгектердин автору. Анын ичинде 5 монографиясы, 1 окуу китеби, 40тан ашуун илимий-методикалык колдонмолору бар.

175Байгазиев Советбек Орозканович

филология илимдеринин доктору, профессор

2011-жылы 20-майда ТалМУнун Ардактуу профессору нааамы ыйгарылган. Бүгүнкү күндө Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти.

Белгилүү публицист-жазуучу, сынчы, адабият таануучу жана  педагог-окумуштуу. СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. Айтматов эл аралык коомдук академиясынын академиги, Россия эл аралык педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер. Кыргызстан Журналисттер союзунун сыйлыгынын эки жолку лауреаты, И.Арабаев, Ж.Бөкөнбаев, Төлөн Насирдинов атындагы сыйлыктардын лауреаты жана бир нече илимий-чыгармачылык конкурстардын жеңүүчүсү. «Манас–1000» медалынын, «Кыргыз тили» төш белгисинин ээси. Эл агартуунун отличниги. Жумгал районунун Ардактуу атуулу.

176Курманалиева Койсун Аблабековна

2011-жылы 20-майда ТалМУнун Ардактуу профессору наамы ыйгарылган.

1991-жылы Маяковский атындагы Педагогикалык институттун информатика жана математика адистигин  аяктап, эмгек жолун 1979-жылдан Талас облусунда ага инженер-программисттик кызматтан баштаган. Андан кийин Долон айылынын Эл депутаттары кеңешинин аткаруучу комитетинин жооптуу катчысы, төрайымы, Долон айыл аймагынын башчысы, Талас облусунун Архив иштери башкармалыгынын жетекчиси,  Талас облусунун администрациясынын башчысынын орун басары, Талас облусунун губернатору жана 2012-жылдын сентябрынан тартып КР Өкмөтүнүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2015-жылга чейин иштеген. “Даңк” медалынын ээси.

177Жайнаков  Аманбек Жайнакович
физика-математика илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын академиги, КРнын Эл мугалими

2011-жылы 6-июнда ТалМУнун Ардактуу профессору наамы ыйгарылган. Азыркы учурда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин маалыматтык технологиялар жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын башчысы.

Кыргыздын белгилүү физик окумуштуусу, математикалык жана теориялык физика, механика, математикалык моделдештирүү жана компьютердик технологиялар тармагындагы ири окумуштуу. 1976-жылы анын жетекчилиги менен Кыргызстанда Жумурияттык ЖОЖдор аралык эсептөө борбору ачылып, кийинчерээк Маалымат таануу жана маалымат технологиясы институту болуп түзүлгөн. Борбор жана институт Кыргызстанда билим берүү жана илим тармактарын компьютерлештирүүгө пайдубал кызматын аркалаган.

Аманбек Жайнакович илимий чыгармачыл жамааттын курамында технологиялык процесстердеги агымдуу плазматронду иштеп чыгуу, изилдөө жана колдонуу табылгасы үчүн Кыргыз Республикасынын илим жана техника тармагы боюнча мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Ал эми республиканын илими жана билим берүүсүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган. Анын көптөгөн кадыр-барктуу сыйлыктарынын катарына “Алтын фортуна” Эл аралык рейтинг академиясынын II даражадагы “Ар намыс. Даңк. Эмгек” Георгий медалын да кошууга болот.

Мындан тышкары, Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер, “Манас – 1000” медалы жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

300дөн ашуун ар кыл багыттагы илимий эмгектердин автору. 10 монография, 9 окуу китебин жана окуу куралын, колдонмолорду жарыялаган.

178Тагаев Мамед Джакыпович

филология илимдеринин доктору, профессор

2011-жылы 25-октябрда ТалМУнун Ардактуу профессору наамы ыйгарылган. 2006-жылдан бери  Кыргыз-орус славян университетинин орус тили кафедрасынын профессору.

80ден ашуун илимий макалалардын жана 9 китептин автору. Анын ичинде кыргыз мектептери үчүн орус тилинин 6 жана 7-класстарынын окуу китептеринин автору. Кыргыз-орус тилдеринин бири-бирине тийгизген таасирлери жана алардын деривациялык системасы, лингводидактика, билингвизм, салыштырма типология маселелери боюнча Кыргызстандагы белгилүү окумуштуулардын бири. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, билим берүүнүн мыктысы.

179Мусаев Сырбай Жолдошевич

филология илимдеринин доктору,  профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти

2011-жылы 25-октябрда ТалМУнун Ардактуу профессору наамы ыйгарылган. Азыркы учурда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Лингвистика институнун директору.

