10.12.2025.
Бүгүн, 9-декабрь 2025-жыл
Талас шаары, Канат-Ата конференция залы, Сарыгулова 57 а
“Караван: Санариптик коопсуздук” аттуу тренингге МТТЭИнин студенттери катышты
Бүгүн Талас мамлекеттик университетинин Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институтунун (МТТЭИ), студенттери “Караван: Санариптик коопсуздук” темасындагы тренингге катышышты.
Иш-чарага төмөнкү студенттер жигердүү катышты:
Айзада Кыбалова
Болотканов Бек
Зайырбеков Раушан
Жакыпова Дамира
Кенешбекова Нурпери
Омурканова Гулиза
Омуркан уулу Бекзат
Тренингде катышуучуларга:
Жеке маалыматтарды коргоо,
Татаал сырсөздөрдү колдонуу,
Фишинг жана интернет алдамчылыкты таануу,
Социалдык тармактардагы коопсуздук жөндөөлөрү боюнча маанилүү жана практикалык маалыматтар берилди.
Студенттер онлайн мейкиндикте коопсуз жүрүм-турум эрежелерин билүү менен катар,
суроо-жооп жана
жигердүү талкууга активдүү катышышты.
Санарип коопсуздук — ар бир колдонуучунун жеке жоопкерчилиги.



10.12.2025.
Онлайн ТАМ-семинарына катышуу!
«Сапатты камсыздоо, квалификацияларды таануу жана академиялык мобилдүүлүк ортосундагы синергия: Европа тажрыйбаларын Кыргызстандагы жогорку билим берүү системасын чыңдоого ылайыкташтыруу» аттуу онлайн ТАМ-семинары 9-декабрда өттү.
9-декабрь 2025-жыл
13:30–18:00 (Бишкек убактысы)
Формат: онлайн
Иш-чарада Болон процессинын негизги аспаптары, Европа өлкөлөрүнүн жогорку билим берүүдөгү сапатты камсыздоо, квалификацияларды таануу жана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү боюнча тажрыйбалары талкууланып, аларды Кыргызстандын жогорку билим берүү тутумуна адаптациялоо мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Талас мамлекеттик университетинин Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институтунан төмөнкү окутуучулар катышты:
п.и.к., доцент Курманалиева Айнура Озубековна
п.и.к., доцент Раева Чынара Тургунбековна
тех.и.к., доцент Абдырахманов Иманбек Асанович
ага окутуучу Омурканова Жамиля Эгембердиевна
ага окутуучу Дуйшебаева Марипа Кушубаковна
Иш-чара өкүлдөрдүн тажрыйба алмашуусуна, билим сапатын жакшыртууга жана эл аралык академиялык кызматташууну кеңейтүүгө багытталган маанилүү аянтча болду.



08.12.2025.
Таласта конок лекция — академиялык мобилдүүлүккө жаңы дем!
28-ноябрда М. Капалов атындагы Талас драма театрында Талас мамлекеттик университетинин, Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институтунун,. Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит, Информациялык системалар жана технологиялар адистиктеринин студенттери үчүн өзгөчө маанилүү конок лекция өткөрүлдү.
Биздин чакыруубуз менен Таласка келишкен:
Карабекова Аида Камилжановна — экономика илимдеринин доктору, профессор Б. Осмонова атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети;
Карбекова Азиза Баймаматовна — экономика илимдеринин доктору, , “Экономика, эсеп жана финансы” кафедрасынын профессору.,Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети.
Конок профессорлор студенттерге «Чиангмай демилгесинин тажрыйбасын эске алуу менен Евразиялык валюта фондун түзүүнүн перспективалары» жана экономикалык коопсуздук багыттарында терең мазмундуу, заманбап аналитикалык маалыматтарды сунушташты.
Иш-чарага окутуучулар жана студенттер активдүү катышып, суроолорду берип, пайдалуу талкуу жүргүзүштү. Лекциянын аягында конокторго ыраазычылык каттары тапшырылды.
Бул жолугушуу өлкөбүздүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө түрткү берип, жаштардын дүйнөлүк тенденцияларды түшүнүүсүнө, билим алмашуусуна жана профессионалдык өсүшүнө чоң мүмкүнчүлүк түздү.


08.12.2025.
1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөш күнү
ЖАШТАР ЖАШООНУ ТАНДАЙТ!
Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектепте Талас облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВ көзөмөлдөө борбору, ошондой эле КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү биргеликте “Өзүңө жана башкаларга кам көрүү менен ВИЧти бирге жеңебиз!” аттуу жаштар арасында өткөрүлгөн кароо-таймаш уюштурулду.
Иш-чарага облус башчысынын орун басары Мира Сейдикеримова, Талас облустук гепатит жана АИВ көзөмөл борборунун жетекчиси Гульмира Алишерова, Кыргызстан Кызыл жарым ай коомуунун Таластагы өкүлчүлүгүнүн долбоорлор жетекчиси Эльнура Турдукулова, ошондой эле жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери, мугалимдер жана жаштар катышты.
Кароо-сынакты ачып жатып, орун басар Мира Сейдикеримова жаштарды ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга, ВИЧ/СПИД боюнча так жана ишенимдүү маалымат алууга, кайдыгер болбой, өз ден соолугуна кам көрүүгө чакырды.
Иш-чара Кызыл жарым ай коомунун ыктыярчыларынын флешмобу менен башталып, көркөм постановкалар, ыр-бийлер жана жаштардын кол чабуулары менен жанданып турду.
Сынакка беш окуу жайдын студенттери катышып, ар бир команда өзүнчө дем, чыгармачылык жана активдүүлүк көрсөттү. МТТЭИ менен ГЮИнин курама командасы “Бир тамчы ырайым” аталышында ат салышып, активдүү катышканы үчүн ыраазычылык кат менен сыйланышты. Кат жана кызыктыруучу белектерди орун басар Мира Сейдикеримованын колунан алышты.
Бул иш-чара жаштардын саламаттык маданиятын көтөрүүгө, ВИЧке каршы маалыматтык аң-сезимди арттырууга жана биримдикте аракет кылуунун маанисин көрсөттү.
Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институтунун студенттери да сынакка активдүү катышышты:
— Курманбекова Альбина (БУА-23)
— Мурадинов Нурсултан (ИСТ-24)
Алар институттун атын татыктуу коргошуп, демилгечил жасалгалары менен айырмаланышты.
Студенттерге жетекчилик кылган ТЭЭ кафедрасынын ага окутуучусу — Дуйшебаева Марипа Кушубаковна.
Ал эми Гуманитардык-юридикалык институтунан студенттерди Өмүрбек кызы Умут Дүйнөлүк тилдер кафедрасынын ага окутуучусу жетекчилик кылышты.
- #СПИДгеКаршыКүн
- #ВИЧ2025
- #ЖаштарҮчүнСаламаттык
- #СаламаттыкМаданияты
- #ӨзүңөКамКөр
- #ТаласОблусу
- #ТаластынЖаштары
- #КызылЖарымАй
- #АИВПрофилактикасы
- #ЖаштарИнициативасы
- #СанарипДоорундагыЖаштар
- #ДенСоолукБиринчиОрондо
- #БиргеЖеңеби



04.12.2025.
Талас мамлекеттик университети тарабынан Талас атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак-мектебине кайрымдуулук көрсөтүлдү.
2025-жылдын 3-декабрында Эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо күнүнө карата Талас мамлекеттик университетинин Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институту жана Маалыматтык технологиялар, техника жана экономикалык колледжи тарабынан социалдык багыттагы жакшылык акциясы уюштурулду.
Университеттин профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттери Талас атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак-мектебине барып, окуучулар менен жолугушуп, аларга жылуу маанай тартуулашты.
Бул мекемеде 1-класстан 9-класска чейин билим алган 120 окуучу тарбияланат. Мектептин директору Илимкалый Алиев конокторду жылуу тосуп алып, мектептин ишмердүүлүгү жана балдардын жетишкендиктери тууралуу маалымат берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө университет жамааты тарабынан:
тамак-аш түрүндө жардамдар,
күнүмдүк керектелүүчү буюмдар.
Балдар үчүн майрамдык чакан концерт уюштурулуп, алардын маанайын көтөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Мектеп жамааты Талас мамлекеттик университетине жана МТТЭИ, МТТЭК жетекчилигине көрсөткөн камкордугу жана колдон келген жардамы үчүн өз ыраазычылыгын билдирип, атайын ыраазычылык катын тапшырды.



