21-октябрь күнү ТалМУда Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына жана ТалМУнун 20 жылдык юбилейине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция жана секциялык отурумдар болуп, жыйынды ТалМУнун ректору Упенов А.Ш. жана келген коноктор куттуктоо сөзүн айтып баштап беришти. Мааракеге ар кайсы аймактан келген коноктор катышты. Иш чаранын аягында ТалМУнун студенттери тарабынан тартууланган маданий программа болду.