Жаңылыктар

15.05.2024

ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүндө (колледж) 14-15. 05.2024 Билим берүү программасынын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги “Электр менен камсыздоо”, “Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо”, “Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системасы жана башкаруу”, “Дене тарбия”, “Башталгыч класстарды окутуу”, “Укук таануу”, ” Экономика жана бухгалтердик эсеп” адистиктерине карата ишин ийгиликтүү жыйынтыктады.


17.05.2024

ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) окутуучулары 17.05.2024 ишембиликке чыгып, бөлүнгөн тилкелердеги тал- теректерди актап, жолдун жээктерин кумдан шыпырып, тиричилик калдыктарын тазалашты.


8.04.2024

ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) “Укук таануу ” адистигинин студенттерине 8.05.2024 Талас облусунун адвокатурасынын адвокаты Буланбек уулу Бексултан “Адвокатура и адвокатская деятельность” предметинен “Адвокаттык кесиптин пайда болуу жана өнүгүү тарыхы” жөнүндө конок лекция өттү. Коомдогу адвокаттын пайда болушу, иши, орду, азыркы абалы тууралуу презентация аркылуу кенен маалымат берип, лекция кызыктуу болду.

Лекциянын жүрүшүндө студенттер кызыккан суроолоруна жооп алып, сабак өз максатына жетти.


8.05.2024

ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) 7.05.2024 “Укук таануу” адистигинин студенттерине Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны Мүзүрбеков Тилек Мүзүрбекович “Тергөө кызматынын өндүрүшү” аттуу темада конок лекция өттү. Теориялык маалыматы мазмундуу лекция студенттер үчүн пайдалуу болду. Кылмышты ачуу процессинде жүргүзүлгөн тергөө ишинин мааниси, жыйынтыгы кылмышты ачууга тийгизген таасири тууралуу айтылган маалымат терең жана маанилүү болду. Студенттер лекция учурунда суроо берип, канааттануу менен отурушту.

Лекция өз максатына жетти.


6.05.2024

Талас шаарынын прокурорунун жардамчысы, юстициянын улук лейтенанты Тынарбек кызы Мунара 6.05.2024 ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) “Укук таануу” адистигинин студенттерине “Жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо прокуратуранын ролу жана орду” темасында конок лекция өтүп берди.

Лекциянын теориясы практика менен айкалыштырылып кызыктуу болду. Сабак өз максатына жетти.


28.04.2024

26.04.2024 Талас мамлекеттик университети “Дени сак улут, дени сак мамлекет“ аттуу ден соолук спартакиадасын өткөрдү.

Ага ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) окутуучулары жана студенттери активдүү катышышты.

Спартакиадада спорттун ар кыл түрлөрү ( эстафета, 100 м чуркоо, кол күрөш ж.б.) боюнча мелдештер өткөрүлүп, жалпы командалык эсепте КОБББнын студентеринин арасында

2-орунду, ал эми окутуучулар арасында 1-орунга ээ болушту.

Жеңүүчүлөргө дипломдор тапшырылып, ден соолукка арналган күн кызуу өттү.

27.04.2024

Талас облустук прокуратурасы 26.04.2024 Ачык эшиктер күнүн өткөрүшттү. Бул иш-чарага ТалМУнун алдындагы КОБББнын “Укук таануу” адистигинин жалпы студенттери жана КОБББнын окуу иштери боюнча директордун орун басары Сатаева Л.А., адистиктин секция башчысы Чалабаева Дж.А. катышып келишти. Прокуратуранын ички түзүлүшүнө экскурсияны Талас облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук прокурору М.Маликов жогорку деңгээлде уюштуруп берди.

Иш-чаранын аягында прокуратуранын музейи менен тааныштырып, студенттердин суроо-жообу менен аяктады. Студенттер жалпы прокуратуранын ишмердүүлүгү менен таанышып, адистигинине тиешелүү маалыматтарга ээ боло алышты.

КОБББнын окуу иштери боюнча директордун орун басары Сатаева Л.А. Талас облустук прокуратурасынын жалпы жааматына ыраазычылыгын билдирип, студенттер үчүн бүгүнкү күн жемиштүү болгонун айтып кайтышты .