28.11.2025.
2025-жылдын 28-ноябрында К.Медетбеков атындагы музыкалык драмтеатрында Президентибиздин “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик: уңгужолу” Жарлыгынын алкагында “Кыргыздын “уңгужолундагы” эрдиктери менен даңазаланган ата- бабаларыбыз Эр Солтоной, Хан Садыр , Нүзүп бийдин тарыхтагы изи” аталышында эл аралык деңгээлде илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференцияга республикабыздагы ЖОЖдордон, коңшулаш жана чет мамлекеттерден да онлайн, оффлайн формасында катышышып, куттуктоолорун айтып, илимий баяндамаларын окушту.
Конференцияны ТалМУнун ректору Ж.С.Шаршембиев ачып , илимий-практикалык конференция ийгиликтүү, жемиштүү натыйжаларды берсин деген тилегин билдирди. Сөз Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Э. Сейдикеримовага берилип, Жарлыктын негизинде облусубузда бир топ иш- чаралар: конференциялар, көргөзмөлөр, конкурстар, тегерек столдор болуп жаткандыгын белгилеп, конференциянын ишине ийгилик каалады.
Келген коноктор куттуктоолорун айтышып, пленардык бөлүмдө үч илимий макала окулду. Андан соң ТалМУнун түптөлүшүнө, өнүгүшүнө салым кошкон жетекчилерге , окутуучуларга
“ ТалМУнун Ардактуу профессору” төш белгиси ыйгарылып, министрликтин ыраазычылык каттары, ТалМУнун жыл жыйынтыгынын негизинде өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө дипломдор тапшырылды.
Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн сыйлыктары “ Улуттук уңгужолуна” жигердүү салым кошкон облусубуздун кызматкерлерине тапшырылды. Секциялык иштер жүргүзүлүп, майнаптуу жыйынтыкталып, сунуштар айтылып ,резолюция кабыл алынды. Жыйынтыгында, драмтеатрдын өнөрпоздору өнөрлөрүн тартуулап, коноктордун көңүлүн көкөлөтүп, маанайларын көтөрдү.
Конференцияны Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Талас мамлекеттик университети уюштурушту.



04.11.2025.
Жаштар сүйлөйт! Талас мамлекеттик университетинде интеллектуалдык оюн өттү ![]()
2025-жылдын 4-ноябрында Талас мамлекеттик университетинде, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана демилгелүү топтордун катышуусундагы «Youth Go» долбоорунун алкагында «Парламенттик Шайлоо 2025. Жаштар сүйлөйт!» аттуу интеллектуалдык жана таанып-билүү оюну болуп өттү.
Долбоордун максаты — жаштардын жергиликтүү деңгээлдеги чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун кеңейтүү жана жаштардын санариптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.
Бул иш-чараны Жаштарды өнүктүрүү институту (ЖӨИ) жана DVV International Кыргызстан уюштуруп, ал **Европа Биримдиги** жана **Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ)** тарабынан каржыланды.
**Иш-чаранын максаты** — жаштардын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу, билим деңгээлин, коомдук жана саясий процесстер боюнча маалымдуулугун арттыруу жана жарандык жоопкерчилигин бекемдөө.
Бул маанилүү иш-чарага Талас мамлекеттик университетинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана орто кесиптик окуу жайлардын студенттери катышышты, атап айтканда:
Аргобизнес, биоэкология жана туризм институту;
Гуманитардык-юридикалык институту;
Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институту;
Педагогика жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институту;
Талас медициналык колледжи;
Талас агрардык-экономикалык колледжи;
Интеллектуалдык оюн жыйынтыгында студенттик командалар төмөнкүдөй орундарга ээ болушту:
1-орун — Талас медициналык колледжинин студенттери, «Жаңы муун» командасы
2-орун — Аргобизнес, биоэкология жана туризм институтунун студенттери, «Жашыл толкун» командасы
3-орун — Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институтунун студенттери, «Жаш дем» командасы
4-орун — Талас агрардык-экономикалык колледжинин студенттери, «Ынтымак» командасы
5-орун — Гуманитардык-юридикалык институтунун студенттери, «Review» командасы
6-орун — Педагогика жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институтунун студенттери, «Youth» командасы
Бул иш-чара жаштардын билимге умтулуусун, жарандык жоопкерчилигин жана коомдук активдүүлүгүн арттырууга чоң өбөлгө түздү.
Бардык катышуучуларды жана жеңүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктайбыз! ![]()
![]()
**#ЖаштарСүйлөйт#YouthGo#ТаласМамлекеттикУниверситети#ТМУ#ЖаштарИнициативасы#DVVInternational#IRM#EU#BMZ#БилимЖанаӨнүгүү#Талас#ЖашЛидерлер



31.10.2025.
Жакшы жаңылык!
Бүгүн биздин университетте Чынаев Женишбек Чынаевичтин катышуусунда «Бүтүрүүчүлөрдүн Ассоциациясы» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө окууда мыкты жетишкендиктерге ээ болгон 12 студентке Женишбек Чынаевичтин атындагы атайын стипендия тапшырылды.
Маалыматтык системалар жана технологиялар адистигинен төмөнкү студенттер бул сыймыктуу стипендияга ээ болушту:
Каваева Анжелика – ИСТ-22 группасынын студенти
Алтымышова Бермет – ИСТ-22 группасынын студенти
Кенешбекова Алтынай – ИСТ-23 группасынын студенти
Биз стипендия ээлерин чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Эмгек, билим жана изденүү – ийгиликтин ачкычы!



30.10.2025. Кузгу бал-2025
Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институтунда жыл сайын күтүлгөн “Күзгү бал – 2025” конкурсу жогорку деңгээлде болуп өттү!
Жылдыздуу кечеде 7 топтун студенттери чыгармачылык менен өз өнөрлөрүн тартуулашты. Конкурстун программасында:
сыяктуу кызыктуу номерлер орун алды.
Ар бир катышуучу өзгөчө таланты менен айырмаланып, калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн алкышына татыды.
Жыйынтыгында:
Гран-при — БУА-23 тобуна ыйгарылды!
1-орун— ИСТ-25 тобуна
2-орун— М-25 тобуна
3-орун— ИСТ-24 тобуна
Жеңүүчүлөргө грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Бул жаркын кечени уюштурууда эмгек сиңирген окутуучуларга жана активдүү студенттерге терең ыраазычылык билдиребиз!


28.10.2025.
ЭКОКОНКУРСТУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮНӨ СЫЙЛЫКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ
Бишкек шаарындагы “Орхус” борбору Талас студенттери арасында жалпы коомчулукту, жаштарды, айлана-чөйрөнү курчап турган жаратылышты сактоодогу көйгөйлөрүнө көңүл буруусу үчүн конкурс жарыялаган.
Конкурстун жыйынтыгында:
1. Глобалдык климаттык өзгөрүү боюнча “Жашыл “реформасына сенин ойлоруң( видеоролик, плакат) номинациясына:
Асанбеков Мыктыбек I орун;
Жакыпова
Дамира II орун;
Кожомбердиева Рысгүл III орун;
Кожомкратова Элиза IV орунга,
2.Адамдардын ден соолугуна зыян келтирүүчү таштандыларды кайра иштетүү ( видеоролик, плакат) номинациясына:
Молдокулова Гүлзат I орун;
Кубанова Нинель II орун;
Абдирасилова Мээрим III орун;
Мырзалы уулу Эрлан IV орунга,
3. “Жаратылыш- жаштардын көз карашында” Актуалдуу жаратылыш маселелери жана көйгөйлөрүн чечүүдө сенин ойлоруң ( видеоролик, плакат) номинациясына:
Абжалбекова Гүлдана I орун;
Уланбек уулу Бектур II орун;
Азизбеков Зулкумар III орун;
Досалиева Насипа IV орунга ээ болушту.
Жеңүүчүлөргө смарт сааттарды, баалуу китептерди жана компьютердик жабдыктарды Бишкектеги Орхустун ассистент-консультанты Тургун Момунбекова жана ТалМУнун ректору Жыргалбек Шаршембиев тапшырды.
Уюштуруу иштериндеги жигердүүлүгү үчүн ТалМУнун проректору Кундуз Жунусалиевага, Агробизнес, биоэкология жана туризм институтунун директору, б.и.к. Замира Ташибекова жана окутуучу Назгүл Садыралиевага Ыраазычылык каттар тапшырылды.
@топовые поклонникиМаданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигиКР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгүнүн аппаратыМир



02.10.2025.
ТалМУнун Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институтунун маалыматтык системалар жана технологиялар кафедрасында ИСТ-25 группасынын студенттери кыргыз тили кунуно карата даярдалган «Кыргыз тили улуттун жүрөгү» аттуу майрамдык жана тарбиялык иш чарасы өткөрүлдү. Аталган иш чарага Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институтунун деканы п.и.к. Курманалиева А.О. жана маалыматтык системалар жана технологиялар кафедрасынын жалпы жамааты жана студенттери катышышты.



