Спорт

ТалМУнун алдындагы КОБББнын, ТАЭК жана медициналык колледждин кызматташуу долбоорунун негизинде жаштардын арасында окуу жана тарбиялык процесси менен бирге спорт оюндары боюнча мелдеш өткөрүү демилгеси көтөрүлүп, Талас шаарындагы кесиптик орто билим берүү окуу жайларындагы студент балдардын арасында 3.05.23 кичи футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдештин башкы калысы КОБББнын табигый илимдер секциясынын окутуучусу Абдраимов Асхат Батырканович болуп, оюн кызуу жүрүп, жыйынтыгында 1-орун КОБББнын курама командасы,
2-орун ТАЭКтин курама командасы,
3-орун медициналык колледждин курама командысы болду. Жеңүүчүлөргө жана «Мыкты чабуулчу», «Мыкты коргоочу», «Мыкты дарбазачы», «Мыкты оюнчу» номинациялары боюнча КОБББнын админстрациясынын атынан дипломдор тапшырылды.

Прокрутить вверх