ТалМУнун ректору Шаршембиев Жыргалбек Сабырбекович студенттери менен жолугушуу өткөрдү.


” КР Президентинин Жарлыгынын алкагында 2023-жылдын 16-сентябрында массалык облустун аймагында баардык мамлекеттик органдарда ишембилик өткөрүү тууралуу Жарлыкка ылайык 16.09.2023-ж. ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) педагогика секциясынын окутуучулары да бөлүнгөн тилкеде тазалоо иштерин жүргүзүштү.



Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, III даражадагы “Манас” орденинин ээси, белгилүү агартуучу Гапыр Мадаминов окуучулар, студенттер менен жолугушуп, атайын семинарларды өтүп келди.




Мугалимдер күнүнө карата “Мугалим- мөмөлүү дарак”деген темада КП-1-22 группасы ачык тарбиялык саат өткөрүштү.


“Күзгү балл -2023” кароо- сынагы болуп өттү.
“Мыкты тамаша” көрсөткөндүгү үчүн ардак грамоталарга ээ болушту.

“Элим барсынбы” коомдук кайрымдуулук фондунуна кесиптик отро билим берүү бөлүмүнүн “Башталгыч класстарды окутуу” адистигинин КП-2-21 группасынын студенттери Джакшылыкова Элнура, Рахманжанова Эркинай, Джолдошбек кызы Сабина волонтёр болуп кайрымдуулук иштерине катышып келишти.


3-декабрь Бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө карата КП-2-23 группасынын студенттери кайрымдуулук иштерине катышып келишти.


3-декабрь Бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө карата КП-2-22 группасы да куратору менен биргеликте кайрымдуулук иштерине катышып келишти


Улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Айтматовго таазим” КДО-1-23 группасы


Педагогика секциясында 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата “Ар бир тил – өз элине улук” – деген темада иш чара болуп өттү.




КП-1-22 группасы куратору А.С.Батыркулова менен биргеликте тамак аш даярдашып, студенттерге “Кайрымдуулук жарманкесин” өткөрүшкөн. Кайрымдуулуктан түшкөн акчага Талас районуна караштуу Көмөкчү балдар мектеп-интернатына азык-түлүк, таттууларды жеткирип беришти. Андан тышкары мектеп балдарына оюн,бий,обондуу ырларды тартуулап, аз да болсо балдардын көңүлдөрүн көтөрүп келишти.







КП-1-22 группасы куратору А.С.Батыркулова менен биргеликте «Коррупция – мамлекет, коом оорусу» деген темада ачык куратордук саат өттү.


КП-1-23 группасы куратору А.Э.Сейдакматова менен биргеликте 5-март Ак калпак күнүнө карата “Ак калпагым ардагым” деген темада куратордук саат өтүштү.




КП-1-21 группасы куратору Г.С.Сыдыкова менен биргеликте 3-март Ак калпак күнүнө карата жана 5-март Туу күнүнө карата “Туу эгемендүүлүктүн символу”, “Ак калпак кыргыз элинин тарыхы” деген темада куратордук саат өтүштү.




КП-1-22 группасы куратору А.С.Батыркулова менен биргеликте 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата “Дүйнө жарык сен бар үчүн аялзат” деген темада ачык куратордук сабак өткөрүштү.




Нооруз майрамына карата Педагогика секциясынын кураторлору группалары менен биргеликте тарбиялык сааттарды өтүп келишти. КП-2-21,КП-2-22, КДО-1-21,КДО-2-22, КДО-1-23












20.04.2024-жылы 3 айлык жарыяланган Тазалык акциясынын алкагында Талас шаарында массалык ишембилик өткөрүлдү. Ишембилике жалпы мекеме уюм кызматкерлери катышты.ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) педагогика секциясынын окутуучулары да бөлүнгөн тилкеде тазалоо иштерин жүргүзүштү.


2024-жылдын 26- апрелинде Талас мамлекеттик университети, Талас облустук ички иштер Башкармалыгы менен бирдикте “Жаштар кылмыштуулукка каршы” деген ураандын алдында “Дени сак улут, дени сак мамлекет “ аттуу ден соолук спартакиадасын өткөрдү.
Спартакиадага окуу жайдын бардык структуралык бөлүмдөрү активдүү катышышты




Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6- сентябрдагы ПЖ номур 305 Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндөгү Жарлыкка ылайык 2024-жылдын 14-сентябрында жалпы республикалык ишембилик өттү. Ага ТалМУнун алдындагы КОБББнын (колледж) Педагогика секциясынын окутуучулары чыгып, бөлүнгөн тилкелерде тазалоо иштерин жүргүзүп келишти.