25.04.2024

2024-жылдын 22-апрелден 26- апрелге чейинки аралыкта Талас мамлекеттик университети Талас облусунун орто билим берүү мектептеринин, лицей, гимназиялардын 9-класстын жана 11-класстын бүтүрүүчү окуучулары үчүн кесипке багыт берүү багытында Талас мамлекеттик университети “Билим кербени” аттуу иш сапарын баштады. Иш сапарды университеттин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Ж. С. Шаршембиев жетектеп, университеттин декандары, кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы, окутуучулар жана ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) окутуучусу Н. Мураталиева колледждин активдүү, чыгармачыл, эң жакшы окуган студенттери менен “Билим кербенинин” тобунда абитуриенттерге профориентациялык иш жүргүзүп жатышат.

Иш сапарда облусубуздагы лицей, мектептердин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуп, окуу жайдын окуу, тарбия иштери тууралуу кенен маалымат беришип, чыгармачыл студенттерибиз өз өнөрлөрүн да тартуулап келишүүдө.

“Билим кербенине” ийгилик каалайбыз!


24.04.2024

Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын 100 жылдыгына карата Талас шаарынын прокурорунун орун басары юстициянын капитаны А.Шайдиев жана Талас шаарынын прокурорунун жардамчысы юстициянын улук лейтенанты М.Тынарбек кызы ТалМУнун алдындагы КОБББнын (колледж) ” укук таануу” адистигинин 2-3- курсунун студенттерине “Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын мамлекеттик түзүлүшүндөгү орду, ишмердүүлүгү жана багыттары” деген темада 24.04.2024 жыйын өтүштү.

Жыйында мыйзам жөнүндө жалпы түшүнүк беришип, прокурор кызматкерлери эмне жумуш аткарышары тууралуу маалымат беришти. Иш-чаранын аягында студенттер кызыкан суроолорун беришип, тиешелүү жооп ала алышты.


18.04.2024

“Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аттуу республикалык ЖОЖдор аралык сынактын Жобосуна ылайык Талас Мамлекеттик Университетинин окутуучусу Н. Ж. Алтыкеева “Фразеологизмдердин мүнөздүү белгилери”деген темада ачык сабак өттү.

Тайпаны төмөнкүдөй “Жазуучулар”, “Сүрөтчүлөр”, “Иликтөөчүлөр” топторго бөлүү менен сабактын максатын түшүндүрүп:

а) студенттерди фразеологизмдерди кепте туура колдонууга уйротуу;

б) фразеологизмдердин муноздуу белгилери менен тааныштыруу;

в) макал-лакаптар менен окшоштугун жана айырмачылыгын аныктоо максатында тайпа менен активдүү иш алып барды.

Конкурска ТалМУнун алдындагы КОБББнын окутуучусу А. Исаева да катышып, “Неологизмдер” деген темада ачык сабак өттү. Сабакты өтүүнүн инновациялык ыкмаларын колдонуу менен өтүлгөн сабактар өз максатына жетти.

Конкурска катышкан окутуучуларыбызга ыраазычылык билдирип, ийгилик каалайбыз!


6.04.2024

Кыргыз Республикасынын Президентинин тазалык күнү жана 2023-25- жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүүнүн иш аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүн, КРнын Министрлер Кабинетинин 2024-жыл 4- мартындагы номур 335/1 “Табиятты сактайлы” иш чаралар өткөрүү жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 27- мартындагы номур 380/1 “Жазгы эки айлык тазалык кампаниясын өткөрүү жөнүндө” буйругун аткаруу максатында ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн окутуучулары 6.04.2024 бөлүнгөн тилкеге ишембиликке чыгышып, тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле, окуу корпусунун тегерегине көчөттөрдү отургузушту.


15.04.2024

ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) студенттери жана окутуучулары менен Талас ОИИБдин БМКККнын ыкчам өкүлү, милициянын капитаны Шерматов У. К. “Жаштар арасында баңгизатка каршы күрөшүү” аттуу темада 14.03.2024 жолугушууда болду.

