Адистерди даярдоонун сапаты
Билим берүүнүн сапатын контролдоо:
oИчки баалоо системасын киргизүү (студенттердин сурамжылоосу, жетишкендиктерди анализдөө, бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуу деңгээлин көзөмөлдөө).
Окутуучулардын кесиптик даярдыгы:
oОкутуучулардын квалификациясын жогорулатуу үчүн эл аралык жана улуттук программаларга катыштыруу.
oЗамандын талабына ылайык окутуу ыкмалары жана санариптик технологиялар боюнча курстарды уюштуруу.
Окуу программаларын жаңыртуу:
Эмгек рыногунун талаптарын жана иш берүүчүлөрдүн сунуштарын эске алуу менен окуу программаларын үзгүлтүксүз жаңыртып туруу.
Жумушчу окуу программаларын жаңыртуу:
Эмгек рыногунун талаптарын жана иш берүүчүлөрдүн сунуштарын эске алуу менен окуу программаларын үзгүлтүксүз жаңыртып туруу максатында иш берүүчүлөр менен жолугушуу





2025-жылдын 14-май күнү Талас мамлекеттик университетинде Борбордук Азия университетинин PhD доктору Джунушалиева Гульнара Дженишевна уюштурган “ORCID системасына катталуу жана Scopus базасына макала жайгаштыруу” темасында практикалык тренинг болуп өттү.
Тренингди билим берүү жана илим жаатында чоң тажрыйбага ээ болгон окумуштуу, Борбордук Азия университетинин PhD доктору, Джунушалиева Гульнара Дженишевна алып барды.
Илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган бул иш-чара окутуучулардын илимий кызыгуусун арттырып, өзгөчө ORCID платформасына катталуу, автордук профилди башкаруу жана Scopus журналына макала даярдоо боюнча актуалдуу маалыматтар менен камсыздады.
Тренингге активдүү катышкан окутуучуларга сертификаттар тапшырылып декабрь жана январь айларындагы онлайн семинарга катышкан 12 окутуучулар 32 жана 10 сааттык программалар боюнча сертификаттарды алышты.
Тренингдин жыйынтыгында университеттин ректору Шаршембиев Жыргалбек Сабырбекович Джунушалиева Гульнара Дженишевнага ыраазычылык билдирип ТалМУнун атынан ыраазычылык кат тапшырды.
Бул семинар — ТалМУнун окутуучуларынын илимий потенциалын жогорулатууга жана эл аралык академиялык аянтчаларга чыгууга жасалган дагы бир чоң кадам болду.













“Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аттуу республикалык ЖОЖдор аралык сынактын Жобосуна ылайык Талас Мамлекеттик Университетинин окутуучусу Н. Ж. Алтыкеева “Фразеологизмдердин мүнөздүү белгилери”деген темада ачык сабак өттү. Конкурска ТалМУнун алдындагы КОБББнын окутуучусу А. Исаева да катышып, “Неологизмдер” деген темада ачык сабак өттү.



12-апрелде Билим берүү сапатын жакшыртууда ТалМУнун жаш окутуучулары менен иш алып баруу, аларды такшалтуу жана педагогикалык багыттагы жөндөм, көндүмдөрүн калыптандыруу максатында п.и.д., проф. Ш.Ж.Курманкулов “Окутуунун жаңы парадигмалары жана компетенттүүлүк” деген темада семинар өтүп берди. Семинарда ар кандай суроолор болуп, жогорку деңгээлде өттү. Мындай семинарлар улантыла бермекчи.

Талас мамлекеттик университетинде Коомдук фонд «Мугалим» менен биргеликте окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу максатында «SCAFFOLD компетенттүүлүккө багытталган сабактарды иштеп чыгуу үчүн карточкалардын токтому» аттуу 72 сааттык семинар өтүлдү. Семинар Сапат бөлүмү тарабынан уюштурулуп, катышкан окутуучулар ачык сабактар, чебер класстарды өтүү менен жыйынтыкташып, сертификаттарга ээ болушат.





2024-жылдын 12-декабрынан баштап Талас мамлекеттик университетинде билим сапатын көтөрүү максатында университтетин деңгээлинде өткөрүлүүчү чебер – класстар, ачык сабактар жумалыктары өтүлүп башталды.
Козубекова Алмаш “Мастер-классты кантип даярдоо жана өткөрүү керек? ,«Мастер – класстын структурасы” жана
Эсекеева Раушан “Оюн технологияларын окуу процессинде колдонуу” темалары боюнча мастер – класстарды көрсөтүштү.

18.12.2024. Талас мамлекеттик университетинин Табият таануу жана педагогика факультетинин Педагогика кафедрасынын окутуучусу Асилбек кызы Каным “Арт-терапия мектеп окутуучуларынын эмоционалдык абалын диагностикалоо жана коррекциялоо үчүн эффективдүү технология” деген темада ачык сабак өттү.

