Ак жол сага бүтүрүүчү!
Талас мамлекеттик университетинин жыйындар залында гуманитардык факультети, технология-экономикалык факультети жана кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрүнө арналган концерттик программа өзгөчө шаң менен коштолду.ТалМУнун окуу жана илимий иштер боюнча проректору М.С.Тургунбаев бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап иш-чараны ачып берди.Мындан сырткары аты аталган структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилери алгы сөздөрүн айтышып, андан кийин бүтүрүүчүлөрдөн каалоочулар чыгып куттуктоо сөзүн айтып, университеттин профессордук-окутуучулар курамына ыраазычылык билдиришти.
Ошондой эле окуудагы, тарбиядагы жетишкендиктери үчүн грамоталар менен сыйланышты.