Сыртбай Жолдошевич кыргыз тилинин грамматикалык структурасын диаxрондук жана синxрондук планда иликтөө,  анын теориялык жалпы маселелерин дүйнөлүк лингвистиканын контекстинде, аны менен байланышта, карым-катышта изилдөө аркылуу улантылууда. Изилдөөчү көптөгөн жылдардан бери кыргыз адабий тилинин жаралышы, өнүгүшү жана калыптанышы, тарыxый лексикология маселелери, кеп маданияты, кыргыз тилинин адабий нормасы, тексттин структурасы жана семантикасы, лингвопоэтика ж.б. маселелер боюнча фундаменталдуу жана колдонмо мүнөздөгү изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Окумуштуунун илимий кызыкчылыгы жалпы тил илиминин тексттик лингвистика, синтаксистик моделдештирүү, герменевтика проблемаларына да багытталган. кыргыз тил илими боюнча ири окумуштуу. 200дөн ашуун илимий, илимий-методикалык эмгектерди жарыялады. Анын ичинде 18 китептин, 8 илимий монографиянын, жалпы билим берүүчү мектептердин 5,6,10-класстары үчүн “Кыргыз тили” боюнча 3 окуу китебинин, ЖОЖдордун филология факультетинин студенттерине арналган 2 окуу китебинин автору. Илимий эмгектеринин тереңдиги, илимийлүүлүгү алардын теориялык да, практикалык да жактан салмактуулугуна негиз берүү менен илимпоздор, илимий-педагогикалык кызматкерлер, жаш изилдөөчүлөр арасында жаңы идеяларды жаратууга түрткү болууда. Илимий-уюштуруучулук иштерди жигердүү жүргүзүү аркылуу илимий кадрларды даярдоого да чоң салым кошууда.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, илимдеги ири ийгиликтери үчүн илим жана теxника боюнча КРнын Мамлекеттик сыйлыгы, “Натыйжалуу башкаруу жана ишке чыгармачыл мамиле” номинациясында Эл аралык “SPI Алтын Медалы” (Париж, 2003-жыл) менен сыйланган. БК ВЛКСМдын, Кыргыз ССР профсоюз федерациясынын, Кыргыз ССР ИАнын бир нече Ардак грамоталарына, КР ИУАнын 50 жылдык юбилейлик медалына татыктуу болгон. Эл аралык бир нече илимий мекемелердин, университеттердин ардактуу профессору, эл агартуунун мыктысы.

180Өмүрбеков Токторбек Наматбекович

тарых илимдеринин доктору, профессор

2011-жылы 25-октябрда ТалМУнун Ардактуу профессору наамы ыйгарылган. Азыркы учурда Ж.Баласагын атындагы КУУнун Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын профессору.

Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын тарыхы боюнча жазылган 180ден ашуун илимий, окуу-методикалык эмгектердин, анын ичинде 6 монография, 15тен ашуун окуу китептери менен окуу-методикалык куралдарынын автору. 16-19-кылымдардагы кыргыздын тарыхы жана тарыхый инсандары, 20-кылымдын башындагы улуттук боштондук кыймыл, Кыргызстандагы саны аз улуттардын коомдогу ролу жана жалпы эле Кыргызстан тарыхын орто мектептерде окутуу маселелери боюнча белгилүү адис.

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы, «Манас-1000» юбилейлик медалы менен сыйланган. Кыргызстан тарыхчылар жамаатынын Белек Солтоноев наамындагы сыйлыгынын ээси жана Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер.

181Осмонов Өскөн Жусупбекович

тарых илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти

2016-жылы 17-майда ТалМУнун Ардактуу профессору наамы ыйгарылган.

Кыргызстандагы белгилүү тарыхчы окумуштуулардын бири. Кыргызстан тарыхы боюнча жогорку окуу жайлары жана мектептер үчүн жазылган 5 окуу китеби кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде 600 миң нускада басылып чыккан. Эмгектери Кыргызстандын байыркы доордон тартып азыркы кезге чейинки тарыхына жана айыл жерлериндеги социалдык турмушка арналган. 200дөн ашуун илимий эмгектердин, анын ичинде 40тан ашуун илимий монографиялардын жана окуу китептердин автору.

Кыргыз Республикасынын Коомдук илимдер академиясынын академиги, КР УИАнын мүчө-корреспонденти, 2003-жылдын “мыкты окумуштуусу жана педагогу”, Эл аралык Айтматов коомунун академиги, КРнын Илимине эмгек сиңирген ишмер, эл агартуунун мыктысы. Кыргыз ССРинин Билим жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, КРнын Ардак грамотасы, КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.

