Экономика жана бухгалтердик эсеп

“Экономика жана бухгалтердик эсеп” секциясы

          2009- жылы   080110 “Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча )”  адистиги Кыргыз  республикасынын  Билим берүү Министирлигинин буйругунун  негизинде  ачылган.

          “Коомдук-экономикалык дисциплиналар  секциянын алгачкы башчысы Изабаева Индира Кенжебековна. Ал 2009-жылдан баштап 2020 жылга чейин “Коомдук –экономикалык дисциплиналар”  секциясынын  жетекчиси  болуп эмгектенип келген .

2020жылы колледждин педагогикалык кенешинин чечими менен “Экономика жана бухгалтердик эсеп” секциясы болуп болунуп чыккан.Азыркы кундо секцияны Чыныбаева Гулбарчын Элемановна жетектеп келет.

“Экономика жана бухгалтердик эсеп” секциясынын жетекчиси Чыныбаева Гулбарчын Элемановна

            “Экономика жана бухгалтердик эсеп” секциясынын негизги максаты  жана милдети болуп, жеткиликтүү билим берүү, экономикалык кадрларды даярдоо тармагында төмөнкү багыттар менен иш алып барат:

  • Адистикке багытталган таланттуу, билимге ынтызар жаштардын жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү максатында  кесиптик кадрларды даярдоо;
  • Билим берүүчүлүк иш -аракеттерин камсыз кылуу үчүн илимий  изилдөөлөрдү жүргүзүү, илимий-методикалык жана окуу-методикалык иштелмелерди иштеп чыгуу;

 Секция  экономикалык  багыттагы билим берүү программасынын негизинде  “Экономика жана бухгалтердик эсеп ” , аталышындагы адистиктерде студенттерди даярдайт.

Секциянын  окуу-методикалык иштеринин негизги багыттары:

  •  Компетенттүү мамилелердин негизинде окутуунун максатын, мазмунун, методдорун каражаттарын жана формаларын иштеп чыгуу;
  •  Иштелип чыккан окутуунун  программалары билим берүүнүн бардык деңгээлдерин ичине камтыйт;
  • Секциядагы жаш окутуучулар үчүн насаатчылык иштерди өркүндөтүү менен усулдук-методикалык иштемелерди активдүү иштеп чыгат.  Жаш мугалимдер менен бирдикте  теориялык  билимдерди практика менен айкалыштыруу иштерин жүргүзүшөт.

Окуу процессин уюштурууда төмөнкү документтер бар:

  •         Билим  Берүүнүн  мамлекеттик стандарты;
  •         Окуу  планы, Жумушчу окуу планы;
  •         ОМКлар иштелип чыккан;

Пландалган окуу жүктөмдөрү толугу менен окуу планын жана жумушчу программалардын талабына ылайык аткарылат.

 Секциянын кеңешмесинде окутуучулардын пландары, лекция жана практикалык сабактардын тексттери боюнча модулдук суроолор каралат.

      Бүгүнкү күндө секцияда   080110 “Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча) ” багыты боюнча адистер даярдалат.Окуу планына ылайык кафедранын окутуучулары 34 дисциплинаны тейлейт. Окутуучулар тарабынан типтүү программалардын  негизинде окуу-усулдук комплекстер, жумушчу программалары иштелип чыккан.

  Секцияда 6  окутуучу иштейт.Сырткы жана ички кош жумушчу жок.

                                       Алардын атын атап айтканда төмөнкүдөй:
1Ташырбаева Аида Айбашевнаокутуучу
2Изабаева  Индира  Кенжебековнаокутуучу
3Чыныбаева Гулбарчын Эламановнаокутуучу
4Бекболиева  Чынара Алмасбековнаокутуучу
5Акматов Молдобек Адыловичокутуучу
6Нурбаева Айнура Гапыровнаокутуучу

Секциянын материалдык –техникалык базасы

            “Экономика жана бухгалтердик эсеп” секциясында  “Экономика жана бухгалтердик эсеп” 1 предметтик ,   1 усулдук кабинети иштейт  1 компьютер,  1 проектор,  1 интерактивдик доска жана адистикке тиешелүү окуу-усулдук адабияттар, көргөзмө куралдар менен жабдылган. Китепканадагы адабияттардын фонду “Экономика жана бухгалтердик эсеп”, адистиги боюнча текшерүү иштеринин, курстук, практикалык сабактардын, лекциялык курстардын базасынан түзүлүп, теориялык багыттагы кошумча адабияттар менен камсыздалган.

Секциянын илимий-изилдөө иштери

             “Экономика жана бухгалтердик эсеп” секциясынын окутуучулар курамынын илимий макалалары ТалМу нин   жогорку окуу жайларынын илимий журналдарында басмадан чыгууда. Алсак,секциянын кызматкерлеринин жарыкка чыгарган эмгектеринин саны төмөнкүдөй:

  1. Изабаева Индира Кенжебековна  –  4 окуу-усулдук көрсөтмө
  2. Ташырбаева Аида  Айбашевна -2 окуу-усулдук көрсөтмө
  3. Чыныбаева Гүлбарчын Эламановна -2 окуу-усулдук көрсөтмө

           Коомдук –экономикалык илимдер секциясынын  студенттери жылына боло турган “Студенттердин илимий-тажрыйбалык конференциясына”активдүү катышышып,алдыңкы орундарга  ээ болуп келишет. Алсак Алмазбек кызы Айдана “Кыргыздардын музыкалык аспаптары”, Алиаскар кызы Уулжан “Талас шаарындагы №4 мектептин тарыхы”, Арстанбек кызы Жанара “Төкмө акындар мекени Арал айылынын тарыхы”,Талантбек уулу Кенжебек “Кыргыз элинин колдонулбай бара жаткан салт-санаалары”,Молдобекова Диана  “Атаканов Бекманбеттин өмүрү жана чыгармачылыгы”, Жуматаева Айдана “Маркетингти изилдөө “Шоро”, Кубаналиева Тунук “Манас”эпосу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсүндө, Бөрүбаева Чолпон “Кыргыздардын көчмөн маданиятындагы демократиялык –укуктук мамилелер  жана “Манас” эпосу”, Үмөталиева Медина “Үмөт Молдонун агартуучулук ишмердүүлүгү”, Арстанбек кызы Жанара “Теке баатыр –тарыхый инсан”.