04.06.2025.
АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ — АБИЙИРДИН ЖАНА ЧЫНДЫКТЫН АКЫНЫ
«Абийирден тайбаган акын – элдин үнү, чындыкты айткан сөз – элдин кырааны.»
— Анатай Өмүрканов.
2025-жылдын 2-июнунда Талас мамлекеттик университети Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, “Манас” орденинин ээси Анатай Өмүркановдун 80 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференцияны өткөрдү. Иш-чара Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык-драма театрында болуп өттү.
Конференцияга борбордон келген белгилүү калемгерлер жана маданият өкүлдөрү катышты. Алардын катарында:
Кыргыз Республикасынын Эл акыны Сагын Акматбекова,
Кыргыз Республикасынын Эл акыны Кожогелди Култегин,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов,
Филология илимдеринин кандидаты, белгилүү окумуштуу Сайра Исаева өз куттуктоолорун айтып, акындын чыгармачылыгына жогору баа беришти.
Талас мамлекеттик университетинин илимпоздору — ф.и.к., доцент К.Т. Жунусалиева, ф.и.к., доцент Т.К. Айталиева жана философия илимдеринин кандидаты, доцент Э.А. Уметов тарабынан акындын өмүр жолу жана адабий мурасы тууралуу мазмундуу илимий баяндамалар жасалды.
Конференциянын жүрүшүндө Анатай Өмүркановго Талас мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен «ТалМУнун Ардактуу профессору» деген наам ыйгарылды.
Иш-чаранын экинчи бөлүгү маданий программа менен коштолуп, меймандарга ыраазычылык каттар тапшырылды.
Конференцияга ТалМУнун Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институтунун Маалыматтык системалар жана технологиялар кафедрасынын окутуучулары Раева Ч.Т., Тургунбаева З.Б., Керимбай уулу Максат жана студенттери активдүү катышышты.



04.06.2025.
2025-жылдын 28-майында “Аймактарды өнүктүрүүдөгү заманбап билим берүүнүн жана илимдин орду” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференциянын ачылыш аземин университеттин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Ж.С. Шаршембиев алып барып, республикадагы жана коңшу өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларынан келген илимпоздорду жана жаш изилдөөчүлөрдү куттуктап, ийгиликтерди каалап өттү.
Иш-чара оффлайн жана онлайн түрүндө өтүп, ал жети секциянын алкагында иш алып барды. Алардын ичинен №7 секция — Табигый, маалыматтык технологиялык, техникалык жана экономикалык илимдер багыты боюнча жыйын ТалМУнун Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институтунун имаратында (105-ауд.) өттү.
Бул секцияда Маалыматтык системалар жана технологиялар кафедрасынын окутуучулары өз багыттары боюнча баяндамаларды жасап терең, маанилүү маселелерди көтөрүштү. Төмөнкү баяндамалар окулду:
Абдрахманов И.А., Сурапов А.К., Рысбеков А.М., Талантбеков А.А. — Экспериментальное исследование эффективности энергосберегающего керамического обогревателя с греющим карбоновым кабелем.
Курманалиева Айнура Озубековна, п.и.к., доцент, магистрант Джумагулова Айгерим Нурлановна — Болочок мугалимдерди билим берүү сайттарын иштеп чыгууга даярдоо.
Раева Ч.Т., Жузупова А.Ж. — Башталгыч класстарда билим берүүнү жекелештирүүдө компьютердин ролу.
Раева Ч.Т., Кенешбекова А.Н., Мирлан кызы Ж. — Башталгыч класста компьютердик технологиялар аркылуу математика сабагында интерактивдүү окутууну ишке ашыруу.
Дүйшебаева М.К. — Аймактык шарттарда сүт ишканасы үчүн эффективдүү маркетингдик стратегияны иштеп чыгуу (ЖАК “Талас-Сүт” мисалында)
Омурканова Ж.Э. — Талас облусунда жашоонун сапатын жогорулатууда жашыл жана санариптик экономиканын айкалышы.
Тургунбаева З.Б., Тургунбаев М.С. — К вопросу нормирования разработки грунтов, содержащих каменистое включение одноковшовыми экскаваторами.
Шаршембиев Ж.С., Абдрахманов И.А. — Искусственный интеллект как синергетический элемент NBIC в обеспечении безопасности дорожного движения.
Секциянын жүрүшүндө баяндамалар кеңири талкууланып, сунуштар берилип, илимий изилдөөлөрдү жарыялоо үчүн басмага сунушталды.
Конференциянын аягында активдүү катышкан окутуучуларга сертификаттар жана ыраазычылык каттар тапшырылып, алардын илимге кошкон салымы жогору бааланды.



17.05.2025.
ТалМУда ORCID жана Scopus боюнча практикалык тренинг өттү
2025-жылдын 14-майында Талас мамлекеттик университетинде илимий коомчулук үчүн маанилүү иш-чаралардын бири — “ORCID системасына катталуу жана Scopus базасына макала жайгаштыруу” аттуу практикалык тренинг ийгиликтүү өттү. Бул тренингди билим берүү жана илим тармагында кеңири тажрыйбага ээ болгон Борбордук Азия университетинин PhD доктору Джунушалиева Гульнара Дженишевна уюштуруп, жигердүү алып барды.
Илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган бул иш-чара окутуучулардын илимге болгон кызыгуусун арттырып, заманбап илимий платформаларда иш алып баруу боюнча пайдалуу маалыматтарды берди. Айрыкча, ORCID платформасына катталып, автордук профилди туура башкаруу, Scopus индексацияланган журналдарга макала даярдоо жол-жоболору катышуучуларга кеңири түшүндүрүлдү.
Тренингге активдүү катышкан окутуучуларга сертификаттар тапшырылып, мындан тышкары декабрь жана январь айларындагы онлайн семинарга катышкан 12 окутуучу 32 жана 10 сааттык программалар боюнча тастыктама алышты.
Иш-чарага маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институтунун директору, п.и.к., доцент Курманалиева А.О., ошондой эле маалыматтык системалар жана технологиялар кафедрасынын кафедра башчысы п.и.к., доцент Раева Ч.Т., жана окутуучулары Тургунбаева З.Б., Керимбай уулу Максат катышышты.



26.04.2025.
2025-жылдын 23-апрелинде Талас мамлекеттик университетинде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган “Илимге карай жол: Жаштар жана инновациялар” аттуу Эл аралык XXII студенттик илимий-практикалык конференциясы онлайн, оффлайн форматында уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Конференцияга катышкан Жогорку окуу жайлар:
Талас мамлекеттик университети
Россия Федерациясынын Федералдык мамлекеттик
бюджеттик жогорку билим берүү мекемеси, Кострома мамлекеттик айыл чарба
академиясы
И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык
академиясы
Ош мамлекеттик педагогикалык университети
И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникум
Кыргыз-Казак университети
Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык институту
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети
Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян
университети
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери катышышты.
Конференцияга жалпы 262 студент катышты.
Конференцияны ТалМУнун окуу жана илимий иштер
боюнча проректору техн, и.к.,доцент Сурапов Анаркул Кудайбердиевич расмий ачып, жалпы жогорку окуу жайлардан келип катышып жаткан студенттерге ыраазычылык билдирип, конференциянын ишине ийгилик каалады.
Андан соң ТалМУнун студенттеринин илимий багытта жана академиялык жетишкен ийгиликтери боюнча видеоролик көрсөтүлүп, стартап конкурсунун сыйлоо аземи менен коштолду.
ТалМУнун ректору техн. и.д, профессор
Ж.С.Шаршембиев учурда иш сапарда болгондуктан конференциянын катышуучуларына онлайн куттуктоо жасады.
Программа боюнча пленардык отурумга ТалМУнун мыкты стартаптын жеңүүчүлөрүнүн, республикадагы жана Россия Федерациясынын (онлайн)
жогорку окуу жайларынан келген студенттердин, азыркы учурдагы актуалдуу
маселелерди чагылдырган илимий баяндамалары окулуп,чебер класстарды көрсөтүшүп, катышуучулардын кызыгуусун арттырды.
Пленардык отурумдан кийин 8 илимий багыт боюнча 16 секция иш алып барды.
№ 15 Маалыматтык технологиялар — 1 секциясы Башкы корпуста, жыйындар залында онлайн форматта болду. Программа боюнча 16 макала катталып окулду.
№ 16 Маалыматтык технологиялар-2 секциясында 15 макала катталып, 17 баяндама окулду.
Жыйынтыгында маданий программа тартууланып, катышуучуларга сертификат, жетекчилерине жана катышкан окуу жайларга ыраазычылык каттар тапшырылды.