46Төрөгелдиева Коңуржан Макешовна

педагогика илимдеринин доктору, профессор

2012-жылы ТалМУнун Ардактуу профессору наамы ыйгарылган. Азыркы учурда И.Арабаев атындагы КМУда математика жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы.

1973-жылдан баштап орто мектептерде математика мугалими, андан кийин окуу бөлүмүнүн башчысы, КРнын УИАнын ага лаборанты, КМПУнун окутуучусу, ага окутуучусу, доценти болуп иштеген. ЮСАИД «Сапаттуу билим» долбоорунда эксперт-иштеп чыгуучу болуп эмгектенүү менен бирге магистранттарга, аспиранттарга жана докторанттарга жетекчилик кылып келет. Айрыкча ТалМУнун илимий даражалуу  адистерин даярдоого кошкон салымы зор.

«Мугалим методист — 2009», билим берүүнүн отличниги, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, университет жана институт тарабынан берилген алкыштар жана ардак грамоталардын ээси.120дан ашуун илимий эмгектери бар. Анын ичинен Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен 5 окуу китеби жарык көргөн. Андан тышкары 2 монография,  30 методикалык колдонмолордун автору.

45Жумагулов Мааметайып Жумагулович

философия илимдеринин доктору, профессор

2013-жылы 29-майда ТалМУнун Ардактуу профессору наамы ыйгарылган.

Кыргызстандагы белгилүү философ-окумуштуулардын бири.         Философиядагы “байланыш” категориясын, адам менен табият ортосундагы мамиле-аракет маселелерин изилдейт.  Бул проблемалар боюнча бир нече монография, брошюра, 50ге жакын макалаларын жарыялаган.

КР УИАнын философия илиминин, тааным теориясынын тарыхы, философиясы жана саясий-укуктук изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин философия жана социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысы. КР илимине эмгек сиңирген ишмер.

44Маразыков Турусбек Сейдакматович

филология илимдеринин доктору, профессор

2013-жылы 30-апрелде ТалМУнун Ардактуу профессору наамы ыйгарылган. Азыркы учурда Ж. Баласагын атындагы КУУнун кыргыз тил илими кафедрасынын профессору.

Кыргыз тил илими багытындагы белгилүү окумуштуулардын бири. Окумуштуунун илимий кызыкчылыгы тил илиминдеги тексттик лингвистика, тексттин структурасы жана семантикасы, лингвопоэтика, кыргыз тилинин теориясы жана практикасы маселелерине багытталган. ТалМУнун илимий даражалуу адистерин даярдоого кошкон салымы зор.

100дөн ашуун илимий, илимий-методикалык эмгектерди жарыялады. Анын ичинде 10 китептин, 6 илимий монографиянын, 4 окуу китебинин автору.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, илимдеги ири ийгиликтери үчүн илим жана теxника боюнча КРнын Мамлекеттик сыйлыгы менен сыйланган.

43Мамбетакунов Эсенбек Мамбетакунович

педагогика илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти

2015-жылы 29-октябрда ТалМУнун Ардактуу профессору наамы ыйгарылган. 1994-жылдан бери Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин физиканы окутуу технологиясы кафедрасынын башчысы кызматын аркалап келет.

Республикада илимий-педагогикалык кадрларды даярдоодо жана педагогика адистиги боюнча изилдөөчү-окумуштуулардын калыптанышына үзүрлүү салымын кошуп келет.
Э.Мамбетакуновдун илимий иштери окуучулардын физикалык түшүнүктөрүн калыптандыруунун психолого-дидактикалык проблемаларын изилдөөгө арналган.

2000-жылы Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланган. Гуманитардык илимдерди өнүктүрүү жаатында сиңирген эмгеги үчүн Жусуп Баласагын атындагы сыйлык ыйгарылган. 2004-жылы Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгы орто жана жогорку окуу жайларына арналып жазылган физика жана табият таануу боюнча окуу китептери үчүн берилген. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, андан мурда Кыргыз ССРинин жана СССРдин эл агартуусунун отличниги теш белгилери менен сыйланган.

Э.Мамбетакунов Билим берүүнү гумандаштыруунун эл аралык академиясынын (Германия) жана Россиянын Эл аралык педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын академиги болуп шайланган. Американын автобиографиялык институту Э.Мамбетакуновду “2002-жылдын Адамы” деп таанып, атайын диплом менен сыйлаган.

400гө жакын илимий-методикалык багыттагы эмгектерди жазган. Анын ичинде 160 илимий-методикалык эмгектин, 5 монографиянын, 2 окуу китептин жана 9 окуу-методикалык колдонмонун автору.

Прокрутить вверх