Билим сапатын жогорулатуу максатында ар структуралык бөлүмдөрдө “Жасалма интелектти окуу процессинде колдонуу” боюнча Бакеев Эркин мастер-класстарды өтүп берди.













Россия Федерациясынын М.Шукшин атындагы Алтай мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университети менен эл аралык кызматташуунун алкагында мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу максатында ТалМУда семинар онлайн жана офлайн форматында өтүлдү. Ага ТалМУнун профессордук-окутуучулар жамааты активдүү катышып, мастер-класстарды жогорку деңгээлде көрсөтүштү.






2021-2022-окуу жылында университттин алкагында ачык сабактар өтүлүп, окуу усулдук кеңештин мүчөлөрү тарабынан анализ беришип, жыйынтыгында МФИ кафедрасынын аг окутуучусу Дуйшөналиева Урумкан 1-орун, табият таануу кафедрасынын ага окутуучусу Козубекова Алмаш 2-орун, ал эми экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучусу Арыкбаева Элиза 3-оруга ээ болушту






2024-жылдын 25- 28-апрель күндөрү Ысык-Көл облусунун “Жетиген” эл аралык лагеринде ЮНИСЕФтин каржылык колдоосу менен өткөрүлгөн “Эко Хакатон” учурунда Enactus ТалГУ командасы “Sort Wise” долбоору менен катышып, 1000 $ сертификатка ээ болду. Сыйлыгыңар менен куттуктайбыз!




“Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аттуу республикалык ЖОЖдор аралык сынактын Жобосуна ылайык Талас Мамлекеттик Университетинин окутуучусу Н. Ж. Алтыкеева “Фразеологизмдердин мүнөздүү белгилери”деген темада ачык сабак өттү. Тайпаны төмөнкүдөй “Жазуучулар”, “Сүрөтчүлөр”, “Иликтөөчүлөр” топторго бөлүү менен сабактын максатын түшүндүрүп: а) студенттерди фразеологизмдерди кепте туура колдонууга уйротуу; б) фразеологизмдердин муноздуу белгилери менен тааныштыруу; в) макал-лакаптар менен окшоштугун жана айырмачылыгын аныктоо максатында тайпа менен активдүү иш алып барды. Конкурска ТалМУнун алдындагы КОБББнын окутуучусу А. Исаева да катышып, “Неологизмдер” деген темада ачык сабак өттү. Сабакты өтүүнүн инновациялык ыкмаларын колдонуу менен өтүлгөн сабактар өз максатына жетти. Конкурска катышкан окутуучуларыбызга ыраазычылык билдирип, ийгилик каалайбыз!






13-14-апрелде Талас мамлекеттик университетинде математика-информатика кафедрасынын уюштуруусу менен “BigBen” окуу борборунун кесипкөй оратору Аркадий Лиджиевдин катышуусунда окутуучуларга, студенттерге “День Роста”, «Я выбираю”, “Искусство коммуникации» деген темаларда тренинг уюштурулду. Тренинг кызыктуу өтүп, практикалык иштер жүргүзүлдү. Жыйынтыгында катышуучулар сертификатка ээ болушту.





12-апрелде Билим берүү сапатын жакшыртууда ТалМУнун жаш окутуучулары менен иш алып баруу, аларды такшалтуу жана педагогикалык багыттагы жөндөм, көндүмдөрүн калыптандыруу максатында п.и.д., проф. Ш.Ж.Курманкулов “Окутуунун жаңы парадигмалары жана компетенттүүлүк” деген темада семинар өтүп берди. Семинарда ар кандай суроолор болуп, жогорку деңгээлде өттү. Мындай семинарлар улантыла бермекчи.



ЮСАИДдин Окуу керемет! долбоорунун ишмердуулугунун жыйынтыктоочу конференциясы бугун 2- апрель 2024-жылы Талас областында откорулуп, конференцияга ТалМУнун окуу жана илимий иштер боюнча проректору тех.и.к., доцент Сурапов А.К., окуу болумунун башчысы Нукешов С.Т., сапат болумунун адиси п.и.к. Шайланова М.М. жана долбоордун улуттук тренерлери п.и.к.,доцент Курманалиева А.О., Сыдыкова Г., Кумашова А.А. катышты. Окуу керемет! долбоорунун максаттуу кафедрасы катары педагогика кафедрасынын башчысы , п.и.к. А.Умарбекова долбоордун алкагында аткарылган иштер боюнча отчёт берди. Окуу керемет! долбооруна терен ыраазычылык билдиребиз!