24.04.2025.
23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук коргоо күнү менен Жеңиштин 80 жылдыгына карата иш-чара.
23-апрелде Талас мамлекеттик университети менен Аман Токтогулов атындагы облустук китепкана биргелешип, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелинин алдында, ачык асман алдында маанилүү маданий иш-чара өткөрүштү.
Иш-чарага Талас мамлекеттик университетинин алдындагы Д. Казакбаев атындагы илимий китепкананын кызматкерлери жана институттун алдындагы колледждердин окутуучулар жамааты активдүү катышып, китеп көргөзмөсүн уюштурушту. Көргөзмөдө студенттер тарабынан жасалган китеп макеттери, көркөм, илимий жана окуу адабияттары, балдарды китеп окууга үндөгөн чакырыктар менен кооздолгон материалдар коюлду.
Ошондой эле студенттер өз калеминен жаралган поэзияларын көркөм окуп, мекенге арналган обондуу ырларды аткарып, кымча бел кыздар улуттук бийлерин тартуулашты.
Иш-чаранын соңунда мыкты катышуучуларга уюштуруучулар тарабынан китептер белекке тапшырылды. Бул маданий иш-чарага Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институтунун «Транспорт, энергетика жана экономика» кафедрасынын ага окутуучусу Дүйшебаева М.К. да катышды.






23.04.2025
2025-жылдын 23-апрелинде Талас мамлекеттик университетинде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган “Илимге карай жол: Жаштар жана инновациялар” аттуу Эл аралык XXII студенттик илимий-практикалык конференциясы онлайн, оффлайн форматында болуп өттү.
Конференцияга жалпы 262 студент, анын ичинен Талас мамлекеттик университетинин, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун, А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун, Кыргыз-Казак университетинин , Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык институтунун, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин, Кострома мамлекеттик айыл чарба академиясы, Россия Федерациясынын Федералдык мамлекеттик бюджеттик жогорку билим берүү мекемесинин , Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери катышышты.
Алгач ТалМУнун студенттеринин жетишкен ийгиликтери боюнча видеоролик көрсөтүлдү.
Конференцияны ТалМУнун окуу жана илимий иштер боюнча проректору техн, и.к.,доцент Сурапов Анаркул Кудайбердиевич расмий ачып, башка окуу жайлардан келип катышып жаткан студенттерге ыраазычылык билдирип, конференциянын ишине ийгилик каалады.
Андан кийин куттуктоо сөзгө Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Окенов Эрмек Төлөгөнович,Талас райондук,шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Момоконов Турдубек Аргынбекович, Талас облусундагы ишкерликти колдоо борборунун директору Досалиев Талантбек Макулбековичтер чыгышып жаштарга дем-күч берип, бүгүнкү күндүн жигердүү каармандары силерден коом көп нерсени күтөт деп белгилеп, конференциянын ишине ийгилик каалады.
ТалМУнун ректору техн. и.д, профессор Ж.С.Шаршембиев конференциянын катышуучуларына онлайн куттуктоо жасады.
Программа боюнча пленардык отурумга мыкты стартаптын жеңүүчүлөрү, республикадагы ЖОЖдордон келген азыркы учурдагы актуалдуу маселелерди чагылдырган илимий баяндамалары окулуп,чебер класстарды көрсөтүшүп,
катышуучулардын кызыгуусун арттырды.
Секция башчылары окулган баяндамалар боюнча жалпы маалымат берүү менен, арасынан мыкты делген илимий макалаларды белгилеп, илимий багытта ийгиликтерди каалашты.
Соңунда сунуш- пикирлерди эске алуу менен резолюция кабыл алынды.
Жыйынтыгында маданий программа тартууланып, катышуучуларга сертификат, жетекчилерине жана катышкан окуу жайларга ыраазычылык каттар тапшырылды.








16.04.2025.
2025-жылдын 15-апрелинде ТалМУда “StartUp students-2025” сынагынын финалдык туру болуп өттү. Жалпысынан 26 стартап долбоор каралды. Комиссиянын курамына сырттан ишкерлер чакырылды.
Досалиев Т.М.- Талас облусундагы ишкерликти колдоо борборунун директору, Атагелдиев Урмат — “Хан–Бүргө” жоопкерчилиги чектелген коомдун директору, Акмат кызы Махабат – “Талас айымдары” коомдук бирикмесинин жетекчиси, Асейин уулу Азамат – “Манас эпосу” музейинин директору.
Стартаптар азыркы учурда актуалдуу деп эсептелген маанилүү темаларды камтыды.
Айрым студенттердин стартаптары бир нече идеяларды камтыган, практика жүзүндө колдонууга мүмкүн боло тургандыктарын далилдеп, көрсөтүп беришти.
Сынактын жыйынтыгы менен ага окутуучу Козубекова Алмаш Токтобековнанын жетекчилиги менен 1-орунга Агробизнес, биоэкология жана туризм институтунан Г-23 группасынын студенттери Рысалиева Халида, Жолдошева Ширин Г-23, Уланбек уулу Бектур, Б-22 группасынын студенти Усөнова Кымбат, БСХ-23 грустуденти Калыков Адилет “Микрозелень Талас” долбоору ээ болду.
2-орунга б.и.к., доцент Ташибекова Замира Мазеловнанын жетекчилиги менен биоэкология жана туризм институтунан Б-1-22 группасынын студенттери Акматбек кызы Азима, Стамбек кызы Алтынай “Жашыл экономика-шыпаа нан” долбоору ээ болду.
3 — орунга п.и.к., доцент Раева Чинара Тургунбековнанын жетекчилиги астында Маалыматтык технологялар, техника жана экономика институтунан ИСТ-24 группасынын студенттери Жакыпова Дамира, Заирбеков Равшан, Кеңешбекова Нурпери “All Vision Media” долбоору ээ болду.
Келечек жаштардыкы демекчи, университет студент жаштардан жаңы идеяларды күтөт.
Жеңишке ээ болгон стартап долбоорлорунун жетекчилерин,мүчөлөрүн ийгиликтери менен куттуктайбыз!






03.04.2025
Интеллектуалдык акыл таймашы ийгиликтүү өттү! ![]()
«Бухгалтерлер жана аудиторлор күнү: Так эсеп – ишенимдүү келечек!» ![]()
Бүгүн 2-апрель ,2025-жыл.
Талас мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Бухгалтерлер жана аудиторлор күнүнө карата интеллектуалдык акыл таймашы жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бул иш-чара Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институту, Транспорт, энергетика жана экономика кафедрасы тарабынан уюштурулуп, бухгалтердик тармактагы келечектүү адистердин интеллектуалдык күч сынашуусуна жол ачты.
Кимдер катышты?
Таймашка Талас шаарындагы орто кесиптик жана жогорку окуу жайларынын Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит адистигин тандаган мыкты студенттери катышты. Алар 2-3-курстун студенттеринен түзүлгөн 5 студенттен турган командалар менен билим таймашына чыгышты.
Таймаш төмөнкү негизги багыттарды камтыды:
Бухгалтердик эсептин тарыхы
МСФО (Эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттары)
Аудит жана финансылык анализ
Турлардын жүрүшү:
1-тур: Үй тапшырма – «Кыргыз Республикасында бухгалтердик эсептин өнүгүү келечеги» темасында 5 мүнөттүк презентация
2-тур: Кызыктуу кроссворд.
3-тур: Викторина Kahoot платформасында интерактивдүү тест түрүндө өттү.
Өткөрүлгөн жер:
Талас мамлекеттик университетинин жыйындар залы
Таймашка жалпы 4 команда катышты:
1-орун – Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институту Актив» командасы
I даражадагы Диплом менен сыйланды
2-орун – Агробизнес жана туризм колледжи «Баланс» командасы
II даражадагы Диплом менен сыйланды
3-орун – Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институту» Инсайдерлер»командасы
III даражадагы Диплом менен сыйланды.
Талас агрардык -экономикалык колледжи»Эсеп сакчысы» командасы – активдүү катышуусу үчүн ыраазычылык кат менен сыйланды.
![]()
Калыстар тобу:
Таймаштын жүрүшүн тажрыйбалуу башкы бухгалтерлер жана бухгалтерия тармагында эмгектенген адистер баалашты.
Сыйлыктар жана таануу:
Жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана дипломдор, ал эми бардык катышуучуларга сертификаттар, командаларды жетектеген окутуучуларга ыраазычылык каттар тапшырылды.
Так эсеп – ишенимдүү келечекке жол ачат!!!









