Талас мамлекеттик университетинин магистратура бөлүмү

Магистратура бул өзүнүн максатына жана милдеттерине ээ болгон көп деңгээлдүү университеттик билим берүү системасынын жыйынтыктоочу академиялык даражасы.
Адистиктер:
550700 — Педагогика Педагогика жана башталгыч билим берүү методикасы
550300 — Филологиялык билим берүү Кыргыз тили жана адабияты
550400 — Социалдык — экономикалык билим берүү Тарых

Магистратуранын негизги милдеттери:
— жогорку билим берүүнүн мурунку тепкичтерине ээ болгон фундаменталдык билимдердин негизинде тандалып алынган илимдин жана педагогикалык ишмердүүлүктүн багыты боюнча магистрлерди өз алдынча теориялык жана практикалык жактан терендетип даярдоо;
—  эксперименталдык жана чыгармачыл иш аракеттердин усулдарына ээ болуу;
— магистрлердин өз алдынча теориялык жана практикалык даярдыгын тереңдетүү, толук кандуу жана сапаттуу профилдик жана илимий-педагогикалык билим алуулары үчүн шарттарды түзүү;
— магистрлерди интеллектуалдык өнүгүүнүн жогорку деңгээлин камсыз кылган өтө маанилүү жана туруктуу билимдерге ээ кылуу;
— маданий ой жүгүртүүнүн нравалык, этикалык жана укуктук нормаларына ээ кылуу;
— заманбап илимий жана практикалык маселелерди чечүүгө жөндөмдүү, педагогикалык, илимий — изилдөө жана башкаруу ишмердүүлүктөрдү ийгиликтүү ишке ашырууга жөндөмдүү демилгени  жана инновациялык чыгармачыл потенциалды өнүктүрүү.

Магистр — илимий чыгармачылыктын методологиясын, заманбап маалыматтык технологияларды билген, изилдөө, консультациялык, аналитикалык ишмердүүлүктө даярдалган кеңири эрудит адис жана илимий-педагогикалык ишмердүүлүккө багытталган жогорку билим берүү деңгээлди  жөнгө салат.

Магистратурада кадрларды даярдоо толук кандуу, сапаттуу профилдик билим алууга жана кесиптик компетенцияга багытталган эки жылдык (2,5 ж) окуу мөөнөтү менен илимий — педагогикалык багыт боюнча жүргүзүлөт.

Магистратуранын бүтүрүүчүсүнүн жогорку кесипкөйлүгү, мобилдүүлүгү, компетенттүүлүгү ал үчүн эмгек рыногунда атаандаштык артыкчылыктарын жаратат, төмөнкү тармактарда өзүн ийгиликтүү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет:

— билим берүү ишмердүүлүгү;

—  илимий изилдөө ишмердүүлүгү;

— мамлекеттик, коомдук жана жеке менчик уюмдардагы долбоордук ишмердүүлүк.

Магистранттар белгиленген окуу мөөнөтүндө магистратурада төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:

  • окуу программаны толугу менен аткаруу;
  • жекече планга туура келген илимий-изилдөө ишти аткаруу;
  • магистрдик диссертацияны жазуу жана ийгиликтүү коргоо.

Магистрдик диссертация  —  теориялык билимдердин жана көндүмдөрдүн негизинде жана илимий — изилдөө иштерин аткарууда аткарылган толук өз алдынча илимий изилдөөнү камтыган квалификациялык иш  болуп саналат. Магистрдик диссертация илимий жетекчинин жетекчилиги астында жүргүзүлөт.

           Автореферат, эки жарыяланган макала, жетекчинин кеңейтилген пикири, эки рецензия болгон учурда гана магистрдик диссертацияны коргоого уруксат берилет.

           Магистрдик диссертация диссертациялык иштерди жазуу талаптарына жооп берилиши зарыл жана ал жакталгандан кийин  түзүмдүк бөлүмдөрдө 5 жылдан кем эмес сакталууга тийиш.