15-мартта ТалМУнун гуманитардык факультетинин тарых жана коомдук илимдер кафедрасы тарабынан уюштурурулган ” Беш тараптык ынтымак-ийгиликтин ачкычы” деген темада стейкхолдерлердин (кызыктар тараптар) I форуму болуп өттү. Иш-чаранын максаты: бакалавр, магистр даражасындагы студенттердин кесипкөй, компетенттүү, конкуренцияга туруштук бере алган адистерден болушу үчүн ар тараптуу кызматташуунун артыкчылыктарын көрсөтүү. Иш-чарага ТалМУнун окуу жана илимий иштеринин проректору Сурапов А.К., окуу бөлүмүнүн башчысы Нукешов С.Т., сапат бөлүмүнүн адиси Шайланова М.М., “Бектур агай” маалыматтык технологиялар лицейинин директору Бутешова А., Талас шаарынын директорлору, окуу бөлүм башчылары, ата-энелер, магистранттар, ТалМУнун башка адистиктеринен чакырылган коноктор катышышты.






Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 100 жылдык мааракесине карата Технология-экономикалык факультетинин экономика жана менеджмент кафедрасы студенттер арасында “Каржы чеберчилигине – 100 жыл” аталышында брейн-ринг акыл таймашын уюштурушту. Аталган иш-чарага ТалМУнун окуу жана илимий иштер боюнча проректору т.и.к.,доцент А.К. Сурапов, ТалМУнун сапат бөлүмүнүн адиси п.и.к, доцент М.М.Шайланова, факультеттин деканы п.и.к.,доцент А.О.Курманалиева жана Талас облусунун финансы башкармалыгынын финансы бюджеттик координация бөлүмүнүн адистери К.Д.Туркманова катышышты. Брейн-рингге аталган факультеттен 4 команда: “Финансисттер”, “Финлидер”, “Инсайдер”, Финансылык виртиуоздор” катышышты. Брейн ринг 3 раунддан туруп, 2 раунд Kahoot программасы менен 1 раунд жазуу түрүндө ойнотулду. Жыйынтыгында, женүүчүлөр аныкталып, командаларга грамоталар, катышуучуларга белектер тапшырылды. Ошондой эле Талас облусунун финансы башкармалыгынын атынан факультетке, кафедрага Ыраазычылык кат жана белектер тапшырылды. Билим берүүдө, кадрларды даярдоодо жана каржы тармагында ар тараптуу кызматташууга кошкон салымы үчүн К.Д. Түркманова факультеттин Ыраазычылык каты менен сыйланды. Жыйынтыгында , окуу жайдын проректору А.К. Сурапов брейн- ринг акыл таймашы жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, уюштуруучуларга жана катышуучуларга ыраазычылык билдирди



ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн Педагогика секциясынын окутуучулары Бишкек шаарындагы И. Арабаев атындагы КУУ университетинин Гуманитардык – педагогикалык колледжинин “Башталгыч класстарды окутуу” жана “Мектепке чейинки билим берүү” адистиктеринин 1-2-3- курстарынын студенттери үчүн А.С.Батыркулова “Балдар адабияты” предметинен “Жомоктордун тарбиялык мааниси”, Ч Б. Арсиева Психология предметинен “Эмоция”, А. А. Абдышова Математиканы окутуунун методикасы предметинен “Башталгыч класстарда математиканы окутуунун методикасы” деген темалары боюнча 09.11.2023 конок- лекция окуп келишти. Окуу жайдын директору М. Ж.Толоев жана окуу жана Мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары М.Н.Маликова лекция окуган окутуучуларга ыраазычылык кат тапшырып, ийгилик каалап, мындан ары да кызматташууга даяр экендиктерин айтып узатышты.



2023-жылдын 27-октябрында «Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн методикасы», «Кыргыз тили жана адабияты», «Тарых» адистиктеринин 1-3-курстарынын магистранттарынын жана профессордук-окутуучулар жамаатынын катышуусунда «Магистранттардын практикаларын өткөрүү жөнүндө жобо жана практикалардын программалары» аталышында илимий – теориялык семинар болуп өттү. Семинар. п.и.к., доцент К.А.Стамалиеваныжетекчилиги менен болуп өттү. Семинарды ТалМУнун окуу жана илимий иштери боюнча проректору С.С.Жумалиев ачып, магистранттарга практиканын маанилүүлүгүн баса белгилеп, семинардын жүрушүнө ийгилик каалады. Семинарда доцент К.А. Стамалиева магистранттарга практиканын түрлөрү: башкаруучулук, илимий – педагогикалык, илимий изилдөө практика боюнча жоболор жана алардын программалары менен тааныштырып, практикаларды өткөрүү тартиби, практикант магистрлердин милдеттери тууралуу бөлүштү. Семинар жогорку деңгээлде өттү.


