Ректордун жардамчысы

Нукешов Султанбек Токтоназарович 

Ректордун жардамчысынын кызматтык милдеттери

  • Ректордун, проректордун  ишмердүүлүгүн камсыздоого байланышкан иштерди аткарат.
  • Жетекчинин аткаруу бийлик органдарынын өкүлдөрү жана уюмдардын жетекчилери менен өз ара аракеттенүүсүн уюштурууга көмөк көрсөтөт.
  • Жетекчинин жыйындарга, жолугушууларга, конференцияларга жана семинарларга катышуу графигин координациялайт, ошондой эле өкүлчүлүк иш-аракеттери үчүн зарыл болгон маалымат менен камсыздайт.
  • Берилген ыйгарым укуктардын чегинде билим берүү мекемесинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин координациялайт, өзү карамагындагы кызматкерлерге жетекчилик кылат.
  • Уюмдар менен иш кагаздарын жүргүзөт.
  • Жетекчи үчүн керектүү маалыматтарды мекеменин бөлүмдөрүнөн алып турат, тапшырмасы боюнча кызматкерлерди кабыл алууга чакырат.
  • Телефонограммаларды кабыл алып, жөнөтөт, билдирүүлөрдү жазып, тиешелүү адамдарга жеткирет.
  • Жетекчи өткөргөн жыйындарга жана кеңешмелерге даярдык көрөт.
  • Иш кагаздарын жүргүзөт: жетекчинин атына түшкөн каттарды кабыл алат, ирээттейт жана чечимдердин аткарылышы боюнча жетекчиге маалымат берет.
  • Документтерди тиешелүү бөлүмдөргө же жооптуу аткаруучуларга жөнөтөт, жооптордун жана сунуштардын өз убагында берилишин көзөмөлдөйт.
  • Келген адамдарды кабыл алууну уюштурат, алардын өтүнүчтөрүн жана сунуштарын өз учурунда кароого көмөктөшөт.
  • Берилген укуктардын чегинде жетекчинин атынан башка уюмдарда өкүлчүлүк кылат.

Ректордун жардамчысы билүүгө тийиш

  • КРдин билим берүү жана тарбиялоо маселелери боюнча мыйзамдарын жана башка нормативдик укуктук актыларын.
  • КРдин билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу багыттарды.
  • Чет өлкөлөрдөгү билим берүүнүн өнүгүүсү боюнча негизги маалыматтарды, билим берүү системаларын башкаруу теориясын жана ыкмаларын.
  • Мекеменин локалдык нормативдик актыларын.
  • Билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салууга тиешелүү жарандык, административдик, эмгек, бюджеттик жана чарба мыйзамдарынын негиздерин.
  • Менеджмент, персоналды башкаруу, долбоорлорду башкаруу негиздерин.
  • Персоналдык компьютер жана санариптик жабдуулар менен иштөө талаптарын.
  • Иш кагаздарын жүргүзүүнүн тартибин.
  • Эмгекти коргоо жана өрт коопсуздугунун эрежелерин.
Прокрутить вверх