Тарбиялык иштер

ТалМУнун ректору Шаршембиев Жыргалбек Сабырбекович студенттери менен жолугушуу өткөрдү.

” КР Президентинин Жарлыгынын алкагында 2023-жылдын 16-сентябрында массалык облустун аймагында баардык мамлекеттик органдарда ишембилик өткөрүү тууралуу Жарлыкка ылайык 16.09.2023-ж. ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) педагогика секциясынын  окутуучулары да бөлүнгөн тилкеде тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, III даражадагы “Манас” орденинин ээси, белгилүү агартуучу Гапыр Мадаминов окуучулар, студенттер менен жолугушуп, атайын семинарларды өтүп келди.

 

Мугалимдер күнүнө карата  “Мугалим- мөмөлүү дарак”деген  темада  КП-1-22 группасы ачык тарбиялык саат өткөрүштү. 

 “Күзгү балл -2023” кароо- сынагы болуп өттү.

“Мыкты тамаша” көрсөткөндүгү үчүн ардак грамоталарга ээ болушту.

“Элим барсынбы” коомдук кайрымдуулук фондунуна кесиптик отро билим берүү бөлүмүнүн “Башталгыч класстарды окутуу” адистигинин КП-2-21 группасынын студенттери Джакшылыкова Элнура, Рахманжанова Эркинай, Джолдошбек кызы Сабина волонтёр болуп кайрымдуулук иштерине катышып келишти.

3-декабрь Бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө карата КП-2-23 группасынын студенттери кайрымдуулук иштерине катышып келишти.

3-декабрь Бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө карата КП-2-22 группасы да куратору менен биргеликте кайрымдуулук иштерине катышып келишти

Улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Айтматовго таазим” КДО-1-23 группасы

Педагогика секциясында 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата “Ар бир тил – өз элине улук” – деген темада иш чара болуп өттү.

КП-1-22 группасы куратору А.С.Батыркулова менен биргеликте тамак аш даярдашып, студенттерге “Кайрымдуулук жарманкесин” өткөрүшкөн. Кайрымдуулуктан түшкөн акчага  Талас районуна караштуу  Көмөкчү балдар мектеп-интернатына азык-түлүк, таттууларды жеткирип беришти. Андан тышкары мектеп балдарына оюн,бий,обондуу ырларды тартуулап, аз да болсо балдардын көңүлдөрүн көтөрүп келишти.

КП-1-22 группасы куратору А.С.Батыркулова  менен биргеликте «Коррупция – мамлекет, коом оорусу» деген темада  ачык куратордук саат өттү.

КП-1-23 группасы куратору А.Э.Сейдакматова менен биргеликте 5-март Ак калпак күнүнө карата “Ак калпагым ардагым” деген темада куратордук саат өтүштү.

КП-1-21 группасы куратору Г.С.Сыдыкова менен биргеликте 3-март  Ак калпак күнүнө карата жана 5-март Туу күнүнө карата “Туу эгемендүүлүктүн символу”, “Ак калпак кыргыз элинин тарыхы” деген темада куратордук саат өтүштү.

КП-1-22 группасы куратору А.С.Батыркулова менен биргеликте 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата “Дүйнө жарык сен бар үчүн аялзат”  деген темада ачык куратордук сабак өткөрүштү.

Нооруз майрамына карата Педагогика секциясынын кураторлору группалары менен биргеликте тарбиялык сааттарды өтүп келишти. КП-2-21,КП-2-22, КДО-1-21,КДО-2-22, КДО-1-23

20.04.2024-жылы 3 айлык жарыяланган Тазалык акциясынын алкагында Талас шаарында массалык ишембилик өткөрүлдү. Ишембилике жалпы мекеме уюм кызматкерлери катышты.ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) педагогика секциясынын окутуучулары да бөлүнгөн тилкеде тазалоо иштерин жүргүзүштү.

2024-жылдын 26- апрелинде Талас мамлекеттик университети, Талас облустук ички иштер Башкармалыгы менен бирдикте “Жаштар кылмыштуулукка каршы” деген ураандын алдында “Дени сак улут, дени сак мамлекет “ аттуу ден соолук спартакиадасын өткөрдү.

Спартакиадага окуу жайдын бардык структуралык бөлүмдөрү активдүү катышышты

Прокрутить вверх