Оку иштери

Студенттердин илимий-практикалык конференциясы

2024 -жылдын 25- майында ТалМУ тарабынан уюштурулган студенттердин илимий-практикалык конференцияларында секциянын окутуучуларынын жетекчилиги менен студенттер даярдалып докладдар окулат. Акыркы 3 жыл ичинде 14 студент доклад жасашып, 6 студент ТалМУнун ардак баракчасы менен сыйланышкан.

23.11.2023

ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн математика- техникалык секциясынын окутуучусу М. Бокоева Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Профессионалдык колледждин «Программная инженерия», «Автоматизированные системы обработки информации и управление » адистиктеринин ПИ-1-23,ПИ-2-23, АСОиУ-1-23 группасынын студенттерине Компьютерные сети дисциплинасы боюнча жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы жаңы технологиялар институтунун «Прикладная информатика » жана «Программное обеспечение вычислительной техники и автоматизированных систем» адистиктеринин ПИ-1-22,ПОВ-1-22 группаларына Компьютерные сети предметинен М. Бокоева 23.11.2023 конок- лекция өтүп келди.

29.05.23

ТалМУнун алдындагы КОБББнын математика — техникалык секциясынын окутуучулары В. А. Учуров, Ч. Ы. Садырбаева «Электр менен камсыздоо» адистигинин студенттери менен 29.05.23 Токтогул ГЭСине бир күндүк экскурсияга барып, энергетика тармагы тууралуу маалымат алышып кайтышты. Алгач, экскурсия коопсуздук эрежелеринен башталды. Андан кийин Токтогул ГЭСине сыртынан байкоо жасалып, окутуучулар тарабынан ГЭСтин иштеши тууралуу лекция өткөрүштү. Иш- чарада балдар гидроагрегаттардын иши менен таанышып, электр энергиясы кандай өндүрүлүп жатканын, гидростанциянын уникалдуу жабдууларынын иши менен тааныша алышты. Кыргыз энергетикасынын ири объектиси-Токтогул ГЭСине баруу Кара — Көл шаарына болгон сапары студенттер үчүн эсте калаарлык болуп, окутуучуларга ыраазычылык тарын билдирип, энергетика тармагы тууралуу маалымат алып, бир нече балдар келечектеги жашоосун энергетика менен байланыштыраарын айтып, жемиштүү кайтып келишти

16.12.23-9.01.24 

16.12.23-9.01.24 аралыгында РИПК и ППР тарабынан «Иновациялык педагогикалык технологиялар жана  STEM билиминин негиздери» аттуу пилоттук  долбооруна  ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) “МТД” секциясынын окутуучулары Норзалиева Г.  жана Бекмуратова И.   72 сааттык “Келечек учун билим беруу”   боюнча тренинге катышып келишти

Мугалимдердин кесипкөйлүгүн өркүндөтүү жана жаш мугалимдер арасында тажырыйба алмашуу максатында, кесиптик, тарбиялык  ачык сабактар өз убагында өткөрүлүп келет.

2023- жылдын 27-апрелинде Энергетиктер күнүнө карата энергетика кесибине байланыштуу Садырбаева Ч.Ы. тарабынан “АЭСти Кыргызстанга куруу туура болобу же болбойбу” туурасында ачык дебат  сабагы өткөрүлдү.

 

2023- жылдын ноябрь айында Математика-техникалык дисциплиналар секциясынын окутуучусу Рысалиева Роза математика сабагынан “Туундуну табуунун уч эрежеси” аттуу темада ачык сабак өттү.

2023- жылдын май айында Математика-техникалык дисциплиналар секциясынын окутуучусу Ван А. А. КСК -22 жана КАС -22 группаларынын арасында “Компьютердик сабаттуулук” дисциплинасы боюнча ачык таймаш сабагын өттү.

2023 -жылдын 16-декабрында ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүндө коррупцияны алдын алуу максатында «Биз коррупцияга каршыбыз» деген темада математика-техникалык дисциплиналар секциясынын окутуучусу Бекмуратова И. тарабынан КСК-1-23, КСК-2-23 группаларына ачык куратордук саат оттту

2023-жылдын октябрь айында «МТД» секциясынын окутуучулары Алымбекова А. Т. Орозалиев А.Т. Бекмуратова И.З. «Мугалим» коомдук фонду тарабынан уюштурулган «Калктын финансылык сабатуулугун жогорулатуу» деген темада семинарга катышып Сертификатка ээ болушту.

13.03-17.03.2023 аралыгында Москва шаарынын  «МГУ» университетинден «МТД» секциясынын окутуучусу Джумагулов Мидин Сагынбекович  Квалификациясын жогорулатып келди

2023 жылдын ноябрь айында «МТД» секциясынын окутуучулары Рысалиева Р. жана Асанова М. «Окуутуунун сапатын башкаруунун методдору жана стратегиялары» аттуу 72 сааттык семинар окушуп сертификатка ээ болушту

18.11.2023 ж аталган секциянын окутуучулары Бокоева М. Бекмуратова И. Садырбаева Ч. Орозалиев А. Учуров В.А  «ААОПО» боюнча семинар окушуп  Сертификатка ээ болушту

05.02.2024-26.02.2024 МТД секциясынын окутуучулары Кынат Шергазы, Орозалиев Азамат, Бекмуратова Индира, Садыралиева Чолпон окуу-илимий борбору » Bilimintertrans» Associate Training Institute тарабынан уюштурулган 92 сааттык семинар окушуп  Бишкек шаарынан ийгиликтуу экзамен тапшырып  Эл аралык сертификатка ээ болушту.

   

10.2023-05.2024 аралыгында Математика-техникалык дисциплиналар секциясынын окутуучусу Бекмуратова И.З. «Төмер» тарабынан уюштурулган түрк тилин уйрөнүү курсуна окуп, ийгиликтуу сынак тапшырып «А1», «А2», «В1» сертификатттарына ээ болду

23.01.2024-ж. ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) окутуучуларына жана студенттерине Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайманова Рахат Токтогуловна «Мугалимдин кесиптик компетенттүүлүгү» аттуу темада конок — лекция өтүп берди, аталган иш чарада “МТД” секциясынын жетекчиси Бокоева М.К оз созун суйлоду.

Прокрутить вверх