Анда жаштар арасында баңгизаттарды чегип же ичип көнүүдөн пайда болуучу өнөкөт дарт баңгилик экенине токтолду. Баңгизатка тиешелүү марихуанна, опийим жана электрондук тамекилер ж.б. сыяктуу заттар тууралуу да маалымат берди. Аларды колдонгон адамдардын эмнеге алып бараарын факты менен мисал келтирди.

Адамдын ден соолугун бузуп, социалдык деградацияга алып келген бул дарт жаштардын бекерпозчулугунан, жүрүм – туруму бошоң өспүрүмдөрдө болоорун айтып, анын кийинки тукумга берилип кетерин, андан майып балдардын төрөлөөрү айтылды.

Ошондуктан жаштардын жаркын келечекке бет алып, ата-энени сыйлап, билим менен алек болууларына чакырды.

Баңгилике каршы күрөш тынымсыз жүргүзүлүп жатканын жана андай иштерге барбоосун эскертти.

Студенттер кызыккан суроолорун берип, кенен маалымат ала алышты.


23.02.2024

ЮСАИДдин “Окуу керемет!” долбоору тарабынан 13-16.02.24 Бишкек шаарында ЖОЖдун жана колледждердин максаттуу кафедраларынын окутуучу менторлоруна эффективдүү методикалык колдоо көрсөтүү жана келечектеги башталгыч класстын мугалимдерин долбоордун программасы боюнча даярдоо максатында тренинг өткөрүлдү. Аталган иш-чарага ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) педагогика секциясынын окутуучусу, долбоор боюнча ментору Г.Сыдыкова тренингке катышып келди.

Тренингде башталгыч билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максаттары боюнча алдыдагы милдеттер жана ишке ашыруу пландары, проектинин беш жылдык жыйынтыгы менен келечектеги иш-аракеттер тууралуу маселелердин талкуусуна катышты. Колледждеги “Башталгыч класста окутуу” адистерине да долбоордун негизинде убагында кайтарымсыз китептер берилген. Мындан аркы иштер да, максаттуу, келечекке багытталары анык.


22.04.2024

22.02.2024 ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) табигый дисциплиналар секциясынын окутуучусу, куратор А. Шакиева жана КЭБ-2-23 группасынын студенттери, Талас облусунун Аман Токтогулов атындагы китепканасынын китепканачысы менен биргеликте 21- февраль Эл аралык Эне тили күнүнө карата “Эне тилим-эне сүтүм” аттуу темада ачык кураторлук саат өткөрүштү.

Кече адабий – музыкалуу болуп, анда эне тилди урматтап, анын өлбөс өчпөстүгүн даңкташты. Көркөм ыр саптары, бий коштолуп, Манас айтылып, элимдин улуттук тили баркталды!

Кураторлук саат өз максатына жетти.


17.02.2024

16.02.2024 ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүндө (колледж) 21- февраль Эл аралык Эне тили күнүнө карата колледждин студенттери жана окутуучулары тарабынан университеттин деңгээлинде “Эне тил – эл жүрөгү” деген темада көркөм – музыкалык маданий иш – чара өткөрүлдү. Анда англис, немис, орус, казак, кыргыз, өзбек ж.б.тилдерде ыр саптар айтылып, тилге, улутка карата каалоо- тилектер айтылды.

Ар улуттун каада – салты, жашоо мүнөзү чагылдырылып, улуттук бий, обондуу ырлар, дастандардан үзүндү аткарылды. Ошондой эле, ар улуттун тилинде “Акыйнек” айтылды.

Кыргыз тили да, дүйнө тилдери менен бирге өсүп, өнүгүп, мамлекеттик тил мыйзамынын негизинде иш алып барары да, баса белгиленди. Студенттердин чыгармачылыгынан даярдалган бул иш-чара улуттук тилибиздин өсүп жаткандыгынын далили катары жаштарыбыздын арасында мекенчилдик менен аткарган дилгирликтери далилдеп турду!

Иш-чара өз максатына жетти.