25.03.2025
2025 — жылдын 24-мартында, ТалМУнун Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институтунун маалыматтык системалар жана технологиялар кафедрасынын ИСТ-21 группасына квалификация алдындагы практиканын багыттоочу конференциясы болуп ѳттү. Студенттерге квалификация алдындагы отулуучу практиканын туура отуу жолдору, жеке тапшырмалары жонундо маалыматтар берилди. Конференцияга маалыматтык системалар жана технологиялар кафедрасынын окутуучулар жамааты, практиканын жетекчилери катышышты.



25.03.2025
Талас мамлекеттик университетинин студенттери дагы бир жолу өздөрүнүн татыктуу билимин, тырышчаактыгын жана жигерин далилдеп, зор ийгиликке жетишти!
2025-жылдын 14-мартында Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин И. Раззаков атындагы Эл аралык жогорку логистика мектеби өткөргөн ЖОЖдор аралык студенттик логистика олимпиадасында биздин студенттер экинчи орунду багындырышты!
Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институтунун Техника, энергетика жана экономика кафедрасынын төмөнкү студенттери:
Өмүрбекова Айпери (БУА-23)
Бакытова Аделя (БУА-23)
Курманбекова Альбина (БУА-23)
Алтымышева Бермет (ИСТ-22)
Ага окутуучу Омурканова Ж.Э. жетектеген команда өзүнүн интеллектуалдык потенциалын, чыгармачылык ой жүгүртүүсүн,терең билимин көрсөтө алды.
Студенттерибиз диплом, сертификаттар жана баалуу белектер менен сыйланышты!
Бул жеңиш – алардын тынымсыз изденүүсүнүн, билимге умтулуусунун жана команда болуп иштей билгендигинин жемиши! Биз ийгиликтүү студенттерибизди жана алардын жетекчисин терең куттуктап, алдыдагы дагы чоң жетишкендиктерге жол каалайбыз!
ТалМУнун жаштары – ийгиликтерге умтулган келечек ээлери!



22.03.2025
2025 — жылдын 20-мартында, ТалМУнун Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институтунун маалыматтык системалар жана технологиялар кафедрасынын ИСТ-21 группасы жана ушул багытта окуган студенттер «Кен ааламга тараган Керемет майрам — Нооруз» аттуу майрамдык иш чара болуп отту. Аталган иш чарага Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институтунун директору п.и.к. Курманалиева А.О. жана маалыматтык системалар жана технологиялар кафедрасынын окутуучулар жамааты жана студенттери катышышты.


22.02.2025
ТалМУда Эл аралык эне тил күнү жана Ата Мекенди коргоо күнү салтанаттуу белгиленди
Өткөрүү датасы: 21-февраль, 2025-жыл
Өткөрүү орду: Талас мамлекеттик университетинин Ч.Айтматов атындагы жыйындар залы
Талас мамлекеттик университетинде Эл аралык эне тил күнү, 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнү жана 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгын чыгаруу максатында чоң салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул майрамдык жыйын университеттин профессордук-окутуучулар курамын, студенттерди жана конокторду бир аянтчага чогулткан өзгөчө маанилүү окуя болду.
Иш-чараны ТалМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Ж.С. Шаршембиев ачып, жалпы жамаатты майрамдар менен куттуктады. Ал университеттин бир жыл ичиндеги жетишкендиктери, жасалган иштер жана келечек пландары тууралуу кеңири баяндап, мугалимдердин жана студенттердин илимий, чыгармачыл жана спорттук ийгиликтерине өзгөчө басым жасады.
«Жыл мыктылары» сыйлыктары тапшырылды
Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө ТалМУнун «Жыл мыктылары» Жобосуна ылайык жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлдү. Бул сыйлыктар өзүнүн билими, эмгеги жана жигердүү аракеттери менен айырмаланган мыкты окутуучуларга жана факультеттерге тапшырылды.
«Мыкты факультет» номинациясында Технология-экономикалык факультети жеңүүчү аталып, деканы педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Айнура Өзүбековна Курманалиевага телевизор, компьютер жана принтер тапшырылды.
«Мыкты ага окутуучу» номинациясынын жеңүүчүсү – Экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучусу Дүйшебаева Марипа Кушубаковна болуп, сыйлык катары ноутбук ыйгарылды.
Спорттук мелдештерде жогорку жетишкендиктерди көрсөткөндүгү үчүн Экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучусу Тилек Тынаевич Ташманбетов диплом менен сыйланды.
Салтанаттуу иш-чаранын соңунда катышуучулар үчүн өзгөчө даярдалган маданий программа тартууланып, майрамдык маанай жаралды. Сахнада эне тилдин улуулугун даңазалаган ырлар жаңырып, патриоттук чыгармалар аткарылып, улуттук бийлер тартууланды.
Бул иш-чара университет жамаатынын биримдигин, илим-билимге болгон умтулушун жана маданий баалуулуктарды жогору баалай тургандыгын дагы бир жолу тастыктады. Мындай салтанаттуу кечелер мындан ары да уланып, университеттин өнүгүүсүнө жаңы дем берет деп ишенебиз!









26.02.2025
Эл аралык эне тил күнүнө карата Д.Казакбаев атындагы илимий китепкананын кызматкерлери ИСТ-24 группасынын студенттери менен «Эне тилим-биримдиктин жана достуктун тили» деген темада адабий иш чара өткөрүштү.
Иш-чарада тилдин тарыхы, мааниси, маңызына токтолуу менен студенттер тил тууралуу ырларды көркөм окуп, дүйнөлүк элдердин тилин , маданиятын даңазалашты.
Жыйынтыгында , ТалМУнун окуу жана илимий иштер боюнча проректору А. К. Сурапов уюштуруучуларга мыкты уюшулгандыгын белгилеп, ыраазычылык билдирди.



29.01.2025
Факультеттин Окумуштуулар Кеңешинин Жыйы
ТалМУнун Технология-экономикалык факультети
Технология-экономикалык факультетинде Окумуштуулар кеңешинин кезектүү отуруму өттү. Жыйын факультеттин Окумуштуулар кеңешинин бекитилген иш планына ылайык уюштурулуп, төмөнкү маселелер каралды:
Факультеттин материалдык-техникалык базасынын абалы жана аны жакшыртуу жолдору
Декан жана кафедра башчылары ТалМУнун жетекчилигине сунуштар менен кайрылуу жана заявка берүү маселесин талкуулашты.
Курстук иштердин аткарылышы жана сабак өтүүнүн сапатын жакшыртуу
УОКтун төрайымы Раева Ч.Т. адистиктер боюнча курстук иштердин жүрүшү жана кафедралардын сабак өтүү сапатын анализдеди.
Кафедралардын ишмердүүлүгү боюнча отчет
Өмүрканова Ж.Э. жана Раева Ч.Т. ЭжМ, ТПТ кафедраларынын окуу-методикалык, илимий-изилдөө, чет элдик кызматташуу, окутуучулардын жана студенттердин мобилдүүлүгү, тарбия иштери боюнча отчетторун сунушташты.
Факультеттин 2024-2025-окуу жылындагы ишмердүүлүгү боюнча жарым жылдык отчет
Жыйында окуу, окуу-методикалык, илимий изилдөө, тарбия иштери боюнча жарым жылдык отчеттор каралды.
Ар түрдүү маселелер
Факультеттин өнүгүүсүнө байланыштуу ар кандай маселелер талкууланып, тиешелүү сунуштар айтылды.
Окумуштуулар кеңешинин отурумуна факультеттин профессордук-окутуучулар жамааты катышты. Экономика жана менеджмент кафедрасынан кеңештин жыйынына Ж.Э.Омурканова, М.К. Дуйшөбаева, жана Ж.Т. Собурова катышты.