         Мамлекеттик экзамен комиссиясы КР Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилет. Экзамендердин жана диссертациялык ишти коргоонун жыйынтыктары протоколго жазылат.   

 Адистештирилген магистрдик программага жалпы талаптар

Магистрдик  программа көлөмү боюнча: билим берүүчү жана илимий-изилдөөчү болуп эки бөлүктөн түзүлгөн, адистештирилген магистрдик даярдыкты камсыз кылуучу окутуунун программасынан түзүлөт.

Илимий-изилдөө жактан даярдык илимий-изилдөө иштеринен, илимий-изилдөөчү практикадан, илимий-педагогикалык практикадан жана магистрдик диссертацияны даярдоо этаптарында ишке ашырылат. 

 Магистрдик даярдыкты уюштуруу

Программанын билим берүүчү бөлүгү: табият таануу, гуманитардык, экономикалык жалпы профессионалдык жана адистик дисциплиналарды, ошондой эле профессионалдык билимдерди алууга багытталган тандоо курстарын  өздөштүрүүнүн лекциялык, практикалык (лабораториялык), семинардык жана өз алдынча өздөштүрүү сабактарынан турат.

Магистрдин илимий-изилдөө ишинин мазмуну анын жекече планынан аныкталат жана өз ичине магистрдик диссертациянын темасы боюнча илимий-изилдөө ишти, илимий-изилдөөчү практиканы, илимий-педагогикалык практиканы, аттестациялык, квалификациялык  ишти (магистердик диссертацияны) жазууну камтыйт жана даярдоо багыты боюнча ГОС талаптары менен аныкталат. 

Окуу процессин уюштуруу

          Магистрлерди даярдоонун структурасы жана окуу процессин уюштуруу даярдоо багытынын окуу планы, магистрдик программанын окуу планы жана магистрдин жекече планы менен ишке ашырылат.

Окуу процессин уюштуруу үчүн төмөндөгүдөй формалар колдонулат:

— магистрлер үчүн магистрдик программа боюнча окутуучу тайпалардагы академиялык сабактар;

  — магистр менен жекече сабактар;

  — магистрдик даярдоодогу окутуучунун консультациясы менен дисциплинаны өз алдынча өздөштүрүү үчүн сабактар;

  — тайпалар 15 адамдан аз болбошу керек.

      Магистрдин жекече планында төмөндөгүдөй суроолордун ишке ашырылышы каралат:

 • окуу иштеринин бардык түрлөрү боюнча окуу убактысынын бөлүштүрүлүшү, теориялык жана практикалык сабактардын тизмеси;

 • макалаларды, рефераттарды, докладдарды даярдоо, илимий конференцияларга, семинарларга катышуу, магистрдик диссертациянын темасы жана ал теманы тандап алуунун түшүндүрмөсү.

      Магистрдик диссертациянын темасы магистратурада окутуунун 2-семестринен кеч эмес бекитилиши керек. Магистр магистратура бөлүмүнө жекече планынын аткарылышы тууралуу үзгүлтүксүз маалымат берип турушу керек. 

      Магистрдин жекече даярдыгынын мазмуну документ түрүндө “Жекече план ” ар бир билим алуучу персоналга берилет.

Магистранттын жекече иш планы – бул илимий жетекчи жана студент менен бирге  иштеп чыккан расмий документ. Ал жалпы окуу планын,  окутуу учурунда студенттердин алган билимдерин   жана жөндөмдөрүн  эске алуу менен  студенттердин  индивидуалдуулугун көрсөтүүсү зарыл.  

Магистранттын жеке планынын талаптарын аткарууну илимий жетекчи көзөмөлдөйт жана текшерет. Илимий жетекчини  студент өз алдынча тандай алат же магистратура бөлүмүнүн отурумунда адистер бекитип берет.

