Аялзаты – коомдун куту аттуу кечеси белгиленди

ТалМУнун гуманитардык факультетинин чет тилдери жана орус тили кафедрасынын 1-2 – курсунун студенттери Аялдардын эл аралык майрамына арналган “Аялзаты – коомдун куту” аттуу маданий программасын тартуулады. Иш-чарага гуманитардык факультеттин деканы Ж.Абдиева, факультеттин окутуучулары жана студенттери катышты. Кеченин аягында “Аялзаты – коомдун куту” деген темада дилбаян конкурсунун жеңүүчүлөрүнө грамоталар тапшырылды.

Прокрутить вверх