ТАЛАС МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ГЕРБИ

Талас Мамлекеттик университеттини логотипи

Түшүндүрмө

Эскиздин сырткы алкагында кыргыз жана англис тилдеринде университеттин аталышы жазылат.

Ички айланада математикага мурда белгисиз фигура жаңы геликоиддин сүрөтү тартылды, анын кырлары кандайдыр бир материалдык телонун, же жалпы эле микро-макро космикалык-физикалык курамдарынын фазалуу мейкиндиктеги эволюциалык өмүр сызыгы (орусча — мировая линия).

Бул сүрөт – ааламдын модели деп эсептейм, ал поляризациаланбаган электромагниттик толкундун – фотондун, деги эле кванттын модели.

Байыркы гректер биздин эрага чейин эле “жердин киндиги” деп чокморлошкон скульптуралык композицияны орнотуп коюшуптур, азыркы физика илими да ааламды, турбуленттүү, сингулярдуу, көп фазалуу,оңду-солду кыймылдуу не бир акылга сыйгыс керемет экенин байкап жатышпайбы?

Китептин, астродиалардын сүрөттөрү илим-билимдин, жарыкчылыктын, демек тирүүлүктүн символдору го!

© Асылбек Солтобаев

Автору жөнүндө:

1 003Асылбек Солтобаев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген архитектору, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, СССР, Кыргыз Республикасынын архитекторлор жана Улуттук жазуучулар кошуундарынын мүчөсү, Маданияттын мыкты кызматкери, Талас мамлекеттик университетинин доценти.

Солтобаев Асылбек Молдошевич Талас районунун Жон-Арык айылында 1946-жылы 3-октябрда туулган.

1964-жылы Кара-Балта шаарындагы А. С. Макаренко атындагы мектеп-интернатты аяктап, 1965 – 1971-жж. Фрунзедеги политехникалык институттан билим алып, архитектор адистигине ээ болгон. 1971 – 1976-жж. Кыргыз суу чарба, өнөр жай курулуш, Фрунзе шаар долбоорлооинституттарында эмгектенип, 1977 – 1980-жж. Талас шаарынын, 1981 – 1988-жж. Талас облусунун башкы архитектору, 1989 – 1992-жж. Кыргыз техникалык университетинде жана Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университеттеринде окутуучу болуп иштеген. Учурда Талас мамлекеттик университетинин доценти.

Акындын “Чолпонбайдын ыры”, “Манас шаңы”, “Манас – Чыңгыз улуу мурвс, кош жылдыз” ж.б. ырлары “Талас турмушу”, “Дабан”, “Уста” гезиттеринде басылып чыккан.

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын 4-томунун авторлорунун бири.

Ал сүрөт тартат, обон чыгарат жана илимий иштер менен алектенет.

2003-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген архитектору” наамын, 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин “Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери” төш белгисин алган.

Прокрутить вверх