13.02.2024

13.02.2024 ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) студенттери жана окутуучулары менен Талас облусунун казыят кызматкери Апым уулу Рыскелди, Талас ШИИБдин КККнын ЖЖИИнин аймактык тескөөчүсү, милициянын лейтенанты А. Н. Шабданбеков, Талас ШИИБдин ЭММКАКнын улук ыкчам өкүлү милициянын улук лейтенанты А.Б Байсариев ОИИБдин БМЖКККнын ӨМИ бөлүмү боюнча ыкчам өкүлү милициянын подполковниги А. Р. Тоялиев “Экстремизм жана терроризмди алдын алуу”, “Улуттар аралык жаңжалды болтурбоо, ага карата алдын алуу иш-чаралары” аттуу темада жолугушууга келишти.

Анда милиция кызматкерлери, казыяттын кызматкери мындай көрүнүштөрдүн улут арасында ынтымактын, тынчтыктын бузулушуна алып келээрин айтышты. Аны менен тынч, жаркын келечекте жашоого мүмкүнчүлүк болбой калуусу ыктымал экенин айтышты. Демек, мындай жаңжалды болтурбоо, андай иштерге барбоо зарыл экендигин белгилешти.

Ошондой эле колледжге Талас облустук үй- бүлөлүк медицина борборунун нарколог – дарыгери З. Э. Абылгазиева “Баңгизаттын ден соолукка тийгизген терс таасири” аттуу темада баңгизаттардын ден соолукка тийгизген таасири аягы барып жаман көрүнүшкө жетерин мисалдар, факты менен көрсөтүп берди. Ошондуктан студенттердин ден соолуктарына жашынан кам көрүшүнө жоопкерчиликтүү мамиле жасоолорун эскертип, балдарга ден соолуктун адам үчүн маанилүү экенин түшүндүрүп берди.

Жолугушуу суроо, талкуу менен аяктап, өз максатына жетти.


08.02.2024

ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) студенттери менен 8.02.2023 ооган согушунун ардагерлери Мурзахмедов Миробуд, Белеков Жекшен, Дилдемуратов Шүкүрбек жана тажик ооган согушунун ардагерлери Мадраимов Рыстан, Токтосунов Маден жолугушуу иш-чарасына катышып кетишти.

Миңдеген адамдардын өмүрүн кыйган ооган жана тажик ооган согушу тууралуу келген меймандар баяндап, студенттердин кызыккан суроолоруна жооп беришти. Андан соң, студенттер тарабынан даярдалган көркөм саптар жана жандуу үн менен обондуу ырлар аткарылды.

Келген меймандарга таазим этүү менен элибизде тынчтыктын болушун каалашып, “Кыргызстаным” аттуу обондуу ыр менен жыйынтыкталды. Иш-чара өз максатына жетти.


23.01.2024

23.01.2024-ж. ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) окутуучуларына жана студенттерине Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайманова Рахат Токтогуловна “Мугалимдин кесиптик компетенттүүлүгү” аттуу темада конок – лекция өтүп берди. Мугалимдин компетенттүү болушуна кандай шарттар, кырдаалдар таасир берерин пайыздык чен менен эсептеп, мугалимдин сырткы келбети да маанилүү экендигин айтып, мугалимдин изденүүсү, тажрыйбасы гана максаттуу ишке, келечекке жеткирерин белгиледи. Окутуучулардын жана студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берип, лекция мазмундуу жана кызыктуу өттү.

Колледждин директору, педагогика илимдеринин доктору, профессор А. Ж. Ажибаева лектор Сулайманова Рахат Токтогуловнага ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалоо менен бирге, мындан ары да кызматташуу боло берерин белгиледи.


19.01.2024

18.01.23 ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнө Талас ОИИБ медицина кызматынын кызматкери А. Ниязалиева жана Талас шаардык ИИБ БИИнин инспекторлору лейтенант А. Шабданбеков, ага лейтенант М. Жетибаев, капитан А. Абасканов колледждин студенттери менен жолугушуу өткөрүштү. Анда электрондук сигарет, таксикомания, наркомания, СПИД тууралуу кенен маалымат беришти.

Аларды алдын алуу, болтурбоо жолдору жөнүндө айтышты.

Ошондой эле жаш өспүрүмдөр арасында рейд жүрүп жаткандарын айтып, студенттердин жаркын келечек үчүн гана жашоого бет алууларына кеңеш беришти.

Студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берип, жолугушуу өз максатына жетти.


Прокрутить вверх