27.12.2024.
ТАЛАС МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ЖЫЛ МЫКТЫЛАРЫ СЫЙЛАНДЫ
Талас мамлекеттик университети 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарды. «Жыл Мыктылары» конкурсунун жобосунун негизинде 2024-жылдын мыктылары аныкталып сыйланышты. Аталган сыйлыктарды профессордук-окутуучулар жамаатына арналган Жаңы жылдык кечеде Талас мамлекеттик университетинин ректору, техн.и.д., профессор Шаршембиев Жыргалбек Сабырбекович, окуу жана илимий иштер боюнча проректор т.и. к., доцент Сурапов Анаркул Кудайбердиевич, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор ф.и.к., доцент Жунусалиева Кундуз Тотоновна салтанаттуу тапшырышты.
“Мыкты факультет-2024” сынагынын жеңүүчүсү болуп ТЕХНОЛОГИЯ-ЭКОНОМИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИ тандалып, I даражадагы Диплом менен сыйландык. О.э. Компьютер,принтер жана телевизордун сертификаты тапшырылды. Андан тышкары “Экономика жана Менеджмент” кафедрасы Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына арналган үч айлыктын алкагында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ТалМУнун Ардак грамотасы, 2023-2024 окуу жылында билим берүү программалары аккредитациядан ийгиликтүү өткөндүгү үчүн ТалМУнун Ардак грамотасы менен “Экономика жана менеджмент” кафедрасы жана “Техникалык процесстердин технологиялары” (ИСТ адистиги боюнча) кафедрасы сыйланды. Билим берүү жана илим министринин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен ТПТ кафедрасынын доценти техн.и.к., Абдырахманов И.А. сыйланды. ТалМУнун Ардак грамотасы менен ТПТ кафедрасынын ага окутуучусу Тургунбаева З.Б. жана кесиптик кошундун Ардак грамотасы менен Бердалиева П.Ж. сыйланды. Сыйлык ээлерин куттуктоо менен, мындан ары да иштерине чыгармачылык ийгиликтерди жана бекем ден соолукту каалайбыз!
2025-жаңы жылыбыз кут болсун! Талас мамлекеттик университети өсүп-өнүгө берели.









21.12.2024.
19-20 — декабрь 2024-жылы, Бишкек шаарында Хакатон «Youth Go» долбоорунун алкагында Жаштарды онуктуруу институту тарабынан уюштурулган «Жаштардын санариптик катышуусу» аттуу конкурска Технология-экономикалык факультетинин ИСТ адистигинин 3-курсунун студенттеринен 2 команда катышып, 2-орунду жана 3-орунду камсыз кылышып, баалуу белектер менен сыйланышты.





20.12.2024.
Талас мамлекеттик университетинде 1- декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата бир айлыктын алкагында Гендер жана ВИЧ /СПИД инфекциясынын аспектилерин жаштарга кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында студенттер арасында Бириккен Улуттар Уюмунун КР аялдар структурасы, «21-кылымдагы жаштардын ден соолугу жана билими» коомдук фонду менен биргеликте уюштуруусунда квиз-найт викторина өткөрүлдү.
Иш чаранын максаты — гендер жана ВИЧ-СПИД инфекциясынын аспектилерин жаштарга кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Cтруктуралык бөлүмдөрдөн 4 команда активдүү катышышты. Катышуучуларга сертификаттар тапшырылып,жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык берилди.
1- орун ГФ
2- орун ТЭФ
Активдүү катышкандыгы үчүн ТТПФ жана КОБББ нын студенттери да сыйланышты.



24.11.2024.
Бизнес жана технология: Талас мамлекеттик университетинде өзгөчө жолугушуу өттү
2024-жылдын 18-ноябрында Талас мамлекеттик университетинин Технология-экономикалык факультетинин лекция залында студенттер жана окутуучулар үчүн маанилүү иш-чара болуп өттү. Жолугушуунун башкы коногу – Азиаттык технологиялык институттун «Кадрларды окутуу жана кайра даярдоо программасынын» координатору, «Бизнес аналитика жана санариптик трансформация» багыты боюнча магистратураны бүтүргөн Турсалиев Бакыт Кенжебекович болду.
Конок өзүнүн бай тажрыйбасы менен бөлүшүп, заманбап бизнес башкаруудагы технологиянын ролу тууралуу терең маалымат берди. Ал ошондой эле азыркы учурда бизнес стартаптар үчүн актуалдуу болгон багыттарга өзгөчө токтолуп, студенттерге пайдалуу кеңештерди айтты. Айрыкча санариптик кызмат көрсөтүүлөр, электрондук коммерция, айыл чарба технологиялары жана жашыл экономика багыттарында стартаптарды баштоо келечектүү экенине басым жасады.
Жолугушуу суроо-жооп форматында улантылып, студенттер өздөрүн кызыктырган темалар боюнча пайдалуу жоопторду алышты. Бакыт Кенжебекович өзгөчө идеяларга дем берип, жаштарга ишеним жана мотивация тартуулады.
Иш-чара өз алдынча ишкерликке умтулган жаштарга багыт көрсөтүп, келечекке ишенимдүү кадам таштоого шыктандыруучу маанилүү тажрыйба болду.



08.11.2024.
2024-жылдын 5-ноябрында Талас шаарындагы “Кырк-Чоро” кинотеатрында ТалМУнун студенттери күз берекесине арналган салтанаттуу кароо-сынакка чогулушту. Бул иш-чарада “Күзгү сыйкыр”, “Алтын күз”, “Күз балдары” жана “Күзгү микс” деген аталыштагы төрт команда таймашка чыгышып, көрүүчүлөргө көркөм таланттарын тартуулашты.
Кароо-сынактын программасы кызыктуу жана ар түрдүү болду: командалар саламдашуу, жандуу ырдоо, флешмоб, вальс жана “Күзгү мода — 2024” көрсөтмөлөрү менен атаандашып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтө алышты. Ар бир катышуучу өзгөчө креативдүүлүгү менен бааланды, командалар бири-бирине шаң кошуп, көрүүчүлөрдү жылуу маанайда кубандырып турушту.
Сынактын калыстары чыгармачылыктын жана эмгектин баалуулугун эске алуу менен калыс чечим чыгарышты. Натыйжада, Технология-экономикалык факультетинин командасы»Күзгү Микс»1- орунду багындырып, өздөрүнүн биримдиги жана таланттары менен айырмаланышты.ТалМУнун Ардак грамотасы жана акчалай сыйлык менен сыйланды.








30.10.2024.
2024-жылдын 5-октябрында Талас мамлекеттик университетинде жыл мыктыларын сыйлоо аземи салтанаттуу өткөрүлдү. Бул күнү университеттин мыкты кызматкерлери ардактуу наамдарды алып, сый-урматка бөлөндү. Технология-экономикалык факультетинин техникалык процесстердин технологиялары кафедрасынын доценти Раева Чынара Тургунбековна талбаган эмгек жана жогорку кесипкөйлүктүн үлгүсүн көрсөтүп, «Мыкты доцент» сынагында ийгиликке жетишти.






30.10.2024.
2024-жылдын 30-октябрында Талас мамлекеттик университетинин Технология-экономикалык факультетинде ААК «Дос Кредобанк» тарабынан уюштурулган «Финансылык сабаттуулук» темасында конок лекция болуп өттү. Иш-чарада банк кызматкерлери студенттерге жана окутуучуларга финансылык билимдин маанилүүлүгү жөнүндө кеңири түшүнүк беришти.
Лекцияда ААК «Дос Кредобанктын» IT адиси Маматов Д.Н. чыгымдарды көзөмөлдөө жана аларды туура пландаштыруу жолдорун баяндап, практикалык кеңештери менен бөлүштү. Ошондой эле, кредиттик бөлүмдүн жетекчи адиси Субанбекова С.Т., MR адиси Мирланова Асема жана кассир Нусупова депозиттик кызматтар жөнүндө ар тараптуу маалымат беришип, алардын түрлөрүн жана пайдалануунун негиздерин түшүндүрүштү.
Студенттер лекцияда активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, жоопторду алышты. Иш-чаранын жыйынтыгында өзгөчө активдүү катышкан студенттерге Жана окутуучуларга баалуу белектер тапшырылды. Конок лекцияга ИСТ багытында окуган студенттер жана окутуучулар катышып, финансы тармагындагы билимдерин кеңейтишти.
Бул иш-чара студенттердин финансылык сабаттуулугун жогорулатууга чоң салым кошту.






29.10.2024.
2024-жылдын 29-октябрында Коомдук фонд «Мугалим» жана Талас мамлекеттик университетинин Сапат бөлүмүнүн уюштуруусу менен «SCAFFOLD: компетенттүүлүккө багытталган сабактарды иштеп чыгуу үчүн карточкалар топтому» аттуу семинар болуп өттү. Бул иш-чарага ТЭФтин техникалык процесстердин технологиялары кафедрасынын окутуучулары катышып, жаңы методикалык көндүмдөр менен таанышышты. Семинарды уюштурган тажрыйбалуу тренерлер Саадабеков З.,Качкынбаева Ж. терең ыраазычылык билдиребиз.



24.10.2024.
Кыргыз Жараны озун онуктуруунун концепциясынын алкагында Талас шаарындагы билим беруу болумдору «Уй- булолук зордук- зомбулукка каршыбыз», «Кыргыз Жараны», «Кылмыштуулукка жол бербейбиз!». «Эрте никеге каршыбыз» аталышындагы лозунгдар менен жоо журуш болуп отту. Жоо журушко Талас мамлекеттик университетинин Технология-экономикалык факультетинин студенттери катышышты.