20.09.24 23-Сентябрь Эне тилибиздин 35 жылдыгына карата “Педагогика” секциясында “Эне тилим – эне сүтүм” – деген темада иш чара болуп өттү.





5.11.2024.ТалМУда күз берекесин даңазалаган студенттер арасында кароо- сынак болуп өттү.




Бүгүн 2024-жылы 3- декабрь Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата ТалМУнун алдындагы КОБББнын Педагогика секциясынын окутуучулары Арсиева Ч.Б., Калманова Б. КДО-1-23 жана КП-2-22 топторунун студенттери менен биргеликте “Теңир колдо” борборунда болуп кайрымдуулук иш- чара уюштуруп, балдарга жагымдуу маанай тартуулап келишти.




ТалМУнун алдындагы КОБББда (колледж) мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына жана кыргыз тилинин үч айлыгынын алкагында 1- курстардын арасында жат жазуу жана “Тил азыгы- дил азыгы ” аттуу темада дилбаян жазуу конкурсу 29.11.2024 өткөрүлдү.





“СПИД- кылым коркунучу” деген темада 5.12.2024 С.А.Момоконова жана Г.И.Курманбаева тарабынан уюштурулган тегерек стол болуп өттү.




ТалМУнун алдындагы КОБББнын мектепке чейинки билим беүү адистигинин КДО-1-24, КДО-1-23 группаларынын студенттери жана кураторлору Ч.Арсиева, Г.Сыдыкова тарабынан уюштурулган “Диний экстремизм”,”Зордук-зобулук”, “Миграция” деген темаларда иш чара болуп өттү. Иш чарага Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана дин өкүлдөрү катышышты.





3.03.25 Педагогикалык колледжинин окутуучусу Ч.Б.Арсиева КДО-1-23 группасына “Биз коррупцияга каршыбыз”деген темада куратордук саат өттү.

03.03.25. Педагогикалык колледжинин окутуучусу А.Э.Сейдакматова КП-1-23 группасына 3-март Туу күнүнө карата “Желбирейт кыргыз желеги” деген темада ачык куратордук саат өттү.



06.03.25 Педагогикалык колледжинин окутуучусу Г.С.Сыдыкова КДО-1-24 тайпасына “Биз коррупцияга каршы күрөшөбүз” деген темада куратордук саат өттү.

13.03.25 Педагогикалык колледжинин окутуучусу А.С.Батыркулова КП-1-22 тайпасына “Коррупция коомдо зыяндуу көрүнүш – бирок биз ага жол бербейбиз” деген темада куратордук саат өттү.

Нооруз-2025
Талас мамлекеттик университетинде Нооруз майрамына карата институттар (колледждери менен) ортосунда конкурс өткөрүлдү. Программада: 1.Кыз узатуу аземи, 2.Келин алуу аземи, 3.Куда тосуу, 4.Бешик той, 5.Бирден музыкалык чыгарма аткаруу. 6.Улуттук кийимдердин көрсөтмөлүү жүрүшү.


Талас шаарынын « Газпром» спорт комплексинин тушунан 5 гектар жер бөлүнүп берилип, 5 миң орунду стадиондун курулушуна мезгил кутучасы салынды. Иш чарага Педагогикалык колледжинин окутуучулары жана студенттери толугу менен катышып келишти.


23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук коргоо күнүнө жана Жеңиштин 80 жылдыгына карата иш-чарага Педагогикалык колледжинин окутуучулары жана суденттери катышып келишти.



26-апрель 2025-жылы Педагогикалык колледжинде ишембилик өткөрүлдү. Колледжге бөлүнгөн территорияларда, окуу имаратынын айланасы тазаланып, актоо жана сырдоо жумуштары жүргүзүлдү.



ТалМУда “StartUp students-2025” сынагынын финалдык туру болуп өттү. Жалпысынан 26 стартап долбоор каралды. Педагогикалык колледжинин студенттери да активдүү катышып келишти.





Талас мамлекеттик университети жана К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театры Улуу жеңиштин 80-жылдыгына карата Талас облусунун мектептеринин 9-11-класстарынын бүтүрүүчүлөрү жана ата-энелери үчүн ачык эшиктер күнү уюштурулду.




