Химия кафедрасы

094Жусупова Кулмайрам Алтымышбаевна

кафедранын башчысы, химия илимдеринин кандидаты,
доцент

Алгач химия кафедрасы 2002-жылы 26-июнда “химия жана адам жашоосунун коопсуздугу” кафедрасы деген ат менен түзүлүп, кийин кайра өзгөргөн. Азыркы күндө аталган кафедрада 1 х.и.к., доцент, 1 ага окутуучу, 4 окутуучу, 1 лаборант жана 1 методист эмгeктенет.

        Кафедранын өнүгүшүнө х.и.к., доцент Ш.Исаева, х.и.к., доцент К.А.Жусупова, ага окутуучу В.Бешкемпирова, Ж.Жекшеналиева ж.б. кошкон салымдары зор. Учурда кафедранын окумуштуу-изилдөөчүлөрү тарабынан илимий долбоорлор жазылып, аткарылып келе жатат. Алсак, х.и.к., доцент К.А.Жусупова «Синтез эфиров L –аланина и изучение их свойств», «Синтез эфиров метионина и изучение их свойст” жана доцент К.А.Жусупова окутуучу Б.Д. Сарыбаева менен биргелешип жазган “Изучение влияния химических средств защиты фасоли в условиях Таласской  долины” аттуу долбоорлорун айтсак болот. Ошондой эле химия кафедрасында К.А.Жусупова тарабынан “Синтез эфиров аминокислот и их свойст” деген темада докторлук изилдөө,  физ.и.к., доцент Ш.Ж.Курманкулов жана ага окутуучу В.К.Бешкемпирова тарабынан “Айыл мектептеринде табигый-предметтерди компентентүүлүккө багыттап окутуунун кадамдарын иштеп чыгуу жана колдонуу” аттуу темада илимий изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.

Кафедра мүчөлөрү тарабынан 80ден ашуун илимий эмгектер басмадан жарык көргөн. Алардын ичинде: 4 автордук күбөлүк, 4 патент, 1 монография, 14 методикалык көрсөтмө жана 17ден ашуун сертификат бар.

095Кафедрада  илимий-изилдөө  иштерин жүргүзө турган атайын лабораториялар бар жана алар талапка  жооп берген прибор, жабдуулар менен  жабдылган. Окуу-материалдык базасы адистикти даярдоонун талаптарына толук жооп берет жана төмөнкүлөрдөн турат:

Окуу лабораториялары:

  1. Жалпы жана органикалык эмес химия
  2. Органикалык химия
  3. Аналитикалык  химия.

    Окуу кабинеттери:

  1. Аналитикалык химия
  2. Органикалык химия
  3. Окуу-усулдук борбор.Кафедра республикалык жогорку окуу жайлары менен илим-изилдөө, окуу-усулдук жана өндүрүштүк-тажрыйбалык багыттарда байланыштарды түзүп келет. Айрыкча, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, КР УИАнын Химия жана химиялык технология институту жана К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети менен тыгыз кызматташтыкта иштейт.096Химия кафедрасы жылына университеттик денгээлде өткөрүлүүчү “жылдын мыктылары” конкурсунда «жылдын мыкты кафедрасы-2004”, «жылдын мыкты доценти — 2006», «жылдын мыкты илимий кызматкери — 2007, 2009, 2013», «жылдын мыкты куратору — 2010, 2013» деген номианциялар боюнча наамдарды жеңип алышкан.

             Биздин студенттер химия адистиги боюнча олимпиадага, республикалык жана университеттик илимий конференцияларга катышып, байгелүү орундарга ээ болушууда. Айталы, ТалМУда өткөрүлгөн “Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана улуу инсандар” аттуу XIII илимий-тажрыйбалык конференцияда В.Полтавская (жетекчиси В.К.Бешкемпирова), Ажатбек кызы Гүлкыз  (жетекчиси Б.Д. Сарыбаева) байгелүү орундарга жетишкен. Азыркы учурда химия адистигинде Х-14, Х-12, Х-11 группалары бар. Бул группалардагы жакшы окуган студенттер — Жаныбек кызы Жазгүл, Манасбекова Бермет (Х-14 группасы), Полтавская Виктория, Рашид кызы Улара, Акматбек кызы Гүлсүн (Х-12 группасы),  Авасова Динара, Нурдин кызы Алина, Алыбаева Айгүл, Нышан кызы Азиза (Х-11 группасы) ж.б. 2014-2015-окуу жылында Х-10 группасынын студенти

    097Турусбек кызы Нургүл “эн жакшы” баада окугандыгы үчүн  президенттик стипендияга татыктуу болду. Химия адистигин  жакшы окуп бүтүрүшкөн Н.Осмоналиева менен Б.Чолпонова азыркы учурда химия кафедрасынын окутуучулары.

    Химия адистигинин студенттери өндүрүштүк жана мамлекеттик практикаларын Кыргызстандын булуң-бурчундагы химиялык комбинаттар, заводдордон өтүп турушат. Алсак,  Х-11 жана Х-12 группасынын студенттери  Токмок шаарындагы айнек заводунда, “Алия” макарон чыгаруучу комбинатында ж.б. жерлерден практикадан өтүп келишти. Педагогикалык практикаларын Талас шаарындагы орто мектептерден, лицей-гимназиялардан өтүшөт. Тажрыйба учурунда өзүнүн билимин, активдүүлүгүн, чыграмачылыгын көрсөткөн студенттерибизге мактоо баракчалары берилип турат. Мисалы, 2016-жылы мамлекеттик педагогикалык практиканын жыйынтыгы боюнча Х-12 группасынын студенти В.П.Полтавскаяга №7 орто мектептин мактоо барагы тапшырылды.

    103 098 102 101 100 099

Прокрутить вверх