
Нукешов Султанбек Токтоназарович
Ректордун жардамчысынын кызматтык милдеттери
- Ректордун, проректордун ишмердүүлүгүн камсыздоого байланышкан иштерди аткарат.
- Жетекчинин аткаруу бийлик органдарынын өкүлдөрү жана уюмдардын жетекчилери менен өз ара аракеттенүүсүн уюштурууга көмөк көрсөтөт.
- Жетекчинин жыйындарга, жолугушууларга, конференцияларга жана семинарларга катышуу графигин координациялайт, ошондой эле өкүлчүлүк иш-аракеттери үчүн зарыл болгон маалымат менен камсыздайт.
- Берилген ыйгарым укуктардын чегинде билим берүү мекемесинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин координациялайт, өзү карамагындагы кызматкерлерге жетекчилик кылат.
- Уюмдар менен иш кагаздарын жүргүзөт.
- Жетекчи үчүн керектүү маалыматтарды мекеменин бөлүмдөрүнөн алып турат, тапшырмасы боюнча кызматкерлерди кабыл алууга чакырат.
- Телефонограммаларды кабыл алып, жөнөтөт, билдирүүлөрдү жазып, тиешелүү адамдарга жеткирет.
- Жетекчи өткөргөн жыйындарга жана кеңешмелерге даярдык көрөт.
- Иш кагаздарын жүргүзөт: жетекчинин атына түшкөн каттарды кабыл алат, ирээттейт жана чечимдердин аткарылышы боюнча жетекчиге маалымат берет.
- Документтерди тиешелүү бөлүмдөргө же жооптуу аткаруучуларга жөнөтөт, жооптордун жана сунуштардын өз убагында берилишин көзөмөлдөйт.
- Келген адамдарды кабыл алууну уюштурат, алардын өтүнүчтөрүн жана сунуштарын өз учурунда кароого көмөктөшөт.
- Берилген укуктардын чегинде жетекчинин атынан башка уюмдарда өкүлчүлүк кылат.
Ректордун жардамчысы билүүгө тийиш
- КРдин билим берүү жана тарбиялоо маселелери боюнча мыйзамдарын жана башка нормативдик укуктук актыларын.
- КРдин билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу багыттарды.
- Чет өлкөлөрдөгү билим берүүнүн өнүгүүсү боюнча негизги маалыматтарды, билим берүү системаларын башкаруу теориясын жана ыкмаларын.
- Мекеменин локалдык нормативдик актыларын.
- Билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салууга тиешелүү жарандык, административдик, эмгек, бюджеттик жана чарба мыйзамдарынын негиздерин.
- Менеджмент, персоналды башкаруу, долбоорлорду башкаруу негиздерин.
- Персоналдык компьютер жана санариптик жабдуулар менен иштөө талаптарын.
- Иш кагаздарын жүргүзүүнүн тартибин.
- Эмгекти коргоо жана өрт коопсуздугунун эрежелерин.