14.10.2024.
14.10.2024. ТалМУнун технология-экономикалык факультетинин техникалык процесстердин технологиясы кафедрасында ИСТ-23 группасынын студенттери кыргыз тили кунуно карата даярдалган майрамдык жана тарбиялык иш чарасы өткөрүлдү. Аталган иш чарага Технология-экономикалык факультетинин деканы п.и.к. Курманалиева А.О. жана техникалык процесстердин технологиясы кафедрасынын жалпы жамааты жана студенттери катышышты.



03.09.2024
. ТалМУнун технология-экономикалык факультетинин техникалык процесстердин технологиясы кафедрасында ИСТ-24 группасынын мугалимдер кунуно жана кыргыз тили кунуно карата даярдалган майрамдык жана тарбиялык иш чарасы өткөрүлдү. Аталган иш чарага Технология-экономикалык факультетинин деканы п.и.к. Курманалиева А.О. жана техникалык процесстердин технологиясы кафедрасынын жалпы жамааты жана студенттери катышышты.






25.04.2024
ТАЛАС МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ТӨРТ КҮНДҮК » *БИЛИМ КЕРБЕНИНИН»* ИШ САПАРЫ
Талас облусундагы орто билим берүү мектептеринин, лицей, гимназиялардын 9- 11-класстын бүтүрүүчү окуучулары үчүн кесипке багыт берүү максатында түзүлгөн ТалМУнун *»Билим кербенинин»* алгачкы төрт күндүк иш сапары соңуна чыкты.
_Эскерте кетсек , 2024-жылдын 22-апрелинде башталган Талас мамлекеттик университетинин «Билим кербенин» окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Ж С. Шаршембиев жетектеди. Кербендин тобунда Талас мамлекеттик университетинин декандары — Абдиева Ж.К., Курманалиева А. Ө., Дүйшөналиева У.Э., орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн окутуучусу Мураталиева Н.0, ТалМУнун алдындагы лицейдин директору А. М.Бутешова болду.
Иш сапарда аталган университеттин кабыл алуу компаниясынын жооптуу катчысы Р.А.Уркумбаеванын уюштуруусунда, окуу жайдын студпарламенти баштаган факультеттердин активдүү, чыгармачыл, студенттер курамынан турган «Билим кербени» Манас р-ну, Ч.Айтматов р-ну, Бакай-Ата р-ну жана Талас районундагы мектеп бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуп, университет жөнүндө толук маалымат берип кайытышты.
Талас мамлекеттик университетинин » *Билим кербенинин»* сапары жемиштүү болсун!
«`АБИТУРИЕНТ -2024
БИЗ МЕНЕН — КЕСИПТИК ИЙГИЛИККЕ БИРГЕ!«`









19.04.2024
2024-жылдын 9-апрелинде, ТалМУнун Технология-экономикалык факультетинде, техникалык процесстердин технологиялары кафедрасынын ИСТ-21 группасы ѳндүрүштүк практиканын жыйынтыктоочу конференциясы болуп ѳттү. Студенттер аталган практиканын жыйынтыктоочу конференциясында презентация жасоо менен отчетторун тапшырышты. Конференцияга техникалык процесстердин технологиялары кафедрасынын окутуучулар жамааты, практиканын жетекчилери катышышты.









19.04.2024
ТалМУда студенттик илимий-практикалык конференция 2024-жылдын 19-апрелинде ТалМУда Талас шаарынын 80 жылдыгына карата «Илимге карай жол: жаштар жана инновациялар» аттуу XXI студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференциянын ачылышы болуп, пленардык баяндамалар окулду. Техникалык илимдер секциясында 18 баяндама катталып, жасалма интеллектин нейротармактарына басым жасалган кызыктуу темалар угулду.






19.04.2024
2024-жылдын 18-апрелинде гуманитардык факультетинин Америка ордосунда «Кыргыз мамлекеттүүлүгү жаштардын көз карашы менен» аттуу брейн-ринг акыл таймашы өткөрүлдү.Иш чараны ТалМУнун ректору Жыргалбек Сабырбекович ачып, студенттерге ийгилик каалады.Брейн-рингди тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын башчысы,доцент М.Жусупова уюштурду. Бул таймашка технология-экономикалык факультеттин, техникалык процесстердин технологиялары кафедрасынын информациялык системалар жана технологиялар адистигинин студенттери активдуу катышышты.Таймаш кызыктуу өттү. Жыйынтыгында 1-орун тарых адистиги, 2-орун ТЭФ, 3-орун гум.факультет,»Жигердүү катышуучулар» деп ТТПФ ыйгарылды. Эстафетаны Жыргалбек Сабырбековичтин сунушу менен ТТПФне берилди.






04.04.2024
2024-жылдын 26-мартынан 28-мартына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жана ОУБ финансылык коопсуздук боюнча үчүнчү республикалык олимпиаданы өткөрүштү. Олимпиада бир нече этаптан туруп, сынактын шартына ылайык онлайн тестирлөө март айында ,командалык семинар,талкуу панели жана жыйынтыктоочу тестирлөө 6-24-март аралыгында өттү.Аталган финансылык коопсуздук боюнча үчүнчү республикалык олимпиадага техникалык процесстердин технологиялары кафедрасынын онлайн тестирлөөгө 1 студент катышты. Жыйынтыгында, Ж. Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу академиясында өткөрүлгөн олимпиадага техникалык процесстердин технологиялары кафедрасынын ИСТ-22 тайпасынын студенти Бактияр уулу Бекзат катышып, командалык оюнда 3-орунду ээлеп, грамота жана баалуу белектер менен сыйланды.



15.03.2024
Германиянын Дрезден шаарынын UKA Umweltgerechte Kraftanlagen GmbH & Co. KG компаниясынын инженер-программисти Мелисбеков Талгат 2024-жылдын 15-мартында ТалМУнун «Информациялык системалар жана технологиялар» адистигинде билим алып жаткан студенттерге «Технологии управления и обработки данных» аттуу темада конок лекция өтуп берди. Лекция онлайн форматта уюштурулду жана ага ТалМУнун техникалык процесстердин технологиясы кафедрасынын окутуучулары да катышышты. Лекциянын аягында студенттердин кызыккан суроолору берилип, аларга жооп берүүлөр менен жыйынтыкталды.





15.03.2024
Талас райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармылыгынын калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмү менен биргеликте ТалМУнун Технология-экономикалык факультетинин ТТП кафедрасынын башчысы Ч.Т.Раеванын жетектөөсүндө студенттер IT багыты боюнча кесипке багыт берүү үчүн Талас шаарындагы №5 орто мектебинин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары менен жолугушту. Алгач калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы К.Р. Аманова облуста IT багытындагы кесипти даярдаган ТалМУнун атайын бүтүрүүчү кафедрасы бар экенин тааныштырып, студенттерине сөз берди. ТЭФтин ИСТ багытында окуган 2-4-курстарынын студенттери жолугушууда IT багыты боюнча окуудагы ийгиликтерин, стартап долбоорлору менен конкурстарга катышкан ийгиликтерин, азыркы учурда долбоорлордун үстүндө дагы иштеп жаткандары, университетте мобилдүүлүк, IT багытында курстардын жана бир нече тил үйрөнүү акысыз окулаары жөнүндө кенен токтолуп айтып беришти. Ошондой эле азыркы учурдун талабы болгон IT адистигинин багыттарында колдонуп жаткан программалар боюнча кенен токтолуп бөлүшүштү. Аягында студенттер окуучулардын кызыккан суроолоруна жооп беришти. Окуучуларды ТалМУга окууга келүүгө багыт берүү менен, университет боюнча кенен маалымат берип, окуучуларга ийгилик каалады.









16.02.2024
15.02.2024. ТалМУнун технология-экономикалык факультетинин техникалык процесстердин технологиясы кафедрасында Эл аралык эне тил күнүнө карата ИСТ жана БУА адистиктеринин студенттери тарабынан «Эне тилим эне сутум», «Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун» темаларында тарбиялык иш чара өткөрүлдү. Тарбиялык иш чарага ТалМУнун Мамлекеттик тил боюнча проректору ф.и.к., доцент Жунусалиева К.Т., көркөм жетекчиси Эсенаманов У.О., Технология-экономикалык факультетинин деканы п.и.к. Курманалиева А.О. техникалык процесстердин технологиясы кафедрасынын жалпы жамааты жана студенттери катышышты.






