Мамлекеттик тил боюнча проректор

  Жунусалиева Кундуз Тотоновна 

                  филология илимдеринин кандидаты, доцент

ТалМУда окуу жана илимий иштерден сырткары студенттер менен окутуучулардын руханий жан дүйнөсүн байытууга, чыгармачылык жөндөмүн, эстетикалык табитин жана сергек жашоосун өнүктүрүп-калыптандырууга багытталган иш-чаралар да жигердүү жүргүзүлөт.

Негизинен университеттеги окуудан тышкаркы иштер төмөнкүдөй комплекстүү максат-мүдөөлөргө багындырылган:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, мамлекеттик символикаларды — Кыргыз Республикасынын гербин, туусун, гимнин жана тарыхый идеалдарын сыйлоого тарбиялоо;

014— студенттердин мекенге болгон сүйүүсүн, жеке турмуштук позициясын калыптандыруу жана аларды өзүнүн билими менен эмгегин мекендин жыргалчылыгы үчүн жумшоо деминде калыптандыруу;

— кийинки муундун тескери багыт алуусун болтурбоо максатында улуу жана орто муундардын байланышы аркылуу руханий, адеп-ахлактык, жарандык жана мекенчилдик каада-салттарды калыбына келтирүү;

— студенттердин жеке дареметтерин аныктоо жана аны өнүктүрүү, алардын негизинде адамдын жалпы жана жекече өзгөчө сапаттарын калыптандыруу, анын чыгармачыл потенциалын жана өз алдынча өнүгүү жөндөмүн өстүрүү;

— эмгекти сүйүп, максатка умтулуунун жана турмушунда ийгиликтерге жетүүнүн башкы ыкмасы катары окууга, эмгекке карата чыгармачыл мамиле кылууга тарбиялоо;

— муундар ортосундагы байланышты чыңдоо максатында ата-энелерге, карыларга урмат көрсөтүүгө, кичүүлөргө жана өзгөчө муктаждыктагы адамдарга карата кам көрүүгө тарбиялоо;

— жаратылышка, табиятка, көркөмдүккө болгон мамилени жана адамзаттык-улуттук маданияттын дөөлөттөрүн өздөштүрүүгө тарбиялоо, эстетикалык табитти байытууга жана коомдун маданий турмушуна активдүү катышууга  калыптандыруу.

007Ушул максат-мүдөөлөрдү ишке ашыруу үчүн университетте мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, тарбия иштерине багытталган жылдык, үч айлык, бир айлык, жумалык иш пландар түзүлөт. Алсак, Кыргыз Республикасынын “мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамын”, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы №155 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгын, “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндөгү” 2014-жылдын 2-июнундагы №119 Жарлыгын ишке ашыруу максатында университеттин бардык адистиктеринде мамлекеттик тилде окутулган сабактар боюнча окуу-усулдук комплекстерди түзүү; педагогикалык, табигый-илимий, техникалык, коомдук дисциплиналар боюнча кыргыз тилинде сабак өткөн мыкты лекторлор үчүн сынактарды уюштуруу; бардык адистиктер үчүн кыргыз тили боюнча тесттик мамлекеттик сынакты жайылтуу ж.б. сыяктуу иштер жүргүзүлөт. Мындан тышкары, жыл сайын ар бир түзүмдүк бөлүмдөрдө “кылым карыткан кыргыз тили”, “келгиле, нукура кыргызча сүйлөйлү”, “мамлекеттик тилдин келечеги бүгүн жана эртең”, “эне тил тагдыры – эл тагдыры”, “элибиздин эртеңи – эне тилде”,  “жашообуздун бардык тармактарында кыргыз тили кызмат көрсөтө алабы?” деген сыяктуу ж.б. темаларда кураторлук сааттар, дебат-талкуулар, көркөм-адабий кечелер, сахналаштырылган концерттик программалар өткөрүлүп, окуу имараттарынын көрүнүктүү жерлеринде кыргыз элинин каада-салттары чагылдырылган атайын бурчтар уюштурулуп, тематикалык дубал газеталары, буклеттер, банерлер чыгарылып турат.

008Окуу жайдын жамаатынын жана студенттеринин арасында диний сабаттуулукту, диний толеранттуулукту, сабырдуулукту жана улуттук нарк-насилди жайылтуу багытында дин маданиятынын тарыхы боюнча, диний экстремизмдин, радикализмдин жана терроризмдин жайылышын алдын алуу максатында тиешелүү күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, областтык казыяттын өкүлдөрү, теолог-адистер, мугалимдер менен биргеликте тегерек столдор, лекциялар, маектешүүлөр, жыйындар өткөрүлүп, кеңири түшүндүрүү иштери  жүргүзүлүп келет.

Студенттердин окуудан тышкаркы убактыларын кызыктуу өткөрүүсү үчүн, чыгармачылык шык-жөндөмүн өнүктүрүү максатында көркөм-маданий борбор түзүлүп, анда комуз, бий өнөрү боюнча жана адабий-драмалык, вокалдык-эстрадалык ийримдери иш алып барат. Спорт боюнча студенттер жана мугалимдер арасында волейбол, футбол, стол тенниси, ордо, щахмат жана жеңил атлетика боюнча даталуу күндөрдө кызыктуу оюндар, мелдештер өткөрүлүп турат. Окуу жайдын студенттеринин жана окутуучуларынын курама командалары шаардык, областтык жана республикалык масштабдагы мелдештерге активдүү катышып келет. Алсак, ТалМУнун эжекелеринен турган курама командасы жыл сайын өткөрүлгөн шаардык спартакиаданын катары менен 10-жолку жеңүүчүсү болгонун сыймыктануу менен айтсак болот. Ошондой эле, универсиада оюндарында күрөш, тогуз коргоол, шахмат, стол тенниси боюнча студенттерибиз байгелүү 1,2,3-орундардын жеңүүчүлөрүнөн. Окуу жайдын жалпы жамааты менен студенттери университеттик, шаардык жана областтык масштабдагы түрдүү акцияларды уюштуруп, коомдук, маданий-массалык ж.б. иш-чараларга активдүү катышып келет.

013 012 011 010 009

Прокрутить вверх