Бүгүн, 6-апрелде Талас шаарында Элдик революция күнүнүн 16 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Баатырларга таазим кылуу менен эстеликтерине гүл чамбарлар коюлуп, баатырларды эскеришти.
К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драмалык театрында сахна чеберлери сахналаштырылган көрүнүштөрдү тартуулап, тематикага байланыштуу ырлар аткарылды.
Кыргыз Республикасынын Талас облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү , Талас шаардык мэриясынын атынан апрель баатырларына ыраазычылык каттар, Ардак грамоталар,баалуу белектер тапшырылды.
Бул иш-чарага Ж.Баласагын атындагы КУУнун Талас институтунун окутуучулары, студенттери катышышты.