16.01.2024
25-декабрь 2023-жылы Талас мамлекеттик университетинин технология-экономикалык факультетинин техникалык процесстердин технологиялары кафедрасынын профессору т.и.д. Ж.С. Шаршембиев жана доценти т.и.к. М.С.Тургунбаевди Кыргыз Республикасынын Инженердик Академиясы мүчө-корреспондент кылып шайлады жана төш белгиси, диплому тапшырылды. Сиздерди чын жүрөктөн куттуктайбыз! Окуу жайдын өнүгүшүнө зор салымыңыздарды кошот деген чоң ишеничтебиз!



16.01.2024
23-декабрь 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларынын 75 студентине Президенттик стипендия тапшырды. Анын ичинен Талас мамлекеттик университетинин технология-экономикалык факультетинин ИСТ-20 группасынын студенти Курманбекова Акылай, Президенттин колунан мактоо баракчасын жана 60 миң сом өлчөмүндө стипендия алды. Президенттик стипендиянын ээсин, КУТТУКТАЙБЫЗ! Келечекте өлкөбүздүн өнүгүшүнө чоң салым кошот деген үмүттөбүз!


21.12.2023
Талас мамлекеттик университетинин технология-экономикалык факультетинде Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына арналган «Билим берүү жана илимдин өнүгүүсүндө жасалма интеллекттин ролу» аттуу студенттердин илимий-практикалык конференциясы, шаардык мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн катышуусунда ийгиликтүү өткөрүлдү. Алгач университеттин окуу жана илимий иштеринин проректору тех.и.к., доцент А.К. Сурапов конференцияны расмий ачуу менен, конференциянын ишине ийгилик каалады. Конференцияга «Информациялык системалар жана технологиялар», «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистигинде окуган 3-4-курстун студенттери өз адистиги боюнча жасалма интеллекттин жана маалыматтык технологиянын практикалык колдонулушу боюнча маанилүү, маңыздуу баяндамаларды жасашты. Аягында конференциянын резолюциясы кабыл алынды. Университеттин окуу жана илимий иштери боюнча проректору Анаркул Кудайбердиевич конференциянын жогорку деңгээлде өтүлгөнүн белгилөө менен студенттерге ийгилик каалап, университеттин сертификатын тапшырды. Андан соң катышкан студенттерге факультеттин деканы п.и.к., доцент А.О. Курманалиева ыраазычылык билдирүү менен ийгилик каалап, келечектин мыкты кесипкөй адистери болооруна ишеним артты. Ал эми шаардын мектептеринен келген бүтүрүүчүлөрүнүн кызыккан суроолоруна жооп берилип, алар үчүн атайын даярдалган кесипке багыттоо боюнча технология-экономикалык факультетинин адистиктери жөнүндө тартылган видео тасма көрсөтүлдү. Соңунда ИСТ-21 гр. студенти Шушпанов Илья «Детство» ырын тартуулады.















01.12.2023
ТалМУнун Технология-экономикалык факультетинде 2023-жылдын 29-ноябрында информациялык системалар жана технологиялар адистигин өркүндөтүү максатында кызыктар тараптар «IT доору жана IT кесиби» аттуу темада тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго Талас областы боюнча IT багытында жумуш беруучулор жана бутуруучулор келип катышышты. Факультеттин техникалык процесстердин технологиясы кафедрасынын профессордук-окуутучулар жааматы, жогоруда аталган адистиктин бүтүрүүчүлөрү жана билим алып жаткан студенттери катышышты. Адистикти жакшыртуу максатында кызыктар тараптар (стейкхолдерлер) кызуу талкулоолорду жүргүзүштү. Жыйынтыгында ТалМУнун информациялык системалар жана технологиялар адистигинин негизги билим берүү программасына сунуштар киргизилип, аягында анкеталык сурамжылоо жүргүзүлдү.









24.11.2023
2023 жылдын 22-ноябрында К.Медетбеков атындагы музыкалык драм театрында, Талас шаарынын мэриясы жана Талас райондор аралык эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы менен биргеликте «Бош Орундар жана кесиптер жарманкеси» откорулду.



24.11.2023
Талас мамлекеттик университетинин студент жаштары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин ишмердүүлүгү менен таанышышты. Эл өкүлү Бактыбек Чойбековдун демилгеси менен уюшулган бул жолугушуу студенттерге чоң таасир калтырды. Жолугушууга ТалМунун студенттери менен Корей өлкөсүнүн Сенджон иститутунун базасында түзүлгөн Кыргыз тилдер жана маданият институтунун ректору , профессор Лю Бенг Ил жана студенттери кереге кеңешке активдүү катышышып, окуу жайлар жөнүндө маалымат алышып, эл өкүлүнө кызыккан суроолорун беришти. Талас жаштарына жакшы мүмкүнчүлүк түзүп, акысыз корей тилин окутуп берүү тууралуу ойлорун дагы билдиришти.






24.11.2023
Бириккен Улуттар Уюму тарабынан, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына карата Адам укуктарын колдоо жана коргоо максатында Талас мамлекеттик университетинин ТЭФ, ГФ, ТТПФ студенттери арасында «Квиз Найт» викториналык суроо конкурсу өткөрүлдү. Жыйынтыгында ТалМУнун студенттер арасында:
1 орун — гуманитардыкфакультети;
2 орун — технология-экономикалык факультети
2 орун — табият таануу жана педагогика факультети; ээ болушуп сыйлыктар тапшырылды.






18.11.2023
ТалМунун технология-экономикалык факультетинде, 17 — ноябрь Эл аралык студентик куну салтанаттуу белгиленди. Факультеттин деканы А.О. Курманалиева студенттерди майрамы менен куттуктап, окуу жылда окууда, илимде, коомдук-маданий иштерде ийгилик корсоткон студенттерге факультеттин ардак грамотасы менен сыйланышты. Жалпы студенттерди майрамы менен куттуктап, ийгиликтерди каалайбыз.









27.10.2023
Талас мамлекеттик университетинде “Күзгү бал-2023” кароо сынагы болуп өттү. Сынакка структуралык бөлүмдөрдүн командалары катышып, берилген шартка ылайык күч сынашты. ТТПФ-“Күз”, ТЭФ-“Күз микс” , ГФ-“ Күз хандыгы”, КОБББ- “Жалбырак” командалары катышты. Сынак абдан кызыктуу өтүп, көрүүчүлөр тарабынан колдоого алынды. Жыйынтыгында, 1 -орунга эки команда “Күз микс”, «Жалбырак», 2-орунга “Күз хандыгы”, 3-орунга “Күз” командалары жеңишке ээ болушту. Жыйынтыгында жеңген командалар акчалай сыйлык жана ТалМУнун грамоталары менен сыйланышты.



24.10.2023
ТалМУнун технология-экономикалык факультетинде, техникалык процестердин технологиялары кафедрасынын окутуучулары тарабынан ИСТ багытындагы студенттердин ата-энелери менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушууда ата-энелерге, факультеттин деканы А.О.Курманалиева окуу жайдын материалдык техникалык базасы жана ИСТ багытындагы студенттердин жетишкен ийгиликтери боюнча токтолуп кетти. Окуу процессинин журушу, ички мобилдуулук жана башка маалыматтар боюнча кафедра башчысы Ч.Т.Раева адистикке тиешелүү маалыматтарды берди. Ата-энелер кызыккан суроолорду беришип жоопторун алышты. Жыйынтыгында ата-энелерден онлайн форматындагы сурамжылоо жүргүзүлдү



15.04.2023
Талас мамлекеттик университетинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине арналган «Айтматовдук окуу — 2023» аттуу XX студенттик конференция болуп отту. Конференциянын пленардык бөлүгүндө «Ч.Айтматов жана Манас» (А.Өзүбекова), «Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы элдик педагогикалык идеялар» (Л.Жамалбекова), «Нейронные сети и их применение» (А.Егешов), «Жаңы табылгалар: Манас районунун Сөгөт айылындагы тарыхый эстеликтерди изилдөө» (К.Дүйшөнбеков) деген актуалдуу темаларда презентациялык баяндамалар окулду. Секциялык отурумдардын жыйынтыгы менен резолюция кабыл алынып, эң мыкты илимий темаларды изилдеп алып чыгышкан студенттерге грамоталар жана сертификаттар ыйгарылды.









2019-жылдын 31-январында ТалМУнун технология-экономикалык факультетинде «Күч-билимде» интеллектуалдык таймаш оюну ар бир адистиктен турган 5 команданын катышуусунда өткөрүлдү. ТЭФтин ага окутуучусу Мамадалиев Э. жана факультеттин студпарламентинин уюштуруусунун негизинде, И-1-17 группасынын студенти Арстанаалы уулу Бекназардын жетектөөсү менен оюндун I этабында күчтүү командалар тандалып алынды. Ал эми жеңишке жеткен командалар оюндун II этабына даярданууда.