   “Экономика жана бухгалтердик эсеп” секциясынын окутуучулары    секцияда  жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча, төмөнкү  ишкерлер менен тыгыз байланышта иш алып барат.

 Ишкананын аталышыЖетекчинин аты — жөнү.Жайгашкан орду.Байланыш  телефон
1ОАО Коммерциялык банк” Кыргызстан”  Качкымбаев Баатыр Алымкулович   Талас ш, к. Бердике Баатыр №297  03422- 6-00-42 0770771400  
2Талас райондук социалдык  фонддун башкармалыгы  Ызабеков Ислам Сагынбекович  Талас ш, к.Ч.Айтматова 332  03422-5-23-88    
3ТФ ОФО “Айыл –банк”  Токтогулов Нарынбек Назаркулович  Талас ш, к. Оторбаева 231  03422- 5-58-47  
4Талас шаардык салык кызматы.  Маткеев Айбек Айтмырзаевич  Талас ш ,к. Бердике Баатыр 265  03422-5-38-04  
5ТФ ОАО Кыргыз Телеком  Долдоев Самат Садыржанович  Талас ш ,к.  Бердике Баатыр 202  03422-5-55-24 03422-5-55-19  
6ТФ ОАО «Кыргыз почтасы»  Дуйшонбиев Нурсултан Ильясович  Талас ш, к. Сарыгулова №28  03422-5-40-00  
7ЗАО «Талас Сут»  Давлеталиев Мырзакан Толбашиевич  Талас ш ,к. Оторбваева №7  03422-5-37-94  
8ТФ KISB    банк  Касымбаев Ильяс Талипович  Талас  ш, к.  Бердике Баатыр 202  03422-5-55-24 03422-5-55-19  
9ТФ  ЗАО « Бай Тушум»   Тажиканов Тилек Акынбекович  Талас ш, к  Сарыгулова №22  03422-5-59-00  
10Архитектура жана шаар куруучулуктун Талас регионалдык башкармалыгы  Мураталиев Артык  Талас ш, к. Сарыгулова №12  0773519873  
11ТФ ОАО «Оптима банк»  Болоткан уулу Нусуп  Талас ш, к.Сарыгулова №59  0312-90-59-59  
12А. Токтогулов атындагы Талас Облустук китепканасыЖаркыналиева Телегей Сагыновна    Талас ш, к. Ч.Айтматова 353  03422-5-27-98  
13Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүДжусупбеков Айдарбек Жапарович  Талас ш. аллея Нуржанова   
14ТФ «Росин банк»  Алишеров Женишбек Жакыпович  Талас ш, к Бердике Баатыр №216  03422 5-28-97  
15Талас областынын медициналык маалымат борбору  Шабданбекова Алмаш Кумаровна  Талас ш, аллея Нуржанова  0323-45-45-43  
16ТФ ОАО РК «Аман банк»  Назаралиев А.Б.  Талас  ш,к. Оторбаева   
17ТФ ОАО «KISB банк»  Мамбетов Д.Ж  Талас ш,к. Сарыгулова №22  03422-5-59-00  

 “Экономика жана бухгалтердик эсеп” секциясынын экономикалык жана бухгалтердик эсеп  багыты боюнча окутуучулар жамааты.

Таширбаева  Аида  Айбашевна окутуучу — экономист
Барпыбеков Айтымбек Барпыбекович  Экономика илимдеринин   кандидаты
Изабаева Индира   Кенжебековна Экономист.
Акматов  Молдобек  Адылович окутуучу — экономист
Чыныбаева  Гульбарчын Элемановна   бухгалтер
Бекболиева  Чынара  Алмасбековна  окутуучу -экономист
Нурбаева  Айнура  Гапыровна бухгалтер

 “Экономика жана бухгалтердик эсеп” секциясынын  окутуучулары иш үстүндө.

КОБББнын окутуучулары эмгеги менен  Ардак грамотага ээ болгон учуру

Окутуучулардын билимдерин жогорулатуу семинарында

Секциянын окутуучусу Бекболиева Ч.А ачык сабак отуу учурунда

Секциянын окутуучусу Чыныбаева Г.Э. ачык сабак отуу учурунда

Секциянын окутуучусу Таширбаева А.А ачык сабак отуу учуру

Талас жергесинде өтүлгөн көчмөндөр оюнуна катышкан экономика жана бугалтердик эсептик адистиктеринин студенттери менен кураторлор Э.Акматова жана Ч.Бекболиева

2018-жылдын бүтүрүүчүлөрү

Окутуучулардын Талас району боюнча абитуриенттерге профориентация жасоо учуру.

Ч.Т.Айтматовдун 90жылдык мааракесине арналган иш чара

КЭБ-1-17 группасы куратору Э.Акматова менен

КЭБ-2-17 группасы куратору Ч.Бекболиева менен

Дүйнөлүк акча сактоо күнүнө карата Айыл банкка саякат.

КЭБ-1-17 жана КЭБ-1-18 группалары  “Мыкты күзгү композиция” номинациясынын жеңүүчүлөрү болуп аталды.

Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата  “Айтматовго таазим” аттуу иш-чарадан көрүнүш.

Прокрутить вверх