Санариптик сабаттуулукту жогорулатуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге колдоо көрсөтүп жаткан Кыргызстан Аялдар Конгрессине жана Президенти З.Акбагышевага терең ыраазычылык билдиребиз.
Бул демилге санариптик билим берүүнү өнүктүрүүгө, заманбап технологияларды өздөштүрүүгө жана катышуучулардын билим деңгээлин жогорулатууга чоң өбөлгө түзүүдө. Учурда берилген ноутбуктардын жардамы менен санариптик сабаттуулук боюнча окутуу иштери пландуу түрдө жүргүзүлүп, катышуучулар жаңы билим жана көндүмдөрдү өздөштүрүп жатышат.
Сиздердин колдооңуздар билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жана коомдогу аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө баа жеткис салым кошууда.