                    Магистрдик программанын жетекчиси жана магистрдин илимий жетекчиси тарабынан окуу процесси учурунда жана магистердин жекече планды аткаруу учурунда текшерүү жүргүзүлүп турат.

                    Окуу жылы ичинде окуу планындагы бардык талаптарды аткарган магистрлер буйруктун негизинде кийинки курска которулушат.

            Магистрлер семестр ичинде окуудан четтетилиши мүмкүн:                                           

         -өз каалоосу боюнча башка окуу жайына которулуу же ден соолугуна байланыштуу ж.б.;                                                              

         —   академиялык жетишпеги үчүн;

         — ТалМУнун Уставында каралган милдеттерди жана ички тартип эрежелерин бусканда; 

         — себепсиз окуу сабактарын калтырса, эгерде семестр ичинде калтырылган сабактардын жалпы саны окуу убактысы боюнча 72 сааттан ашса.

Магистратуранын  жетекчилиги

Магистратура бөлүмүнүн  милдеттери болуп магистранттарды даярдоо боюнча окуу жана уюштуруу-методикалык иштерди  пландаштыруу, координациялоо, талаптардын бирдиктүү системасын, магистрдик даярдоо программаларынын сапатын баалоо жана ишке ашыруу шарттарын камсыз кылуу, магистратурада окуу процессин уюштурууну өркүндөтүү болуп саналат.

Илимий жетекчи:

  • магистр менен биргеликте магистрдик программанын окуу планынын негизинде магистрдин магистратурага катталган күнүнөн баштап эки ай аралыгында  магистрдин ишинин жекече планын түзүшөт;
  •  магистрдин жекече планынын аткарылышына жетекчилик кылат;
  • магистрге магистердик диссертациянын темасын тандоого консультация берет жана диссертацияны  даярдоого, коргоого жетекчилик кылат.

Студенттин аттестациясы – магистр ишинин илими-изилдөө бөлүгү боюнча  жекече планынын аткарат, мында изилдөө ишин доклад түрүндө же семинарларга, конференцияларга макала менен катышып, жыйынтыгын апробация кылат. Окутуу мезгилинде магистрдин илимий макаласы жарык көрүшү зарыл.

Магистр даражасын алууга талаптар

        Магистр программасын аткаруу үчүн магистр курсту окутуу программасында каралган бардык экзамендерди тапшырып  жана магистрдик диссертацияны ийгиликтүү коргоо керек.

Магистрдин жана окутуучунун укутары жана милдеттери

         Окутуучулар курсту окутуунун башталышына чейин магистратура бөлүмүнө окутулуучу курстун жумушчу программасын (силлабус) жана ОМКсин тапшыруулары керек.

         Магистрлердин ар биринин мүмкүнчүлүктөрүнө карата окутуу үчүн жеткиликтүү шарттар түзүлөт: окуу процессинин алкагында китепкананы жана лабораторияны, электрондук китепкананы, ресурстук центрди, интернет класстарды бул бөлүмдөрдү пайдалануу эрежеси боюнча колдоно алышат.

        Магистранттар регламентте жана администрациянын структуралык бөлүмдөрүндө каралган талаптарды аткарууга милдеттүү.

        Окутуучулар окутуучу предмети жана магистрлердин  изилдөө иштерине байланышкан суроолор боюнча регулярдуу консультация берүү үчүн убакыт бөлүүгө милдеттүү.

        Окутуучу магистрге өзү окуткан дисциплинасынан аттестация үчүн зарыл болгон талаптарды коет. Бул талаптар окулуп жаткан дисциплинанын силлабусунда , ОМКде так көрсөтүлүшү керек. 

      Тандап алган багыты жана адистиги боюнча кесиптик билим берүү программасы боюнча жеке планды толугу менен аткарган магистранттарга багыты, профили көрсөтүлгөн <<Магистр>> академиялык даражасы ыйгарылат жана мамлекеттик үлгүдөгү магистр диплому тиркемеси менен берилет.

Прокрутить вверх