Окуу усулдук иштери

Бул долбоордун негизинде педагогикалык чеберчиликти өркүндөтүү боюнча окутуунун диффернециялык жана интеграциялык методдорду колдонгон, билим берүү процесстерин натыйжалуу башкаруу боюнча семинарларга секциянын окутуучулары толугу менен катышып келишти.

Мындан тышкары «Окуу керемет» долбоорунун стратегияларын колдонуп университеттин деңгээлинде Педагогика секциясынын окутуучулары ачык сабактарды жана мастер класстарды да өтүп беришти.

“Окуу керемет” долбоору тарабынан Бишкек шаарында ЖОЖдордун жана колледждердин окутуучу менторлоруна тренинг өткөрүлдү. Педагогика секциясынын окутуучусу, долбоор боюнча ментору Г.С.Сыдыкова тренингкте катышып келди.

«Миграциядан жабыркаган балдарга психологиялык жана педагогикалык көмөк көрсөтүү» деген теманын алкагында окутуутун лекция жана практикалык иштери боюнча семинар өткөрүлдү.

Прокрутить вверх